БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Артыкпай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" (Кочевье) даректүү тасмасы КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын төртүнчү Эл аралык фестивалын ачат, деп билдирди дүйшөмбүдө "Айтыш" киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова.
Анын айтымында, тасмада топоз багуучулардын татаал көчмөн турмушу жөнүндө айтылат. Кар көчкү коркунучунан малчылар улам башка жакка жер которууга аргасыз болушат.
"Узак жана татаал жолду басып өтүү алар үчүн көнүмүш болуп калган, бирок цивилизация салттуу көчмөн турмушуна да өз таасирин тийгизүүдө. Бул окуя бизден алыстап бара жаткан катаал, бирок ажайып дүйнөгө болгон кусалыкты билдиргенсийт," — дейт Идрисова.
2012-жылы Катарда болуп өткөн даректүү тасмалардын "Аль-Жазира" эл аралык кинофестивалында жана андан бир жыл мурун Казань шаарында өткөн мусулмандар киносунун фестивалында кыргызстандык режиссёрлордун фильми Гран-приге ээ болгон. Өз Мекенинде болсо кинотасма бир нече номинация боюнча "Ак-Илбирс" улуттук сыйлыгына татыктуу болгон."Айтыш" коомдук фонду жана Мамлекеттик кинематография департаменти Кыргызстандын кинематографиячылар биримдигинин катышуусу менен уюштуруп жаткан КМШ, Балтия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын Эл аралык кинофестивалы 2014-жылдын 12-15-декабрында Бишкекте "Манас" кинотеатрында өтөт. Сапаттуу тасмаларды баалоочулар үчүн көрсөтүүлөр акысыз.
Бул жылы кадырлуу калыстар тобуна Россиядан келген Түркмөнстандын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кинооператор, кинорежиссер жана сценарист Ходжакули Нарлиев төрагалык кылат.
Эл аралык калыстар тобунун курамына Германиянын, Казакстандын, Саха Республикасынын жана Тажикстандын алдыңкы кино таануучулары, сынчылары, сценарийчилери жана продюсерлери кирди. Ал эми Кыргызстан тараптан КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Артыкпай Сүйүндүков калыстык кылат.
Эл аралык фестивалдын алкагында жюри ар кайсы өлкөлөр сунуштаган 13 фильмди, ал эми улуттук конкурста ата мекендик он фильмди көрүп чыгат. Сыйлыктар 15-декабрда "Мыкты фильм", "Мыкты режиссура", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы " жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү сыйлыгы" деп аталган төрт номинация боюнча тапшырылат.
Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн куттуу жайга байлаган 52 жаштагы талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Сөздү балалыгыңыздан баштайлы. Атаңызды бой жеткенде гана көргөн экенсиз.
— Адамдын турмушу өйдө-ылдый, ар кандай болот. Биз боор көтөрө элек кезде атам менен апам эки башка жолго түшүп, өз-өзүнчө жашап калган. Мен 90-жылдардын башында эл алдына чыгып калганда атам мени телевизордон көрүп бир күнү филармонияга издеп келиптир. Ал кезде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап иштеп баштагам. Бир күнү режиссёр "Амантай, сага аябай окшош киши келиптир, атаң эле окшойт" деп айтып калды. Анан эшикке чуркап чыксам эле атам кучактап калды, көз жашы мойнуман ылдый агып койнума кирет десең... Аябай сагыныптыр. Экөөбүз ээрчишип алып жолдун аркы өйүзүндөгү ашканага барып тамактанып сүйлөшүп отурдук. Каякта турарымды сурап, "элге таанылып келе жатканда мени пайда болуп калды деп ойлобогун. Биздин санжыра, тарыхыбызды билип калсын деп ошолорду кеп кылганы атайы келдим" деди. Мен аталап эле аны жатаканага ээрчитип жөнөдүм. Ал кезде Элмирбек Иманалиев экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал айттырбай эле сыртка чыгып кетти. Атам узак убакыт көп нерсени сүйлөп отурду, мен болушунча көңүл буруп укканга аракет кылдым. "Балам, акты-көктү билип калдың, Эстебес Турсуналиевдей залкарларды атадай көрүп этегин кармап, чачбагын көтөрүп ээрчип жүргөнүң жакшы. Биздин тукумда жамакчылык, ырчылык өнөр болгон. Чоң атаң Кутманалы комузу жок эле той-топурларда жар чакырып ырдачу" деп айткан эле.
— Ошондо канча жыл такыр көрүшпөй жүрүп жолугуп жатасыздар?
— Апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да. Себеби кичинекей кезимде атама өзгөчө жакын экенмин. Биз жолукканда атам 62 жашта болчу. Анда атам "апаңа кайра чогуу эле турмуш улайлы деп канча жолу бардым, бирок макул болбой койду" дегени эсимде. Филармониядан жолукканга чейин атамды 2-3-класста көргөм. Кийин мага латын арибинде ыр түрүндө кат жазып да жүрдү, ал каттары азыркыга чейин сакталып жүрөт.
— Апаңыз дагы акылман жан экен да...
— Апам атамдын экинчи аялы эле. Биринчи жубайынан бала көрбөгөндүктөн күйөөсү каза болуп төрт баласы менен калган апама жолугуп баш кошкон. Экөө кийин бала-бакыралуу болуп жашап жүрүп, эки башка жолго түшкөн экен. Ошентип апам жалгыз тогуз баланы чоңойтуп өстүрдү. Ал кишинин акылмандыгынан эки атанын балдары болгонубузга карабай ынтымактуу, бири-бирибизге жаман сөз айтпай эрезеге жеттик.
— Биринчи устатыңыз ак таңдай акын Эстебес Турсуналиев, айылда ал кишинин көзүнө кантип илинип калдыңыз эле?
— Айылдагы мектепти бүтүп эле 18 жашыңызда филармонияга келип, куттуу жерге өмүрүңүздү байлап койгон экенсиз да?
— Филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган мен элемин. Жаш акындар жок болуп, Эстекем шак эле штатка киргизип койгон. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттай берчүбүз. Өзбекстандагы, Тажикстандагы кыргыздарга чейин барчубуз. Менимче, акын, ырчы көбүнчө ошондой сапарларда, эл арасында жүргөндө такшалып, чери да жазылат. Алыстан автобус менен борборго жакындап калганда элдин баары сүйүнчү, менин Фрунзеде там-ташым деле болбогондуктан кайра аймактарга кетип калгым келчү. Жалпы 35 жылга чукул бул жакта иштеп келем, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашап жүрдүм. Ошол жылдары Жаңыл Абдрахманова деген жеңең менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөндүк. Азыр ортобузда Эмир, Байтур деген эки уулубуз бар.
— Башкаларга салыштырмалуу улуу муундагы залкар акындар менен сиз көп иштешип калдыңыз. Алардан алганыңызды кийинки муунга өткөрүү вазийпасы мойнуңузда болсо керек?
— Кесиптик ишмердүүлүк же чыгармачылыкта сөзсүз изденүү талап кылынат. Сиздер кантип изденесиздер?
— Изденүү — жашоонун бир бөлүгү. Ал токтоп калса адам муздап, жашоого көңүлү тартпай калат. Токтоп калган суудай болуп сасып, бака чардаган көлчүккө айланат.
— Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган элеңиз. Эл артистин алганга убакыт келип калган экен да?
— Сыйлыкты берсе алып, бербесе эч качан кейибеш керек. Анткени сыйлык чыгармачылыкка абдан чоң таасир бере албайт, балким, дем-күч болор. Менимче, сыйлык бергенде адамды өкмөт расмий тааныды деп билсек болот. Анан сыйлык руханий эмес, материалдык нерсе. Эң негизгиси, туура ыйгарылып, аны татыктуулар алганы жакшы. Мен деле эл артисти болгонго жарап калдым окшойт.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.
— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.
— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.
— Көбөйтүү жолу кандай болот?
— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.
— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?
— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.
— Кыял-жоруктары кандай болот экен?
— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.
— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.
— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?
— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.
— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?
— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.