"Бузулгус боордоштук – 2021". ЖККУнун алты өлкөсү аскердик машыгуу өткөрүүдө

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКыргызстан армиясынын аскер кызматчылары "Бузулгус боордоштук – 2021" машыгууларында
Кыргызстан армиясынын аскер кызматчылары Бузулгус боордоштук – 2021 машыгууларында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
ЖККУга мүчө алты мамлекеттин аскердик контингенттери Татарстанда "афган багытында" тынчтык орнотуу операциясын жүргүзүүгө машыгууда. Бирок зарыл учурда окууларга тартылган күч жана каражаттарды Уюмдун жоопкерчилик аймагындагы бардык согуштук театрларга чагылышы ыктымал.
Казань танк боюнча командалык жогорку окуу жайынын полигонунда 8-12-ноябрда ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулгус боордоштук – 2021" окуусу өтүүдө. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ошол иш-чаранын жүрүшүнө баам салган.
Аскердик окууларга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскердик бөлүктөрү, баш-аягы 1800 киши, аскердик техниканын 300 бирдиги, анын ичинде фронттук Су-34 бомбалоочулары, сокку уруучу жана десанттык-транспорттук Ми-24, Ми-8 МТВ5 тик учактары, атайын багыттагы бөлүктөрдүн, байланыш, радиоэлектрондук күрөштүн, ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун күчтөрү жана каражаттары тартылган.
РФ Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапиндин жалпы жетекчилигинин алдындагы Көп улуттуу күчтөр Афганистандагы туруксуз кырдаалды эске алып, Сирия жана Тоолуу Карабахта топтолгон россиялык тажрыйбаны пайдалануу менен тынчтык орнотуучу биргелешкен операциясын өздөштүрүүдө.
Алты мамлекеттин контингенттериндеги жай калкты коргоо жана чогуу аскердик аракеттерди уюштуруу үчүн ыкчам түрдө бирдиктүү башкаруу тутуму менен аралаш, бирок күчтүү топ түзүлүүдө.
"Бузулгус боордоштук – 2021" окуулары Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн операцияларынын жүрүшүндө командачылык жана ага баш ийген күчтөрдүн жөндөмдөрүн арттырууну көздөйт.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Путин менен Жонсон Афганистандагы абалды талкуулады: НАТОнун уяты ойгондубу?
ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү блокпосттордо, качкындар лагеринде, гуманитардык жүк ташыган колонналарды коштоо, согушкерлер ээлеген имаратка чабуул коюу, барымтадагыларды куткаруу боюнча ырааттуу машыгуулардан өтүүдө.
Аскердик окуулардын активдүү фазасы 11–12-ноябрда өтүп, террорчулар басып алган калктуу пунктту курчоонун, шарттуу душманды жок кылуунун тактикалык эпизоду менен жыйынтыкталмакчы.
Казандагы полигондо ЖККУнун күчтөрү жамааттык коопсуздук аймагында – Борбор Азия, Кавказ жана Чыгыш Европанын бардык аймактарындагы коркунучтарга ыкчам чара көрүүнүн универсалдык алгоритмдерин өздөштүрүүдө. Бул иш-чараны утурлай РФ Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин Афганистандан террордук кооптуулуктардын күч алганын кабарлап, аскерлерге: "Бизден кай убак болбосун өлкөлөрүбүздөгү коопсуздукту камсыздап, тынчтыкты сактап калууга толук даярдык талап кылынат" - деп кайрылган эле.

Машыгуунун өзгөчөлүктөрү

Окууларда көбүнесе тик учак жана десантка басым жасалат. Ми-24түн колдоосунда көп буталуу Ми-8дин экипажы жерге түшүрүүчү түзүлүштөр жана атайын аркан аркылуу парашютсуз, атап айтканда чынжырлуу жана дөңгөлөктүү техника жете албаган аймактарга тактикалык десантты камсыз кылышат. Булардан сырткары, учкучтар маршта гуманитардык колоннаны калкалоону да өздөштүрүшөт. Мындай тажрыйба чек араларындагы абал курчуп бараткан Тажикстан, Түштүк Кавказ жана Беларустун аскердик күчтөрүнө кереги тийиши мүмкүн.
Көзөмөл аймагындагы ички тартипти жөнгө салууга, калк жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоого, коркунуч жана маңзат трафигин жок ыкчамдык менен жок кылууга, террорчулар жана экстремисттердин таасиринин жайылышына жол бербөөгө көп көңүл бурулат.
ЖККУнун коопсуздугун камсыздоонун көп профилдүү механизмдин майнаптуулугу бардык өлкөлөр тарабынан РФ Борбордук аскердик округдун жалпы командачылыгы менен текшерилет. Бул иш дагы уланат, тышкы агрессиянын мизин кайтарууга Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн даярдыгы күчөтүлөт.
Россиялык контингенттин өзөгүн Борбордук аскердик округунун Самара облусундагы өзүнчө тынчтык орнотуучу бирикмесинин аскерлери түзөт. Россиялык адистер биринчи жолу Карабах тажрыйбасынын негизинде тынчтык орнотуучу күчтөрдүн блокпостторунун ишин уюштуруу ыкмаларын, ошондой эле "Стрелец СВ" командалык пункттарын кайтаруунун жаңы техникалык каражаттарын, "Гарпун-3" учкучсуз аппараттарына каршы туруу комплексин ЖККУга мүчө өлкөлөрүндөгү кесиптештерине көрсөтүп бермекчи. Жогорку технологиялык "Стрелец СВ" объектини күнү-түнү ынанымдуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
В Польше размещен батальон НАТО - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
НАТОнун Steadfast Noon 2021 машыгуусунун сырлары. Максаты эмне?
Радиоэлектрондук күрөштүн ыкчам тобу кол менен тескелүүчү антидрондор менен душмандын учкучсуздарын жок кыла алат. Булардан тышкары радиоэлектрондук күрөштүн бөлүктөрү учкучсуздарга каршы коргонуу "Силок-02" комплекси жана "Свет-КУ" техникалык чалгындоо постун чогуу пайдаланышат.
Ыкчам, стратегиялык жана тактикалык деңгээлдеги радиоэлектрондук күрөштүн каражаттары абадан коргонуу, радиоэлектрондук жана чалгындоо, объектилерди аэрозолдук коргоо каражаттары менен бирдиктүү тутумга топтоштурулган.
2021-жылы РФ Борбордук аскердик округдун күчтөрү жаңы жана заманга бап аскердик техниканын 1000 бирдигин, анын ичинде МиГ-31БМ истребителин, Су-34 бомбалоочуларын, С-300ПМ2 зениттик ракеталык комплекстерин, БМП-2М пехота, заманбапташтырылган Т-72Б3М танк жана аларга колдоо көрсөтүүчү "Терминатор" машиналарын, танкка каршы "Штурм-С" комплекстерине жана башка көптөгөн аскердик техникага ээ болгонун белгилей кетели.
Борбордук аскердик округ бир жыл аралыгында ар кыл масштабдагы 200дөн ашуун, анын ичинде ЖККУ жана ШКУнун алкагында 9 ирет машыгуу өткөрдү. Аларда бирикме жана бөлүктөрдүн шаблонго салынбаган варианттары каралды. Борбордук аскердик округдун атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кезектеги "Кобальт – 2021" окуулары ушул айдын экинчи жарымында Тажикстандын Ляур полигонунда өтмөкчү. Эске салсак, аталган мамлекетте россиялык 201-аскердик база иштейт. Мотоаткычтар, танк, артиллериялык, чалгындоо бөлүктөрү, абадан коргонуу күчтөрүн камтыган, ошондой эле РФ Борбордук аскердик округунун курамындагы бул база – Россиянын чет жердеги эң ири аскердик объектиси. Округдун аскердик жана логистикалык дарамети ЖККУнун Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн Борбор Азия багытындагы болжолдуу операцияларынын бекемдигин жана стратегиялык тереңдигин камсыздайт.

Күч жана стратегия

ЖККУ жоопкерчилик зонасындагы аскердик-саясий кырдаал татаал бойдон калууда. Европада АКШнын аскердик контингентинин, көзү түз эмес бир катар коңшулаш өлкөлөрдүн коалициялык жана улуттук аскердик потенциалынын көбөйүшү байкалат.
Беларусь жана Россия үчүн Европадагы америкалык топтордук сокку уруу-чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүнүн артышы олуттуу коркунуч болууда. Анын негизин тилекке каршы, эл аралык укук эмес, күчтүн укугу түптөөдө.
Тажикстанга эң оболу "Ислам мамлекетинин"* афган канаты "Вилаят Хорасан"* кооптуу. Маалыматтарга таянсак, курамында негизинен Афганистандын түндүк провинцияларында активдүү болгон 4000 согушкер бар.
Террорчулар өздөрүнө ыңгайлуу плацдармдарды түзүү ниетинде Тажикстандын чек арага жакын райондорун көзөмөлдү күчөтүүгө умтулууда. ИМ* лидерлери Борбор Азия, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна жана Россиянын айрым аймактарына басып кирүү пландарын жашырбайт.
Россиялык Су-25 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык
ЖККУга мүчө өлкөлөр Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ багытындагы чакырыктарга бир убакта чара көрүүгө аргасыз. Жамааттык коопсуздук тутуму ар кандай коркунучтарга биргеликте машыгып, каршы туруу тактика структураларын өрчүтүү менен салкын кандуу жана ыкчам жооп кайтарууда. ЖККУнун аскердик тарабы өз жоопкерчилик зонасындагы аскердик-саясий жагдайды эске алуу менен өнүгүүдө.
Уюмдун эки бутагы – Тез жайгаштыруунун жамааттык күчтөрү жана Ыкчам чара көрүүнүн жамааттык күчтөрүндө 25 миң аскер бар. Алар уюм алкагындагы район жана өлкөлөргө коркунуч туудурган террордук уюмдарды жок кылуу жаатында иш алып барышат. Булар – штаты толук, заманбап жана эриш-аркак иштей турган куралдар, аскердик техника менен жабдылган, ар дайым даярдыкта турган күчтөр жана мобилдик бирикмелер.
ЖККУга мүчө мамлекеттер башчыларынын чечими менен Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн аймагындагы жалпы жетекчилиги 2015-жылдан тарта Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн тийиштүү аскердик округдарынын Бириккен стратегиялык командачылыктарына тапшырылган.
ЖККУнун 2025-жылга чейинки стратегиясы жамааттык коопсуздук тутумун, регионалдык туруктуулуктун бекемделишин аныктап, уюмдун ишмердигин "мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, катышуунун ыктыярдыгы, укук жана милдеттердин теңдиги, территориялык бүтүндүгү жана суверендүүлүгүн сыйлоо" менен жөнгө салат.
* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0