Жакшы акча тапсаңыз деле карызга батып кеттиңизби? Абалдан чыгуунун жолу

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEКиши АКШ долларын санап жатат. Архив
Киши АКШ долларын санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Жашоодо парадокс деген толтура... Маселен, бул турмушта кыйла жогору киреше таап деле акчадан дайым кыйналган кишилер бар.
Бардар же бай адам кимдер? Бул суроону жакында эле досторума, тааныштарыма узатып көрдүм. Берилген жооптор көбүнесе окшош чыкты. Алар бай киши айына /аптасына /саатына миң / миллион /миллиард доллар табат дешет. Бирок андай эмес. Кирешенин көптүгү деле адамдын бай экенин айгинелей бербейт.

Мисал

Эки кишинин жагдайын салыштырып көрөлү. Биринин айлыгы — 100 миң сом, экинчиси 40 миң сом табат. Биринчиси жакшы жашайт деген ой келер дароо, бирок дайым эле андай боло бербейт. Аз таап, алына жараша жашагандар, маянасы көп туруп деле дайым карыздап жашагандар бар. Кимдин тиричилиги дурус: 40 миң сом айлык алган кишиби же жүз миң сомдук маянасы менен айына 150 миң сом сарптаганбы?
Сегиз жыл илгери менден эки эсе аз тапкан жолдош балам мага улам карыз берип турар эле. Ал кезде мен "үч күн хан сымал жашап, калган учурда ошол маалды сагынып жашачумун".
Киши капчыгынан акча алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш
Эмне үчүн бул кооптуу?
Зарыл бир иш үчүн эмес, арзыбаган чыгымдарга карыз алуу — туура эмес көрүнүш. Андай жагдай тапканыңыздын эсебин албай, азгырыктарга алдырмай адатыңыздан кабар берет.
Чоң айлык алып, бирок жетпегенин айтып наалынган адамда да көйгөй бар. Кокус жумуштан чыгып калса, андай кишиге маянасы мурдагысындай жаңы иш табуу кыйынга турат.
Алгач кирешенин азайышына көнүп кетүү татаал, андайда адам карыз же насыя алууга киришкени — тобокелдүү иш. Насыя кыйла кооптуу, анткени үстөк пайыздарын төлөө зарылдыгы карыз чуңкуруна түртүшү мүмкүн.

"Тобокел тобунда" эмессизби?

Кымбат баалуу акылдуу телефонуңуздун жана элиталык үйүңүздүн бар-жогу каржылык абалыңызды аныктабайт. Булардын баары насыяга алынып, аны жабуу кирешеңиздин көп бөлүгүн алып коюшу ыктымал. Мындайда маанилүү үч суроону өзүңүзгө бериңиз:
  1. Капыстан жумуштан кетип калсам, канча мезгилге дейре көнгөн чыгымдарымды сарптай алам?
  2. Топтогон тыйыным канча?
  3. Акчамдын көбү кайда жумшаларын так билемби?
Эгер топтогон каражатыңыз жок же азыраак болсо, эмнеге акча сарптаганыңызды боолголоп, бирок так билбесеңиз — бул олуттуу коңгуроо.

Мындай жүрүм-турумдун себептери

Психолог эмесмин, бирок окуп чыккан китептериме, өзүмдүн, башкалардын тажрыйбасына таянсам, мындай абалдын бир нече себеби бар. Анан калса, алар бири-бирине байланышкан:
  • "эл (душман) көзүнө жашоону акчадан өйдө коюу" принциби;
  • каржылык чала сабаттуулук;
  • стратегиялык ой жүгүртө албоо же андайды каалабагандык.

Мындан арылуу мүмкүнбү?

Албетте, андай адаттан арылууга болбой койбойт, бирок өзүңүздү өзүңүз тартипке салып, каалоолорду тизгиндей билиш керек. Айлыкка чейин таптакыр акчаңыз калбаса да карыз алуудан таптакыр баш тартуу шарт. Башкача айтканда, карыздык чуңкурдан чыгуу абзел. Бул сизди курчутат, бир аз болсо да акча сактап коюуга жардамчы болот.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш
Жеке бухгалтерияңызды, киреше жана чыгымдардын эсебин жүргүзүүнү өздөштүрүп алганыңыз оң. Натыйжада акчаңыздын бир бөлүгү, кээде үчтөн бири зарылдыгы жок чыгымдарга жумшалат. Буларды кыскартсаңыз, чыгымдарыңызды жөнгө сала аласыз.
Акча сактоону маяна алгандан апта өткөрүп же айдын аягына калтырбастан, колго тиери менен бөлүп коюуну адатка айлантыңыз. Топтогон тыйыныңыз эртеңки күндүн камылгасын көрүүгө, капыстан тооруган оору, жумуштан чыгып калуу же күтүүсүз чыгымдарга туруштук берүүгө көмөкчү болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0