Москвада кыргыз акыны Алыкул Осмоновду эскеришет

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүАрхив: Москва шаары
Архив: Москва шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси кийинки жылы Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерде да белгиленет.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Кыргыздын улуу акыны жана котормочусу Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Аскарбек Эрматов Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат.

"Манас" эпосу CD жана DVD дисктерге чыкты
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдагандай, Эрматов Москва шаарына 8-декабрда келет. Ал Москвадагы кыргыз диаспорасын уюштуруу комитетинин демилгеси аркылуу Кыргызстанда жарык көргөн Алыкул Осмоновдун эки томдук ырлар жыйнагы менен тааныштырат. 

Былтыр дагы ушундай эле иш чаранын жыйынтыгында Москва шаарындагы "Исолог" басмаканасынан "Нева кылымдар бою Ысык-Көлдү сүйөт…" ("Навек Иссык-Куль полюбила Нева…",) аттуу Осмоновдун поэзиялар жыйнагы жарык көргөн.

Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайткан. Ал кыска өмүрүндө Кыргызстандын адабиятында өчпөс из калтырып кетти. Аны маалында кыргыздын Пушкини деп да аташкан. Ал кыргыз коомчулугун биринчилерден болуп Пушкиндин, Лермантовдун, Крыловдун, Шекспирдин, Руставелинин чыгармалары менен тааныштырган.

Осмоновдун ырлары да орус акындары тарабынан орусчага которулуп, Москва шаарында бир нече ирет жарык көргөн. Алыкул Осмонов 1915-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын 100 жылдык мааракеси кийинки жылы бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде да белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0