Беларусь менен Польшанын чек арасындагы мигаранттар

Мигранттарга суу чачылып... Лукашенко дүйнөгө Польшанын жүзүн көрсөттүбү?

255
(жаңыланган 18:03 18.11.2021)
"Таштай муздак суу чачууга болбойт", — деп билдирген чечкиндүү түрдө Адам укуктары боюнча Европа кеңешинин комиссары Нил Муйжниекс. Чынында бул сөздөр 2014-жылы ал Киевдеги Майданга барганында, ошондогу украин бийлигинин "ашкере күч колдонгонун" сындаганында жаңырган.

Ушул тапта да биз Европа кеңешинен дал ушундай чечкиндүү реакция күтүп турабыз. Муйжниекс азыр Amnesty International белгилүү укук коргоо уюмунун Европадагы кеңсесин жетектейт. Эске салсак, аталган уюм да күч органдары тарабынан суу атуучу куралдардын колдонулушун кескин сындап келет. Мисалы, Гонконгдо мыйзамсыз демонстрацияларды таратуу маалында (күн жылууда) кытай күч органдары да пайдаланган. Ошондо Amnesty уюму бул курал адамдардын саламаттыгына кооптуулугун айткан. Владимир Корниловдун ушундай салыштыруулар менен Европадагы азыркы абалды талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Шейшембиде Польша менен Беларустун чек арасында аяздуу күндө польшалык күч органдары арасында балдар да бар мигранттарга бир нече ирет суу атуучу куралдарды колдонду. Бирок Европа кеңеши да, Amnesty International да ошол убактагыдай сынга алууга азырынча ашыккан жок.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюму муну "тастыктай турган" фактынын жоктугун билдирди. Ошол эле учурда поляктардын мындай куралдар тургай, катуу добуш чыгаруучу гранаталарды да пайдаланганы боюнча кадрлар ошол күнү дүйнөнүн бардык белдүү телеканалдарынан көрсөтүлгөнүн белгилей кетели.

Анткен менен калыс чагылдырылганын айтуудан алыспыз. Мисалы, убагында өзү да польшалык суу атуучу куралдарга жана кайсы бир уулуу заттар кошулган химиялык чабуулга кабылган CNN Мэтью Ченс да Жакынкы Чыгыштан келген мигранттар күч органдарына таш гана эмес, бомбаларды да ыргытканын баяндады. Бирок Ченстен бөлөк эч бир жан мигранттардын бомбаларын көргөн эмес.

Айталы, ВВСнин Москвадагы кабарчысы Стив Розенберг мигранттар тараптан граната да, бомба да, дүрмөттөрдү да байкаган эмес. Ошентсе да ал поляктардын айласыз абалдагы качкындарга карата атайын каражаттарды орунсуз пайдаланганын маалымдап жатып бул аракеттерге Минскини айыптады.

Таштай муздак суу чачылып жатканда Розенберг көрүүчүлөргө: "Бул – Александр Лукашенконун дүйнөгө көргөзгүсү келгени. Беларусь Европаны кайдыгер, ырайымсыз, ал түгүл адамгерчиликсиз көрсөтүүгө тырышууда", – деп түшүндүрдү. Чэнс, Розенберг жана алардын кесиптештеринен "Беларустун суу атуучу куралдарын польшалыктар өздөрүнүкүнө айлантып боеп алышканбы?" деп сурагың келет.

Еврорадио (Варшавада жайгашып, Америка тарабынан каржыланган беларустук оппозициялык маалымат каражаты) аяздуу күндө мигранттарга таштай муздак суу чачуу боюнча сурамжылоо жүргүзүп, угуучулардын басымдуу бөлүгү бул аракеттерди туура деп тапканы кызык.

Калыстык үчүн белгилей кетели, Польшада анчалык деле ири масштабдагы каатчылык болбогон шартта күч органдарынын мындай аракеттерге барганын сынга алгандар чыгууда. Мисалга, чек арачылар тикендүү зымдан нары чырылдап ыйлаган балдары менен энелерди түртүп жаткан кадрлардан улам польшалык актриса жана ырчы Барбара Курдей-Шатан ызасын жашырбай, сөздөрүн да ылгабастан нааразычылыгын жазып чыккан. Бул кадамынан улам Польшадагы эң белгилүү актрисалардын бири желеде катуу кысымга кабылды. Ал түгүл прокуратура жана Антиполонизм мониторинг борбору (өлкөдө ушундай структуралар бар) анын артынан түштү.

Юстиция министри Збигнев Зебро бул жаңжал боюнча үн катып, өлкөнүн Кылмыш кодексине түзөтүүлөрдү даярдап жатканын жар салды. Мыйзамга толуктоолор саткынчылык жана польшалык мамлекетке карата бөлүп-жаруучу мүнөздөгү же өлкөнүн аброюна каршы аракеттер үчүн жазаны катаалдатууну көздөйт. Кыязы, министрдин оюнда актрисанын күч органдарынын варвардык аракеттерине нааразычылыгы өлкөнүн беделине ошол аракеттердин өзүнөн да көбүрөөк шек келтирет. Кантсе да коркутуулардын айынан актриса чек арачылар жөнүндөгү катуу сөздөрү үчүн кечирим суроого мажбур болду.

Курдей-Шатан: "Эки баланын энесимин. Ушундай азап чеккендерге, айрыкча балдардын мындайга кабылганына кайдыгер карай албайм. Мындай дүйнөнү кабылдабайм жана эч качан кабыл албайм. Мындай видеону көргөндөгү сезимдерим өзгөрүүсүз калат... Бирок аларды билдирүүдөгү сөздөрүм жана сөгүнгөнүм үчүн кечирим сурайм" – деп жазган ал өз баракчасында. Бирок актрисанын бул кадамы деле ага кысым көрсөтүүлөрдү токтото алары арсар. Бул окуя Польшада мигранттарга карата адамгерчиликсиз мамилени сынга алуу да оор экенин айгинелейт.

Айтмакчы, мындай кепти, ал тургай "качкындар" деген сөздү да Польша бийлиги, маалымат каражаттары колдонуудан качууда. Чек арадагы абалды сүрөттөөдө алар баары бир ооздон "бөтөн жерликтер" деген сөздү пайдаланышууда. Сыягы, ушинтип атоо менен өз жарандарынын алдында азыркы адамгерчиликтен тыш кадамдарын актоо оңой көрүнөт. Польшалык маалымат каражаттарында чек арадагы көйгөйдүн анык себептерин талдаган макалалардын жоктугу дал ушул себептендир.

Бул туурасында немец саясатчылары ачык үн ката алышат. Бранденбург жеринин ички иштер министри Микаэль Штюбген: "Бул гибриддик согуш. Бирок качкындар да — адамдар. Биз өзүбүздүн гуманитардык милдеттерибизди аткарууга тийишпиз", – деп билдирди.

Батыш маалымат айдыңы азыркы абалга Беларусту, анан да албетте, Россияны айыптоодо. Арасынан чандасы гана көз алдыбыздагы бул апааттын чыныгы себеби эмнеде экенин аныктоого аракет кылууда. Чындап эле миңдеген адамдар көнгөн жерин таштап, таптакыр чоочун өлкөгө качуусуна ким айыптуу?

Ошондой сейрек кездешкен учурлардын арасынан голландиялык NRC газетасындагы Ирактын Күртстанынан даярдалган репортажды белгилөөгө болот. Бул жактан да азыр Минскиге учууну көздөгөндөр көп. Европада, Польшада азыр качкындарды үйлөрүнө кайтууга үндөгөндөр ошол макала менен таанышып койгону оңдур. Балким, ошондо алар чек араны сагалагандардын кайтар жери жок экенин түшүнөт чыгар.

NRC кабарчысы аталган аймактагы өзүнө, аялына, апасына жана үч баласына билет алуу үчүн үстүндөгү үйүн сатып, ошондо да буга акча жеткире албай жаткан 37 жаштагы жигит менен баарлашкан. Ушундай кейиштүү кадамга аны Лукашенко да, Путин да эмес, америкалыктар "куткарган" Ирактагы жана алар тарабынан бул иште пайдаланылып, акыры алар тарабынан сатылган күрттөрдүн аргасыздыгы түртүп отурат.

Владимир Путин бул каатчылыкка жоопкерчилик тууралуу жакындагы эле маегинде тегин жерден мунун себептерин атабагандыр. "Буга Батыш, Европа өлкөлөрүнүн өздөрү жараткан себептер түрткү болууда. Алар саясий да, аскердик да, экономикалык да мүнөздө. Аскердик дегеним, баары Ирактагы операцияларга катышты, Афганистанда жыйырма жыл согушту. Азыр Ирактан качкандар да ошол жерде турат, афгандыктардын да саны барган сайын артууда", – деп айткан Путин.

Афганистандагы кырдаалдын курчушу менен (анын алдында быйыл кышта жапырт ачарчылык коркунучу да коңгуроо кагып турат) качкындардын агымы эбегейсиз санда болушу толук ыктымал. Поляктар афгандыктар аларга Борбор Азиядан келип жатканын айтып актанышууда. Ошондо аларды ооздуктоого Европанын суу атуучу куралдары жетеби? Же акыры арасынан акылга сыярлык ой жүгүртө алгандар, дал Батыш ушундай кыйраган абалга кептеген өлкөлөргө жеринде көмөктөшүү оң экенине көзү жеткендер чыгабы?

Кандай болгон күндө да Россия Европаны ансыз да аргасыз абалдагы адамдарга карата ырайымсыздыктан баш тартууга үндөөдө. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров поляктардын бул жүрүм-туруму таптакыр кабыл алынгыс экенин белгилөө менен: "Алар эл аралык гуманитардык укуктун жана башка дүйнөлүк коомчулуктун бардык келишимдеринин жоболорун бузуп жатышканын аңдабай турушат. Бул маселеде Польша чектен чыгууда. Брюсселдеги жетекчилик ачык түрдө кош стандарттарды колдонуу менен өзүн оңтойсуз абалда калтырууда", – деп билдирди.

Дал ошондуктан европалык комиссарларга, ошондой эле жайнаган укук коргоочуларга аяздуу күндө суу менен атуучу куралдарды пайдалануу да натуура экенин эске салып, качандыр бир убакта Януковичтин "тоталитардык" суу аткычтары менен Варшавадагы "демократиялык" суу замбиректеринин айырмасы жок экенин эске салып туруу зарыл өңдөнөт.

255
Белгилер:
Беларусь, Польша, мигранттар, Владимир Путин, Европа, каатчылык
Тема боюнча
"Мигранттардын чабуулунун" анык себеби
Ок атып жаткан Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив

Ок атышты. Талибдер чек ара чийини кайсы жерде экенин билишчү эмес беле?

361
(жаңыланган 21:17 05.12.2021)
Афган-иран чек арасындагы артиллериялык канонада тынчыды, бирок аскердик-саясий так калтырбай койбоду. Талибдердин болжоп болгус аракеттери жана Афганистандагы кооптуу кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунучу дале жогору бойдон.

Ай жаңырары менен афган-иран чек арасында айыгышкан салгылаш болду. Иран армиясы жана талибдердин ортосундагы жаңжалда ок атуучу куралдар гана тургай, зооттолгон техника жана артиллерия да пайдаланылды. Көрсө, талибдер мамлекеттик чек ара сызыгы кайдан өтөрүн билбей, чектешкен өлкөнүн жай жарандарына ок чыгарышкан.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул окуя жана дегеле аталган мамлекеттеги соңку кырдаалга токтолгон.

Ирандын Систан жана Белужистан провинцияларында, тагыраагы, чек ара сызыгынан жүздөгөн метр аралыкта аткезчилер менен күрөшүү үчүн чеп тургузулган. 1-декабрда ирандык дыйкандар өз аймагындагы ошол чепке кокустан келип, талибдердин огуна кабылды. Афган тарап өзүнүн Нимроз провинциясынын чегин бузду деген жүйөнү келтирет.

Иран чек ара күзөтү 122 ммлик калибрдеги Д-30 да камтылган ок атуу менен жооп кайтарды. Талибдер НАТОдон олжого алган зооттолгон техникаларын колдонду. Куралдуу кармаш 2-декабрда сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана токтоду. Окко учкандар, жарадарлар ондоп саналганы, талибдер ирандык эки көзөмөл-өткөрүү пунктун басып алганы тууралуу кабарланса да, жаңжалдашкан тараптар расмий түрдө бул өңүттөгү маалыматтарды беришпеди. Балким, окуянын түпкү себеби чек арадагы жөнөкөй түшүнбөстүктөн да терең болгон чыгаар.

Иран Афганистандын жаңы бийлиги менен экономикалык кызматташтыкты өрчүтүүдө, узаган айда афгандык Герат, Нимроз, Фарах провинцияларына 100 мегаватт электр кубатын берүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ирандыктар афган кендерин (баалуу таштар, алтын, литий, жез) казууга инвестиция салууга кызыкдар, аны менен бирге эле жол, көпүрө курууга даяр.

Бирок экинчи жагынан Тегеран тонналаган афган маңзат трафиги, афган качкындарынын өз аймагына агылышынан чочулайт. Ошондой эле Афганистандын 40 миллиондук калкынын бештен бир бөлүгүн түзгөн шиит-хазарчыларды куугунтуктаганы үчүн талибдерге дооматтары да бар.

Ушунда өткөн учур эске эрксизден түшүп, Борбор Азия өлкөлөрүн кайрадан түйшөлтпөйбү деген ойлорго түртөт. 1990-жылдары талибдер бийликке биринчи келишинде Иран Түндүк альянсты колдоп турган, ал эми талибдер 1998-жылы Мазари-Шарифте ирандык дипломаттар тобун өлтүрүшкөн. Ошол кезде Тажикстан Афганистандын түндүгүндөгү куралдуу каршылык көрсөтүүнү колдогон.

Талибдердин экинчи ирет бийликти басып алышынан кийин Душанбе инклюзивдик деген макамга дегеле коошпогон өкмөттү катуу сынга алып, жарандардын, айрыкча өлкө калкынын үчтөн бирин түзгөн этникалык тажиктердин (13 млн киши) укуктары бузулганын баса белгилөөдө. Бир катар факторлордун айынан бул мамлекеттин Афганистан менен миңдеген чакырым аралыкка созулган чек араларында куралдуу жаңжал ыктымалдыгы жогору. Бул жагдайда Борбор Азияда чеп коргон куруунун кажети жок.

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский 3-декабрда Афганистандагы ИМ* тобу ага чектешкен Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч жаратарын билдирди. Дипломат террорчулардын ресурстары, жанкечтилердин катышуусундагы террордук актылардын күч алышына көңүл бурдурду.

Балким, Тажикстан жана Кыргызстандын чек арасында чагымчылдык менен жаңырган ок (1-декабрда) афган-иран чек арасындагы куралдуу жаңжалга туш келиши тегин жерден эместир. Канткен учурда да аталган мамлекет менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү кооптуу чек араларды (Тажикстан – 1300 км, Өзбекстан – 140 км, Түркмөнстан – 800 км) жана ИМдин*, башка эл аралык террордук топтордун Пянж дайрасынан түндүккө карай таасирин кеңейтүү ниетин эске алуу абзел.

Бул дарыянын түштүгүндө кесипкөй чек арачылар тартыш. Октябрда талибдер Тажикстан менен чек арасына жанкечтилердин батальонун жөнөткөнү маалым эмеспи. Аймак башчысынын орун басары аларды "Жардыргычка толгон күрмөчөн, өмүрүн аллага кызмат өтөөгө багыштаган баатырлар" деп атаган. Бирок мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыздоодо башка адистер керек.

Айыгышкан салгылаштын арты менен Афганистандагы бийликке жаңыдан келгенде талибдер планетадагы коңшулары алардын ички иштерине кийлигишпөөгө, жалпы улуттук өкмөт түзүүгө, ИМ* жана Аль-Каидадагы* террорчулар менен кызматташуудан баш тартууга убада беришкен. Талибдер менен ар кандай чет өлкөлүк аянтчалардагы, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөр "эмирликтеги" абалды турукташтыруу үчүн жүргүзүлгөн. Өзбекстан жана Түркмөнстан аларга лоялдуу карайт, ал эми Тажикстан Кабулдагы жаңы бийликти таанууга даяр эмес. Мында Душанбе карманган позиция жөндүү, талибдер убадаларынын четин да аткарбай келет.

Күчүнүн көпчүлүгү мурдагы каршылаштарын, атап айтканда, республикалык өкмөттүн аткаминерлери, полиция кызматкерлери, жоокерлеринен өч алып, аларды өлүм жазасына тартууга жумшалууда. Ал эми эң башында аларга мунапыс берилерин жар салышкан.

Афганистандын мурдагы президенти Хамид Карзай жакындагы маегинде талибдердин өкмөтү бүтүндөй афган калкынын өкүлдөрүнөн туруп, ички мыйзамдуулукка ээ болууга тийиштигин, ошондо гана эл аралык коомчулук тарабынан тааныларын айткан. Албетте, жаңы бийликтин өкүлдөрү дароо эле бардык жөндөмдөрдү өздөштүрүшү кыйын, жыйырма жыл бою алар негизинен ок атып, жардырып гана келишкен эмеспи. Анткен менен аларды үйрөтүүгө убакыт да жок, каражат да тартыш.

АКШнын банктарындагы Афганистандын каражаттары чындап эле узакка тоңдурулган. Афганистанды кайра калыбына келтирүү фондунун жалпы көлөмү 1,5 млрд. долларды түзөт, бирок аны алуу оңой-олтоң эмес. Дүйнөлүк банк 2-декабрда Афганистанга азык-түлүк үчүн 280 млн доллар бөлүүнү жактырды. Бирок бул сумманы бөлсөк, өлкөнүн ар бир тургунуна 7 доллардан тиет. Ошол эле күнү Кабул кырдаалды жөнгө салуу үчүн БУУдан 16 млн. доллар (өтө аз каражат) алды. Афган калкына көрсөтүлгөн эл аралык жардам гуманитардык каатчылыктын масштабына шайкеш келбейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлү Маргарет Харристин баамында, Афганистанда жетиштүү тамактанбагандыктан 5 жашка чейинки 3 миллиондон ашуун бала жабыр тартып, алардын бир миллионго жакыны чарчап калышы ыктымал. БУУнун маалыматына таянсак, кышында 23 миллион афгандык жаран көчүп кетүүгө же ачарчылык кептеген өлүмгө моюн сунууга аргасыз. Эл аралык валюталык фонддун божомолу боюнча Афганистандагы турмуш деңгээлинин кескин түрдө төмөндөшү жана гуманитардык каатчылык чектеш өлкөлөргө да таасирин тийгизип, ошондой эле бир катар европалык мамлекеттерге (Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттарды эстейли) да кесепетин тийгизбей койбойт.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Качкындар бюджет жана эмгек рыногуна кыйынчылык келтирип, ар кандай өлкөлөрдөгү социалдык чыңалууну күчөтөт. Эл аралык валюталык фонддун адистери эгер Афганистандан 1 млн. гана жаран чыгып кетсе, аларды жайгаштырууга, мисалы, Тажикстанда 100 млн. доллар (1,3% ИДП), Иранда – 300 млн. доллар (0,03% ИДП) жана Пакистанда – 500 млн. доллардан ашуун (0,2% ИДП) чыгым сарпталат.

Экономикалык оор көйгөйгө кептелип жаткан өлкө эл аралык террорчул уюмдардын өз таасирин кеңейтүү үчүн оңтойлуу аянтчага айланып барат. Жихадчылардын катары өсүп, зордук-зомбулук, диний экстремизм коркунучу күч алууда. Афганистан – Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттери үчүн орток көйгөй. Россия мындайда четте карап турбайт. Жума ортосунда РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев пакистандык кесиптеши менен Москвада кезигип, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар Афгани