Американын бир кыштагы Путинди таануудан баш тартаарын жар салды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКапитолий имараты. Архив
Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
АКШ конгрессинин эки мүчөсү эгер Владимир Путин 2024-жылы президенттикке кайра шайланып кала турган болсо, Россиянын президенти катары таануудан баш тартуу резолюциясын кабыл алууну сунуштады.
Владимир Путиндин ким экени жалпыга маалым. Анын тушунда Россия дүйнөнүн эң гүлдөгөн жана эркин өлкөлөрүнүн катарына кошулуп, жогорку держава деген макамын кайтарып алды. Бул тууралуу жүз жылдар өтсө да тарыхчылар дагы далай кеп кылышат. Виктория Никифорованын ушул демилге жана анын авторлору жаатындагы ой толгоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Ал эми резолюциянын авторлору кимдер деген суроо туулбай койбойт. Республикачы Жо Уилсон жана демократ Стив Коэнду эмне бириктирип турат? Коэн Теннесси штатынан шайланган. Патриархалдык бул аймакка Стив Коэн демократиялык идеяларды алып келди. Атап айтканда, марихуана менен бир жыныстуу никени мыйзамдаштырды. Ошондой эле жаныбарлардын укуктары үчүн күрөшүп келет. Эми Теннессиде кожоюну жакшы карабай, мышык өлүп калса, ал беш миң доллар айып төлөйт.
Республикачы Жо Уилсон Түндүк Каролина штаты аркылуу сенатка келген. Отставкадагы аскер, АКШ конгрессинин ар кандай комитеттерине мүчө. Чоң саясаттагы жалгыз чоң жетишкендиги – Обаманын тушунда конгрессте медициналык камсыздандырууну талкуулоо маалында президент "Сиз алдап жатасыз!" деп кыйкырганы. Чынында дароо эле аны кечирим суроого мажбурлашкан. Коэн жана Уилсон конгрессте өз беделин көтөрүү үчүн Россия менен алектене башташты.
Совместные учения стран НАТО и Украины Три меча-2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
"Тылда башаламандык уюштуруу". НАТОнун Украинага карата жаңы пландары
Августта алар россиялык спортко каршы багытталган "Алтын акты" деп аталган мыйзам долбоору менен чыгышкан. Америкалык күч органдарына анда Россиядагы спортко кандайдыр тиешеси бар адамдардын баарын кармоону сунуштайт. Ошондон үч ай өтпөй
Коэн жана Уилсон россиялык президентти таануудан баш тартуу жөнүндө резолюцияны ойлоп чыгышты.
Владимир Путин өлкөсүн америкалык өнөктөштөрү канча жылдан бери кептеп келген каатчылыктардын баарын ийгиликтүү жеңип чыкты. Атайын уюштурулган кырсыктар Россиянын тургундарына караганда америкалык калкка көбүрөөк терс таасирин тийгизди.
2007-2008-жылдары Кошмо Штаттардагы абалды илгерки Улуу депрессияга салыштырышат. Америкада ошол каатчылык далайларды банкротко батырып, бүтүндөй аймактарды сызга отургузуп, өз жанын кыйгандардын санын арттырды. Ал эми Россияда рублдин куну гана түштү. Анткен менен адамдар арзандай түшкөн кыймылсыз мүлктү жапырт сатып ала башташкан.
Ошондой эле окуя 2014-жылы кайталанды. РФ Олимпиаданы ийгиликтүү өткөрдү, Крымды бириктирди, Донбасстын калкын кыргындан аман алып калды. Улуттук валютасынын нарксызданышына россиялыктар кадыресе карап, кайрадан үй жана батир сатып алууга кайрадан киришкен.
Пандемияга байланыштуу кризис да кимдин ким экенин айгинелеп койду. Америкада дүкөн тилкелери бошой түштү, чар тарапта таңсыктык жаралды, илдеттен каза тапкандардын саны боюнча бул держава рекорд койду.
Ал эми ошол убакта Россия ипотекалык насыялоонун өсүшү менен рекорд коё баштаган. Россия президентинин өзгөчө ийгилик жараткан айрым чечимдерин алар кайталоого да тырышууда. АКШ конгрессинде жаңы эле инфраструктуралык мыйзам кабыл алынды. Анда эски авто жана темир жолдорду оңдоо жана жаңыларын куруу каралат. Россия бул программаны ондогон жылдар бою ишке ашырып келет эмеспи.
Эгер Путин кайрадан шайлоого катыша турган болсо, россиялыктар кимге добуш берерин болжош оор деле эмес.
Вашингтондогу Ак үйдүн алдында АКШнын желектери менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Россиянын изин издөө уланууда. Америкалык саясаттагы оюндарга сереп
Коэн менен Уилсондун демилгесин конгрессте талкуулоо – АКШнын жогорку мыйзам чыгаруу бийлигинин терең деградациясынын далили. Андай резолюциянын кабыл алынышы эл аралык укукту одоно бузуу, Россиянын шайлоолоруна ачык эле кийлигишүүгө жатат. Алар Лукашенкону да тааныбай коюуга тырышат. Андайды белоруссиялык президент этибарына да албайт деңизчи, бирок ушундай жосунсуз аракеттер менен эл аралык укуктун бүтүндөй тутуму жарактан чыгып калабы?
Кезегинде советтик жоокерлердин эрдиги америкалыктарга гитлердик күчтү жок кылууга, дүйнөлүк коомчулукка кандайдыр пайда келтирүүгө катышууга мүмкүнчүлүк берген. Согуштан соң Советтер Союзунун аракети менен гана дүйнө жүзү боюнча америкалыктардын варвардык агрессиясы ооздукталып турган. Учурда Стив Коэн – АКШ конгрессинин Хельсинки комиссиясынын тең төрагасы. Аталышы эске салып тургандай, Хельсинки келишимдеринин кабыл алынышы – көбүнесе советтик дипломатиянын жеңиши. 1975-жылы кабыл алынган ушул макулдашуулар Европанын да, СССРдин да, АКШнын да тынч өнүгүшүн камсыздаган. Дал ошондо америкалык өнөктөштөр жалпы пайда жана коопсуздук, дүйнөдө тынчтык үчүн Россиядан татаал, көп полярдык алака түзүү боюнча эң сонун сабак алышкан. Бирок андан жыйынтык чыгарышпаптыр.
Америкалык мыйзам чыгаруучулар 2024-жылы Путинди ойлобостон, өз шайлоосуна кам көргөнү оң. Анткени 2020-жылдагы президенттик шайлоодогу укмуштай бурмалоолордон улам бүгүн он миллиондогон америкалыктар Жо Байдендин мыйзамдуулугунан шек санайт. Бул жагынан алар Россиядан көптү үйрөнсө болот. Шайлоо тилкелеринде жарандар өздүгүн тастыкташат. Добуш берүү жана саноо процессин видеого тарта алышат. Партиялардан, эл аралык уюмдардан байкоочулар чакырылат. Америкадагыдай шайлоочуларды сабоого, опузалоого жол берилбейт. Добуш берүүгө байкоочуларды киргизбей коюуга болбойт. Мындай шайлоо уюштуруунун кыйын деле жагы жок.
Арзыбаган нерселер менен алек болгондон көрө америкалык конгрессмендер 2024-жылы Россияга барып, шайлоону кантип туура өткөрүүнү үйрөнүп кеткени оң болоор...
Жаңылыктар түрмөгү
0