WorldSkills Russia компаниясынын окутуу иши

Келечектин кесибине жөнөкөй жол

(жаңыланган 15:55 02.07.2020)
WorldSkills күндүзгү жана дистанттык окутуунун жаңы — Russia Future Skills Camp форматын баштап турат. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да жаш кесипкөйлөр катыша алат.

Дүйнөлүк индустриянын башынан азыр чыныгы кадрдык революция өтүүдө. Бүтүндөй тармактардын санариптештирилиши жогорку технологиялык өндүрүш жана трансформацияланып жаткан экономика үчүн жаңы классификацияланган адистерди талап кылууда. Ошону менен бирге замандын талабына ылайык келбеген жумуш орундары кыскарууда. Ал эми заманбап жумуш ээлеринин талаптарына жооп берүү үчүн бошотулган персонал классификациясын жогорулатууга аргасыз. Ушундай эле маселеге жаңы гана эмгек рыногуна чыккан жаш адистер да кептелүүдө.

Коронавирус эпидемиясынын кесепеттери санарип технологияны киргизүүнү тездетүүгө түрткү берди. Бүтүндөй ишканалар жана тармактар аралыктан иштөө режимине ыкчам түрдө ыңгайлаша алды. Адатта мындай ишти жөнгө салууга айлар, ал түгүл жылдар жумшала турган процесстер бул ирет бир нече аптада ишке ашырылды. Кеңешме, жыйындар жана документ менен иш алып баруу гана тургай, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча айрым программа жана курстар да санариптешип, аларга обочолонуу шартында да талап бар.

Деятельность WorldSkills Russia
© Фото / WorldSkills Russia
Коронавирус эпидемиясынын кесепеттери санарип технологияны киргизүүнү тездетүүгө түрткү берди. Бүтүндөй ишканалар жана тармактар аралыктан иштөө режимине ыкчам түрдө ыңгайлаша алды.

Кесиптик чебердикти өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген ушундай жаңы форматтардын бири — WorldSkills Russia өткөрүп жаткан Future Skills Cam күндүзгү-дистанттык окутуу. Июнь айынын аягында атайын платформада санарип экономикага талап кылына турган, башкача айтканда, Future Skills боюнча тренингдер башталды. Веб-дизайн жана иштеп чыгуу, графикалык дизайн жана CAD инженердик дизайн өңдүү кесиптерге даярдоону WorldSkills бир топ убакыттан бери колго алып келет. Жаш адистер үчүн бул багыттар кыйынчылык деле туудурбайт. Future Skills Camp форматында көпчүлүк өлкөлөр үчүн таптакыр жаңы санарип иштер коюлган. Алардын бир бөлүгү 2021-жылы Шанхайда өтө турган кийинки WorldSkills чемпионатынын программасына кирген. Кесиптик чеберчилигин жогорулатууну каалаган кыргызстандык адистер бул багыттар боюнча WorldSkills Russia жайкы тренингдерге кошумча түрдө катыша алат.

Future Skills Camp методикалык, практикалык блокторду камтыйт. Методикалык блоктун алкагында билим берүү төмөнкү багыттар боюнча билим берилет. WorldSkills эл аралык стандарттагы спецификацияларды изилдөө, сынактык документацияларды иштеп чыгуу технологияларын жана даяр долбоорлорду баалоо методикасын окутууну камтыйт.

Модулдун методикалык бөлүгү аяктаганда окутуунун катышуучулары практикалык тапшырмаларды аткарууга киришет. Алар катышуучулардын колуна кайсы өлкөдө жашаганына карабай бир убакта тиет. Бирок катышуучулар өз өлкөсүндөгү убакыт айырмасына карап аткара алышат.

Деятельность WorldSkills Russia
© Фото / WorldSkills Russia
Future Skills Camp методикалык, практикалык блокторду камтыйт. Методикалык блоктун алкагында билим берүү төмөнкү багыттар боюнча билим берилет.

Ар бир модуль аткарылган соң тапшырмалар эксперттер тарабынан күндүзгү-дистанттык негизде бааланат. Аягында ар бир катышууга Future Skills Camp окуудан өткөнү боюнча сертификат берилет. Тесттик долбоорду аткарган адистер WorldSkills Russia тарабынан иштелип чыккан кесиптик адистиктердин деңгээлин тастыктаган skills-паспорт деп аталчу документ алышат.

Азырынча бул ушундай түрдөгү биринчи мелдеш, бирок WorldSkills Russia уюму суроо-талап дагы өсөрүн, кийинки баскычта бул форматка ар кандай өлкөлөрдөн катышуучулардын саны дагы артат деген ойдо.

Ал ортодо сентябрда күндүзгү-дистанттык форматта өтө турган WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалына, ошондой эле Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан жаш адистер үчүн III Ачык евразиялык чемпионатына да даярдык кызуу жүрүүдө.

Бул чемпионаттар биздин республика үчүн жаңы форматты байкап көрүү, келечекте Кыргызстанда да мындай мелдештерди өткөрүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк. WorldSkills Russia мындай демилгелерди окутуу тутумуна жана кесиптик чебердик улуттук чемпионаттарына жалгаштырууга ниеттенет. Анткени WorldSkills Russia дүйнөдө активдүү ишке ашырылып келе жаткан башка форматтар да жок эмес.

Worldskills кыймылы түптөлгөнүнө бир топ, ал эми Россия ага кошулганына 10 жылга жетпеген гана убакыт болсо да изилдөө жүргүзүү, долбоорлоо жана жаңы кесиптер менен мелдештерди өткөрүү жана көз карандысыз баалоо боюнча, ошондой эле билим берүү программаларын иштеп чыгуу жаатында маңыздуу жана креативдүү драйверге айланды.

Деятельность WorldSkills Russia
© Фото / WorldSkills Russia
Бул чемпионаттар биздин республика үчүн жаңы форматты байкап көрүү, келечекте Кыргызстанда да мындай мелдештерди өткөрүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк.

"Жаш кесипкөйлөр" (Ворлдскиллс Россия) союзунун башкы директорунун эл аралык ишмердик боюнча орун басары, WorldSkills International кыймылына Россиянын атынан техникалык делегат Алина Досканованын айтымында, "технологиянын арыштуу өзгөрүшү, жасалма интеллектти өнүктүрүү, жалпы санариптештирүү, анын натыйжасында иш процесстеринин татаалдашы конвергенттик жөндөмдөрдүн жаралышына, мультисектордук жана тармактар аралык кызматташтыктын кеңейтилишин шарттады.

WorldSkills Russia кадрларды даярдоонун улуттук тутумун дүйнөлүк деңгээлге чыгара турган инструменттерди иштеп чыгат. Бул кандай гана экономика болбосун, атаандашуу жөндөмүн жогорулатат".

Мындай инструменттердин арасында билим берүүнүн кыска программаларын иштеп чыгуу жана өнөктөш өлкөлөрдө билим берүү лабораторияларын ачуу, ошондой эле WorldSkills Russia тигил же бул өлкөдө улуттук чемпионаттарды өткөрүүгө даярдык да камтылат. Бул өңдүү методикаларга өнөктөш өлкөлөрдө да кызыгуу күч. Маселен, соңку эки жылда КР Билим берүү жана илим министрлиги менен WorldSkills Russia уюмунун ортосундагы кызматташтык өнүгүп жатат. 2019-жылдын августунда Кыргызстандын делегациясы WorldSkills Kazan 2019 кесиптик чеберчилик боюнча 45-дүйнөлүк чемпионатка катышкан.

Бизнес вазыйпанын алкагында делегация иш борборлору, билим берүү мекемелерин кыдырып, анын ичинде чемпионаттын мелдеш бөлүгү жана бул багыттагы Россиянын тажрыйбасы менен таанышып келген. Ошол сапардан жана КР Билим берүү жана илим министринин орун басарынын WorldSkills Russia уюмунун жетекчилиги менен жолугушуудан кийин өлкөдө окутуунун мындай долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынган.

Былтыр ноябрь айында Москвада WorldSkills инструменттерин жана методикаларын пайдалануу менен кадрларды даярдоо тутумун өнүктүрүү боюнча бир нече семинар өткөрүлгөн. Ага КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлдөрү, иш чеберлери жана колледж жетекчилери катышкан.

Деятельность WorldSkills Russia
© Фото / WorldSkills Russia
WorldSkills Russia тарабынан сунушталып жаткан күндүзгү-дистанттык жаңы формат кыргызстандык жаш адистерге кандай шартта болбосун окуу процессин натыйжалуу улантууга жол ачат.

Ушул тапта кыргызстандык жана россиялык адистердин биргелешкен аракеттери менен өлкөдө WorldSkills кыймылын өнүктүрүү боюнча Жол картасын жайылтуу ишке ашырылууда. Аталган уюм өз кесиптештерине уюштуруу жагынан методикалык колдоо көрсөтүп келет.

WorldSkills Russia тарабынан сунушталып жаткан күндүзгү-дистанттык жаңы формат кыргызстандык жаш адистерге кандай шартта болбосун окуу процессин натыйжалуу улантууга жол ачат.

Future Skills Camp Росатом, Ростех, Роскосмос, 1С, FANUC, InfoWatch, Autodesk, Siemens, COEX, hakta, Россиялык кванттык борбордун колдоосу менен өтүүдө.

Future Skills Camp боюнча кеңири маалымат менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Долбоордун өнөктөшү

Белгилер:
адистик, Кыргызстан, Россия, билим, окуу
37-е совещание Координационного совета и Координационной группы экспертов Евразия, объединяющее провайдеров аэронавигационного обслуживания стран СНГ, прошло 23-26 сентября в Алматы (Казахстан).

КМШнын аэронавигация боюнча компаниялары Алматыда жолукту

55
(жаңыланган 13:02 04.10.2019)
Россия өкүлү Саратовдо Гагарин аба майданын, Москвадагы Шереметьево аэропортунун учуп-конуучу үчүнчү тилкесин ишке берүү боюнча айтты.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Казакстанда КМШдагы аэронавигациялык провайдерлердин башын бириктирген "Евразия" Координациялык кеңеши менен эксперттердин координациялык тобунун 37-кеңешмеси өттү. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чара Алматы шаарында 23-26-сентябрда болуп, ага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын аэронавигациялык провайдерлеринин өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары, Эл аралык жарандык авиация уюмдары (ICAO), Аба транспортунун эл аралык ассоциациясы (IATA), Мамлекеттер аралык авиация комитети (МАК) жана бул тармактагы өнөр жай ишканаларынан келген делегаттар болгон. 

37-е совещание Координационного совета и Координационной группы экспертов Евразия, объединяющее провайдеров аэронавигационного обслуживания стран СНГ, прошло 23-26 сентября в Алматы (Казахстан).
© Фото / Пресс-служба ФГУП "Госкорпорация по ОрВД"
Казакстанда КМШдагы аэронавигациялык провайдерлердин башын бириктирген "Евразия" Координациялык кеңеши менен эксперттердин координациялык тобунун 37-кеңешмеси өттү

"Евразия" кеңешине мүчө аэронавигация ишканалары былтыркы апрелдеги жыйындан кийинки иштер тууралуу отчетторун берди. Андан сырткары, Эксперттердин координациялык тобунун иштеринин жыйынтыгы боюнча маалыматты угушту. Буга кошумча, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги, аба кыймылын алып баруу жаатындагы эл аралык кызматташууну талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Евразияда" төрагалык кылуу "Россия Федерациясында аба кыймылдарын уюштуруу боюнча мамлекеттик корпорация" ишканасынан "Казаэронавигация" республикалык мамлекеттик ишканасына өттү.

"Госкорпорация по ОрВД" ишканасынын башкы директору Игорь Моисеенко "Евразия" координациялык кеңешинин 2016-2019-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча отчеттук докладын жасады.

Мындан сырткары, ал уюмдун мындан ары өнүгүшүн шарттаган маанилүү делген багыттарды белгиледи.

Моисеенко Россиянын аба айдыңында авиакыймылдын көлөмү өзгөргөндүгүн билдирди. Абадагы ары-бери каттоону башкара турган россиялык борборлорду ирилештирүү, жогорку ылдамдык маалында учуулардын коопсуздугун жана байма-бай аткарылышын камсыздоо маселесине токтолду. Андан сырткары, Саратовдо Гагарин аба майданын, Москвадагы Шереметьево аэропортунун учуп-конуучу үчүнчү тилкесин ишке берүү боюнча айтты.

Моисеенко Россиядагы аба кемелеринин учуп-конушу боюнча иш алып барган Бирдиктүү системаны жаңылатууга токтолду.

Делегаттар менен чакырылган коноктор кабыл алган тараптын — Азат Бектуров жетекчилик кылган "Казаэронавигация" иш-чараны мыкты уюштургандыгын белгиледи. Жыйындын соңунда кезектеги 38-отурум эмдиги жылы (2020-жыл — ред.) жаз айында өтө тургандыгы расмий жарыяланды.

Материал коммерциялык негизде жарыяланды

55
Белгилер:
кызматташуу, Россия, Казакстан
Мобильное приложение Юнистрим

"Юнистрим" мобилдик тиркемеси эми кыргыз тилинде тейлейт

112
(жаңыланган 15:11 06.05.2019)
Тиркеме өзү өтө жөнөкөй жана ыңгайлуу, ал эми кыргыз тилине которулгандан кийин мамлекеттик тилде сүйлөгөндөр үчүн мурдагыдан да жеңилдейт. Тейлөө тилин алеки заматта алмаштыра аласыз.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. "Юнистрим - акча которуулар" мобилдик тиркемеси мындан ары кыргыз тилинде да тейлей баштайт. Бул туурасында РИА Новости агенттиги билдирди.

Банктагылар кызмат көрсөтүү тилдеринин арасына кыргыз тилинин киргизилиши — ыңгайлуулукту гана камсыздабастан, сапаттуу тейлөө элементи да болуп саналат.

"Улуттук тил — банк өндүрүмдөрүн жаратууда сөзсүз эске алынчу ар бир элдин баалуулугу, маданий коду", — деди "Юнистрим" банкынын башкаруу тобунун төрайымы Надежда Кибальник.

Ошондой эле ал 2018-жылы "Юнистрим" тутуму боюнча онлайн которуулардын 60 пайызы дал ушул мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлгөнүн кошумчалайт.

Тиркемени колдонуу алда канча жеңил. Ал сиздин банк картаңыздын маалыматтарын жадында сактайт, башкача айтканда, акча которууда маалыматтарды кайра-кайра терип отурбайсыз, ошондой эле сиздин которууларыңыздын таржымалы да катталат. Акча которууга эки мүнөттөн ашык кетпейт, эгер бир эле кишиге кайра которуп жатсаңыз, анда бир нече гана кнопканы басканыңыз жетиштүү.

Тейлөө тилин алмаштыруу үчүн "Профиль" бөлүмүнө киресиз, тил тандамы эң жогорку панелде жайгашкан. Көз ирмемчелик гана убактыңызды алат. Тиркеме өтө жөнөкөй, түшүнүктүү түзүлгөн, ал эми кыргыз тилинин киргизилиши менен ого бетер жеңилдейт.

"Юнистрим" мобилдик тиркемеси менен Кыргызстанга акча жөнөтүүдө кандай валютада, анын ичинде сом түрүндө да берилерин белгилөөгө болот.

Тиркемени AppStore жана GooglePlay базасынан жүктөй аласыз. Ал үчүн издөө панелине "Юнистрим - акча которуулар" деп тересиз.

2017-жылга салыштырмалуу Кыргызстанга "Юнистрим" аркылуу онлайн акча которуулардын саны бир жарым эсе жогорулаган. Биздин республикада бул тутумдан которулган акчаны 1180 пунктудан алууга болот. "Юнистрим" системасынын өнөктөштөрү өлкөнүн ири банктары болуп саналат, алардын арасында "Айыл Банк" ААКы, "РСК Банк" ААКы, "Дос-Кредобанк" ААКы, "Банк Компаньон" ЖАКы, "ЭкоИсламикБанк" ААКы, "Бакай Банк" ААКы жана "КЫРГЫЗСТАН" коммерциялык банкы бар.

112
Белгилер:
мобилдик тиркеме, Акча которуулар
Тема боюнча
РФтен акча которууга чектөө коюлду. Абал кыргызстандыктарга кандай таасир этет
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды