Аскердик машыгуулар. Архив

"Кобальт", Hamkorlik жана башкалар. Борбор Азияда аскердик машыгуулар уланууда

128
(жаңыланган 18:02 17.11.2021)
Афганистан дүйнөлүк басма сөздө башкы тема болбой калды, анткен менен аймакта террордук коркунуч, баңгизат трафиги дале бар. Борбор Азия өлкөлөрү Түштүк стратегиялык багытта аскердик окууларын улантууда.

Афган чек арасына жакын, тагыраагы, Тажикстандын Фахрабад полигонунда ЖККУнун атайын багыттагы отрядынын "Кобальт", ал эми Өзбекстандын Термез полигонунда казак-өзбек Hamkorlik-2021 машыгуулары бүгүн, 17-ноябрда, старт алды. Бул тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленконун макаласында.

Аталган эки иш-чара интеграцияланган эмес, бирок бир максатты көздөйт. Күчтөр Афганистандан күтүлгөн эл аралык террордук топтордун куралдуу экспансиясына каршы туруу операцияларына машыгат. РФтин Борбордук аскердик округунун атайын багыттагы бөлүгү ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен "Кобальт-2021" окуусуна катышуу үчүн кечээ, 16-ноябрда, Фахрабад полигонуна келди. Мында Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын адистери согушкерлерди жок кылуу боюнча үч күндүк машыгуу өткөрүшөт.

Маршта эле аскердик бөлүктөр шарттуу душмандын диверсиялык-чалгындоо топторун жана абадан соккуларынын мизин кайтарды. Аталган аскердик иш-чарада Россиядан 60 жоокер катышып, аскердик техникадан 10 бирдик, анын ичинде көп буталуу эки Ми-8МТВ5-1 тик учагы тартылган.

Казак-өзбек биргелешкен Hamkorlik-2021 окуусу Өзбекстандын түштүгүндө бир аптага созулуп, 24-ноябрда аяктайт. Бул террорго каршы операцияда эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракет этүү деңгээлин, оперативдик шайкештикти жогорулатуу.

Казакстандан 100дөн ашуун жоокер, көп функциялык Су-30СМ истребителдери, С-295 аскердик-транспорттук учактары, тактикалык учкучсуз аппараттар тартылган.

Машыгууда күчтөр издөө-чалгындоо операцияларын, душмандын алдыңкы отряддарын жок кылуу, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн мизин кайтаруу жана жок кылууга машыгышат.

Казакстан Афганистан менен чектешпейт, бирок Борбор Азия аймагында кокус жаңжал тутанса, четте карап турбайт. Афганистандагы оор кырдаалга байланыштуу Казакстан парламенти Кыргызстан жана Тажикстанга кайтарымсыз аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү чараларын колдогон.

Мындан тышкары, Казакстан жана Россиянын коргоо министрлери 9-ноябрда 2022 – 2024-жылдарга карата стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы программасын бекитишкен. Бул эки өлкөнүн аскердик-техникалык кызматташтыгын күчөтөт.

Коопсуздук тутуму

Афганистандан АКШ жана НАТО күчтөрү чыгарылгандан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук тутумуна түзөтүүлөр киргизилүүдө. Биргелешкен аскердик окуулар дээрлик сентябрдан бери тынымсыз өткөрүлүп келет. Маселен, ЖККУнун 18–23-октябрда Тажикстандын Харб-Майдон жана Момирак полигондорундагы "Өз ара аракет этүү", "Издөө" жана "Эшелон окууларына алты мамлекеттен, атап айтканда, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан жалпы 2 700 жоокер жана 500 техника бирдиги тартылган.

ЖККУнун алты өлкөсүнүн күчтөрү ноябрдын башында Татарстанда "Бузулгус боордоштук – 2021" машыгууларынын форматында тынчтык орнотуу операцияларын өздөштүрүштү.

Тажикстандын жана блоктон тышкаркы Өзбекстандын аймагындагы "Кобальт-2021" жана Hamkorlik-2021 окууларынын жаңы сериясы чөлкөмдөгү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн аскердик интеграциясынын өсүшүн, коопсуздуктун жалпы тутумунун чыңдала турганын айгинелейт.

РФ өкмөтү 15-ноябрда аба мейкиндигинде мамлекеттик чек араларды бекемдей турган абадан коргонуунун бирдиктүү тутумун түптөө жөнүндө Россия менен Тажикстандын ортосундагы келишимди жактырды. Бул – 26 жылдан бери КМШнын Абадан коргонуунун бириккен тутумуна кошумча. РФ менен Тажикстандын жалпы чек арасы жок, ошондуктан аталган өлкө аймагында жамааттык коопсуздуктун атайын району түзүлдү.

Абадан коргонуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттерин Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн башкы командачысы тескөөдө. РФтин Тажикстандагы 201-аскердик базасынын мотоаткычтар жана танк бөлүктөрү быйыл 250 ирет ок атууга машыкты. Россиянын Борбордук аскердик округунун артиллеристтери бир жыл аралыгында аскердик даярдык интенсивдүүлүгүн 20 пайызга жогорулатып, полигондордо 10 миңден ашуун ок-дарыны чыгымдаган.

Россия 2021-жылы Казакстан менен Өзбекстанга Су-30СМ истребителдерин, Ми-35М тик учактарын, Бук-М2Э зениттик-ракеталык комплекстерин, БТР-82А зооттолгон транспортерлорун, "Орлан-10Е" көп функциялык учкучсуз комплекстерин, жеңил зооттолгон "Тайфун-К" автомобилдерин жана бир катар ок атуучу куралдарды берген. Бул – чөлкөмдүн коопсуздук тутумуна Москванын салмактуу салымы.

Афган хроникасы

Афганистандан АКШ жана НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин деле өлкөдө террордук коркунучтардын даражасы азая элек. Бийликти басып алган талибдер атаандашкан топтордун бутасына айланып калды. "Жихаддын" ага чектешкен өлкөлөргө чагылуу ыктымалдыгы жогору.

Кабулда 15-ноябрда Котэ-Санги районунда жарылуу болду, бул эки суткада экинчи ирет кайталанып, бир нече адам набыт болуп, бир тобу жаракат алды. Бул чабуул үчүн бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти алды. Андан мурун да жихадчылар чыгыштагы Нангархар провинциясындагы мечиттеги жардырууну уюштурган. Белгилей кетсек, Афганистанда бийликке талибдер келгенден бери 150 маалымат каражаты ишин токтотту, балким ошол себептенби, терактылардын баары эле коомчулукка ачык жарыяланган жок.

Панжшерде Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун жоокерлери менен талибдердин кагылышы дале уланууда. Кенже Ахмад Масуд аталган капчыгайдын 60 пайызын көзөмөлдөп, өлкөнүн түндүгүндө таасирин кеңейтүүдө. Айтылган маалыматтарга таянсак, өз кеңсесин Вашингтондо ачууда.

Россия, АКШ, Кытай жана Пакистандын ар кандай сүйлөшүү аянттарында талибдерди бардык эл аралык террордук топтордон кол үзүүгө чакырып жатышат. Бул маселе татаал, себеби Афганистанда алар жыйырманын терегегинде. Жакында талибдер тарабынан түптөлгөн аскердик трибунал республиканын коргоо, ички иштер министрлигинин, чалгындоо мекемесинин мурдагы кызматкерлерин жазалоого белсенди.

Кабулда инклюзивдик өкмөт жана афган айымдарынын тең укуктары тууралуу жар салынганы менен дээрлик ишке ашыруу мүмкүн эмес. Өлкөдө жаңы өкмөттүн вице-премьери Якуб молдо менен "радикалдардын" лидери, ИИМ башчысы Сиражуддин Хакканинин ортосунда олуттуу тиреш байкалат. Анын кесепеттерин боолголоо кыйын, бирок лидерлик үчүн аскердик-революциялык күрөш эмне менен аяктаары тарыхтан белгилүү.

Талибдер Кабулду багындырган алгачкы апталарда эле Барадар менен Хакканинин тарапташтарынын куралдуу кагылыштары болгон. Мындай жагдайда экономикалык долбоорлор жана Афганистандагы туруктуулукка кызыкдар коңшу өлкөлөрдүн гуманитардык жардамы абалды өзгөртө албайт.

128
Белгилер:
Афганистан, Борбордук Азия, машыгуу, 'Талибан' кыймылы, гуманитардык жардам, тарых
Тема боюнча
Тажикстанда кайрадан ЖККУнун аскердик окуулары. Машыгуунун максаты, каражаттары
НАТОнун Steadfast Noon 2021 машыгуусунун сырлары. Максаты эмне?
Dubai Airshow 2021 көргөзмөсүндөгү Россиянын Су-30СМ учактары

Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы