Тажикстанда кайрадан ЖККУнун аскердик окуулары. Машыгуунун максаты, каражаттары

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТажикстандагы ЖККУнун аскердик окуулары. Архив
Тажикстандагы ЖККУнун аскердик окуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-өлкөлөр үчүн ушул тапта Борбор Азия стратегиялык багытындагы коопсуздук коркунучтарын ыкчам жана майнаптуу алдын алууну талап кылган оор аскердик-саясий кырдаал түзүлүүдө.
Тажикстандагы биргелешкен аскердик окуулар түштүк чек арадагы болжолдуу куралдуу жаңжалдарды мисал кылып алып, душмандын мизин кайтаруу ыкмаларын өздөштүрүшөт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул машыгуулардын пландарына токтолгон. ЖККУнун машыгуулар топтомунда "Өз ара аракеттешүү", "Издөө" жана "Эшелон" окуулары Тажикстанда 18–23-октябрда афган чек арасынан 20 чакырым аралыктагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда өтмөкчү.
Бул иш-чарага алты мамлекеттин, атап айтканда, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын 2700 аскер кызматкери жана 500 техника бирдиги, ошондой эле ЖККУнун чалгындоо күчтөрү жана каражаттары, Ыкчам чара көрүүчү жамааттык күчтөрү, материалдык-техникалык камсыздоо каражаттары тартылат.
Беларусь машыгууга 256 аскер кызматкерин жана беш техника бирдигин жөнөткөн. Россиялык контингенттен РФ Борбордук аскердик округунун Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасынын 400 адиси, Кыргызстандагы "Кант" авиабазасындагы Аба-космостук күчтөрүнүн чабуул коюучу жана армиялык авиациясы, Ту-22М3 бомбалоочу-ракета ташуучулары катышат.
Россиялык мотоаткычтар, артиллериялык, танк жана башка бөлүктөрү Душанбе жана Бохтар калктуу пунктуларынан Харб-Майдон жана Момирак полигондоруна чейин 400 чакырымдык марш жасашты. Тоо-чөл шартында ЖККУнун жамааттык күчтөрү биргелешкен операцияга камынууда. Афганистандан жихадчылар менен куралдуу кагылыш болушу мүмкүн делген согуштук аракеттердин театрын өздөштүрүшөт. Күчтөр топтолгон райондо башкаруу пунктулары уюштурулуп, ок позицияларын инженердик жабдуу жана техниканы жашыруу ыкмалары аткарылууда.

Кеңири фронттогу тар адистик

Алгачкылардан болуп милдеттерин чалгындоо бөлүгү аткарат. ЖККУнун "Издөө – 2021" чалгындоо күчтөрү жана каражаттарынын атайын окуусуна Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын 400дөн ашуун кызматкери катышууда. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү бөгөттөө жана жок кылууда биргелеше аракеттешүү, чалгындоо күчтөрүн жана каражаттарын тескөөнү өздөштүрүшөт.
Чалгындоочулар акыркы үлгүдөгү байкоо салуучу жогорку технологиялык каражаттарды: жер бетиндеги кыймылдуу буталарды (адамдар жана техникалар) чалгындоо, станоктук автоматтык куралды мээлөө үчүн портативдик "Фара-ВР" үзгүлтүксүз нурлануу радиолокациялык комплексин пайдаланышат.
Чакан көлөмдүү "Соболятник" радиолокациялык станциясы бир эле убакта онго чукул объектинин изине көз салып, алардын координаттарын он метрге чейинки аралыктан так аныктай алат. Так айтканда, техниканын колоннасындагы ар бир машинаны даана "көрөт". Касташкан тараптын изин тапкан соң "Орлан-10" учкучсуз аппараты милдетин ийгиликтүү аткарууга киришет. "Издөө-2021" окууларынын активдүү фазасы Харб-Майдон полигонунда өтмөкчү.
Генеральная репетиция динамического показа военной техники на полигоне Алабино - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
"Армия-2021": 97 өлкө жана Россиянын 7 млрд. долларлык келишимдери
Ыкчам чара көрүүчү жамааттык күчтөр, ЖККУнун атайын багыттагы бөлүктөрү "Өз ара аракеттешүү -2021" окууларында жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия чөлкөмүндөгү чектеш аймактардагы куралдуу жаңжалдарды токтотуу боюнча биргелешкен операцияларга камылга көрүү жана өткөрүүгө машыгышат.
Ал эми уюмдун жамааттык күчтөрүнүн материалдык-техникалык камсыздоо күч-каражаттары менен "Эшелон – 2021" Тажикстандын аймагында алгач ирет өтүүдө. Тыл кызматтарынын машыгуусуна Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык камсыздоо бөлүктөрүнүн 500 адиси катышат. Бул аскердик бөлүктөрдү камсыздоо, мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга багытталган.
Кандай гана аскердик операция болбосун, 90 пайыз логистикадан, күчтөрдү материалдык-техникалык (ок-дары, күйүүчү май, азык-түлүк) камсыздоодон турат. Тажикстандын базалардан ыраактагы райондорунда Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо алгоритмдери да өздөштүрүлөт. Мындай милдеттердин эң башкы сабында, албетте, ЖККУга мүчө-мамлекеттин аймагына басып кирген куралдуу террордук түзүмдөрдү жок кылуу турат. Эске салсак, уюмдун жоопкерчилик зонасында 2021-жылы төрт биргелешкен окуу уюштурулган. Тынчтык орнотуучу күчтөрдүн "Бузулгус бир туугандык – 2021" машыгуусу гана Россиянын аймагында, тагыраак, Казань шаарында өткөнү болбосо, калганы тегин жерден Тажикстан жана афган чек араларына жакын аймактарда уюштурулган жок. Афганистандагы ислам эмирлигин түзүү аракети жихадчыларды террордук ишмердигин активдештирүүгө шыктандырып, чөлкөмдөгү коопсуздукка терс таасир этет.

Кол салуу ыктымалдыгы

Талибдер бийликке келгенден кийин деле Афганистанда куралдуу кагылыш, терактылар токтоп калган жок. Кошуундар Панжшерде "Талибандын"* колонналарына партизандык чабуул коюуда. Ондогон талибдер өлкөнүн ири калааларында ИМ* согушкерлеринин курмандыктарына айланууда.
8-октябрда мечиттеги жардырууда Кундуз провинциясынын 100дөй жай тургуну набыт болуп, ондогон киши жаракат алды. Андан мурун, тагыраак, 3-октябрда Кабулдагы мечиттин жанындагы жардырууда 20 киши каза болгон. Улуттук чек араларды тааныгысы жок "Ислам мамлекетинин" "айтылуу "аракети ушул эмеспи. Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид 8-октябрда ИМ* – коркунуч эмес, "баш оору" деген. Бирок мындай мүнөздөмө объективдүү экени арсар.
Панжшер капчыгайындагы тажиктерге карата репрессиядан улам тажик-афган чек арасында чыңалуу да бышып жетилип калды. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон талибдердин өкмөтүн таанууга караманча каршы, анткени алардын бийлиги орногон 1996-2001-жылдар анын күнү бүгүнкүдөй эсинде. Афганистан калкынын 46 пайыздан ашуунун этникалык тажиктер түзөрүн белгилей кетели.
Душанбе жана Кабул бири-биринин дарегине кескин сындарды айтып, чек араларга күчтөрүн топтоодо. "Талибан"* лидерлери түндүктөгү Тахар провинциясына атайын багыттагы он миңдеген желдеттерин жөнөттү. Ошону менен бирге эле кыймылдын расмий өкүлү: "Бул тайманбас жоокерлер атайын жардыргыч кемерлерин тагып жүрүшөт. Алар дал ушул каражаттардын жардамы менен Афганистандагы америкалык базаларды жардырышкан. Алар коркуу деген эмне экенин билишпейт", - деген билдирүү жасады.
"Шахид кемерлерин" тагынган жаңы афган чек арачылары чек арадагы коопсуздукка бүлгүн салат, Тажикстан жана Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүндө "ыңгайсыздык" жаратат.
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Борбор Азияга таралуу коркунучу жок эмес... Талибдер убадасына турабы?
Афганистандын түндүктөгү бир нече районун тескеген "Жамаат Ансаруллах"* террордук тобунун жетекчиси 7-октябрда Тажикстанды басып кирүүгө даярдыгын жар салды. Он жыл мурун Душанбедеги мыйзамдуу өкмөттү кулатуу максатында түптөлгөн бул топ талибдерге Бадахшандагы жеңишти камсыздап берди. "Жамаат Ансаруллах"* – "Талибандын"* согуштук канаты.
РФ Тышкы иштер министрлигинин тажик-афган чек арасында кырдаал курчуп кете турган болсо чечкиндүү чара көрүлөрү жөнүндөгү кескин билдирүүсү талибдердин "саясий кеңсесине" түз багытталды. Алар кулак салабы?
Афганистандагы бийликке талибдердин кайтышы – Россия жана анын Борбор Азиядагы союздаштары үчүн олуттуу маселе. Москва 33 молдонун убактылуу өкмөтүнөн "Талибандын"* Афганистан аймагынан террордук жана баңгизат коркунучунун жайылышына жол бербөө, "Аль-Каида"* менен алакасын үзүү, этноконфессиялык жана саясий көз караштардагы бүтүндөй афган коомчулугунун кызыкчылыктарын чагылдырган өкмөт түзүү убадаларын аткарууну талап кылууда.
ЖККУнун Тажикстандагы биргелешкен машыгуулары Пянжа дайрасынын сол жээгиндеги ар кыл калибрдеги радикалдык уюмдардын жоокердик маанайларына тынч түзөтүү киргизе алчу салмактуу жүйөлөрдөн экени анык.
* – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук топтор
Аскердик баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0