Dubai Airshow 2021: россиялык Су-75тин таң каларлык өзгөчөлүгү

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүСу-75 (Checkmate) россиялык жаңы истребители
Су-75 (Checkmate) россиялык жаңы истребители - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Бешинчи муундагы Су-75 (Checkmate) россиялык жаңы истребители Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Dubai Airshow 2021 эл аралык аэрокосмостук көргөзмөсүнүн жылдызына айланды.
Россиялык жаңы учак ылдамдыгы, багындырчу ыраактыгы, радиолокациялык байкалышынын төмөндүгү, учкучсуз мүмкүнчүлүктөрү жана америкалык F-35ке салыштырмалуу баасынын арзандыгы менен чет элдик адистерди айран таң калтырууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет РФтин жаңы табылгасын мүнөздөгөн.
Dubai Airshow 2021 авиасалону россиялык Су-75 жеңил учагынын тушоосу кесилген чет элдик аянтча болуп калды. Соңунда абада жана дүйнөлүк рынокто үстөмдүк позицияга ээ болуп, америкалык F-35ти андан сүрүп чыгарууну көздөйт. Бул үчүн РФтеги Амурдагы Комсомольск калаасындагы заводунда чыгарылган Checkmate учагынын жогорку аскердик сапаттары жана тийиштүү техникалык мүнөздөмөлөрү бар.
Иштеп чыгуучулардын маалыматы боюнча Checkmate кошумча май куйбастан 3000 чакырымга чейин учуп, саатына 2460 чакырымга дейре күүлөнүп, 7400 кг аскердик жүктү ташып, бир убакта аба, деңиз жана жердеги алты бутага, анын ичинде сокку уруучу дрон жана бешинчи муундагы чет өлкөлүк учактарга чабуул коё алат.
Бешинчи муундагы россиялык Су-75 (Checkmate) платформасы ачык архитектурага ээ, болжол менен 20-30 млн долларга бааланат, башкача айтканда америкалык F-35тен 3-4 эсеге арзан. Потенциалдуу сатып алуучулар үчүн бул – салмактуу аргумент. Россиянын Аба-космостук күчтөрү жеңил жаңы истребитель менен 2024-жылдан тарта куралданары белгиленет.
В Польше размещен батальон НАТО - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
НАТОнун Steadfast Noon 2021 машыгуусунун сырлары. Максаты эмне?
Эске салсак, Lockheed Martin өндүрүшүндөгү америкалык F-35 бир топ жылдан бери пайдаланылып келсе да сериялык чыгарылышына Пентагондон уруксат ала албай келет. Башкача айтканда АКШнын Куралдуу аба күчтөрү тарабынан расмий түрдө кабыл алына элек.
"Сухой" Бириккен авиакурулуш корпорациясынын башкы директору Юрий Слюсарь Амурдагы Комсомольскиде бир кыймылдаткычтуу Су-75 истребителинин бир нече үлгүсүнүн өндүрүшү башталган. Жакынкы 15 жылда 300 машина менен жабдуу пландалууда. Учак Африка өлкөлөрү, Индия жана Вьетнамга экспорттоого багытталган. Ал түгүл эң ири буюртмачысы да белгилүү. Адистердин пикиринде көзгө көрүнбөс Checkmate жаңы учагы пайдаланууда чыгымы аз, ошондой эле жыйырма чакты өлкөдө россиялык төртүнчү муундагы МиГ-29 истребителинин ордун татыктуу басат.
Андай үмүт толук акталды, себеби Рособоронэкспорт Дубайда 2,5 млрд. долларга ар кыл типтеги учуучу аппараттарга буюртма алды. Ушул тапта буюртмалар топтому – тик учак техникасынын 180 бирдиги, ал 4 млрд. долларга бааланат.

Көрк менен күчтүн айкалышы

Dubai Airshow 2021 авиасалонунда Россия бешинчи муундагы жеңил Checkmate истребители менен Жакынкы жана Ыраакы Чыгыш, Латын Америкасынын өлкөлөрүн жабдууну талкуулоодо.
Россиялык Бириккен авиакурулуш корпорациясынын жетекчиси Юрий Слюсарь учак башынан эле Бириккен Араб Эмирлиги үчүн иштелип чыкканын маалымдады. Кошмо штаттардын кыжырданган реакциясы түшүнүктүү, бирок Су-75 потенциалдуу буюртмачылардын бүйүрүн кызыта турганчалык бар.
Сириялык тажрыйбаны эске алуу менен долбоорлонушу, жасалма интеллект, учкуч жана учкучсуз модификациялары, радиолокациялык байкалышынын төмөндүгү, 1500 чакырымдык аскердик радиусу, үн ылдамдыгына дейре күүлөнүшү, жогорку маневрдүүлүгү, жеңил жана орто истребителдери үчүн өзгөчө касиети – 7,4 тонна жүк көтөрүмдүүлүгү, 16 тоннага чейинки кыймылдаткычынын күчү менен жаңы учак кандай гана душман болбосун соо калтырбайт.
Россиянын Checkmate истребителинин презентациясы болду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Россиянын Checkmate истребителинин презентациясы болду. Видео
Checkmate арсеналына "аба – аба" жана "аба – жер бети" тибиндеги орто жана жакын аралыктагы ракеталар, тескелүүчү жана тескелбеген бомбалардын кеңири спектри жана башкалар кирет. Тапшырманы жашыруун аткарууда истребитель ички бөлүктөрүндө "аба – аба" тибиндеги ыраакка ылайыкталган ракеталардан беш бирдикке дейре ташый алат.
Тышкы илгичтерди пайдалануу менен максималдуу көлөмдө жүк көтөрө алат. Су-75тин борттук радиолокациялык станциясы активдүү фазалык торчо антеннасы менен жабдылган. Бул ага бир убакта абада алты бутасына чабуул коюп, отуз чактысынын изине түшө алат. Учкучсуз модификациясы – модага урмат эмес, учурдун катаал зарылдыгы, тактикалык ыкмалардын түрүн кеңейтүү үчүн шарт.
Истребитель азыр маалымат алмашууну, башка авиациялык комплекстерин жана сокку уруучу учкучсуздарын мээлөөнү өздөштүрүүдө. Ошону менен бирге эле Checkmate баасы жагынан да болуп көрбөгөндөй арзан. Салыштырсак, 30 млн долларга төртүнчү муундагы америкалык F-16 истребителинин болжол менен жарымын гана сатып алууга болот. Су-35 жана Су-57 истребителдеринин унификациясынан улам Су-75тин өндүрүшү кыйла арзанга түштү.

АКШ үчүн "олуттуу сокку"

Учуш мүнөздөмөлөрү, аскердик жөндөмү жана жеткиликтүү баасынын төп келиши россиялык бир мотордук Су-75 истребителине эл аралык рынокту ийгиликтүү багындырышын шарттайт. 2026-жылдан тарта ири серияларынын өндүрүшү башталат.
Европада россиялык Checkmate учагын эмитен эле АКШ үчүн "олуттуу сокку" деп баалап, Су-75тин айынан Вашингтонго "баш оору" жаратарын болжоду. АКШнын Куралдуу аба күчтөрү абадагы артыкчылыкка ээ болушу улам татаал тартып, жакынкы 40 жылда болушунча буга баш катырууга туура келчүдөй.
Аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
"Кобальт", Hamkorlik жана башкалар. Борбор Азияда аскердик машыгуулар уланууда
Америкалык адистештирилген Military Watch Magazine басылмасы россиялык жаңы Су-75 истребителин "искусство чыгармасы" деп атады. Бул аша чапкандык деле эмес. Ынанымдуу жана күчтүү россиялык авиатехника дүйнөдө чоң суроо-талапка ээ болуп келет. Россия жогорку технологиялык куралдарды жөн гана экспорттоп койбостон, өндүрүш, техникалык тейлөө, ремонт жана суверенитет сырларынан да бөлүшөт. ВТС линиясындагы РФ өндүрүмдөрүнө буюртмалардын жалпы көлөмү бүгүнкү күндө 52 млрд. долларга жетти.
Жакынкы жети жылда Россия эл аралык рынокко жаңы үлгүдөгү 50 чакты куралды чыгарууга белсенди. Алардын арасында авиатехниканын 20дан ашуун үлгүсү жана абадан коргонуунун он комплекси да бар.
Москва учкучсуздардын дүйнөлүк рыногунун 10 пайыздан ашуунун багындырууга ниеттенет. Ошол эле учурда Су-57 да жоголбойт, тескерисинче россиялык коргоо-өнөр жай комплексинин көзгө басар табылгасына айланат. Россия Федерациясынын союздаштары жана өнөктөштөрүнүн тынчтыкты бекемдөөдө коргоо жөндөмүн татыктуу түрдө арттырат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0