"Курманжан Датка" Сеулда көрсөтүлдү

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанКурманжан Датка тасмасынан бир кадр
Курманжан Датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьерага кино жаратуучулардын өкүлү катары продюсер жана картинага тартылган Фархад Бекманбетов катышты.

Кыргызстанда бүгүн кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат
БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында жекшембиде "Курманжан Датка" тарыхый тасмасынын премьерасы болду. Бул маалыматты ТИМдин басма сөз кызматы таратты. 

Тарыхый көркөм тасманы көрсөтүүнү КРдин Кореядагы элчилиги демилгелесе, ага "Silk Road" деп аталган кореялык коомдук фонд көмөк көрсөткөн. 

Премьерага кино жаратуучулардын өкүлү катары продюсер жана картинага тартылган Фархад Бекманбетов катышты. Бет ачар Сеулдун борборунда жайгашкан  "Техан Кыкчан" кинотеатрында болду. 

"Кинотасманы көрүүгө Кореяда жашаган Кыргызстандыктар да келип, аншлаг менен өттү. КРдин Кореядагы элчиси Дүйшөн Чотонов Курманжан Датканын мамлекеттин тарыхындагы, улуттун өз алдынчалыгын сактап калуудагы тагдыр чечкен ролун отургандарга баяндап берди", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Тасманын негизги каарманы Курманжан Датка,  анын ошол кездеги титулу жана картинада чагылдырылган кыргызстандын жаратылышы премьерага келген чет элдиктерди абдан кызыктыргандыгын кошумча маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0