Бишкекте "Энесайлык кыргыздар" аттуу көргөзмө ачылат

Жазылуу
Энесайдагы кыргыздар Х-ХII кылымдарда колдонулган буюм-тайымдар 30-октябрда Бишкектеги Тарых музейинде ачылат. Бул маалыматты аталган музейдин басма сөз кызматы таратты.

БИШКЕК, 28-окт — Спутник Кыргызстан. "Энесайлык кыргыздар" аттуу көргөзмөдө Россиянын Минусинск шаарындагы аймак таануу музейинин экспонаттары коюлмакчы. Көргөзмөдө Х-ХII кылымдарда Энесайдагы кыргыздар колдонулган буюм-тайымдар, курал-жарактар жана тарыхый экспонаттар бишкектиктердин назарына сунушталат. Иш-чара өлкөдө быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата уюштурулуп, көрүүчүлөрдү 25-декабрга чейин күтөт. 

Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймақтарында жашаган байырқы түрк тилдүү элдердин бири. Ал жерде VI–VIII кылымдарда мамлекетин түптөгөн. Тарыхчылар бул элди учурдагы кыргыз, хакас, алтайлыктар жана тувалыктардын бабасы катары санашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0