Мероприятие по закладке капсулы в основание новой школы

Бишкекте курулушун кытайлык компания каржылай турган мектептин жерпайы түптөлдү

52
(жаңыланган 07:02 10.12.2014)
Бишкек шаарындагы "Калыс-Ордо" конушунда Кытайлык “Tebian Elecfrc Apparatus Stoc Co” компаниясы бөлгөн каражатка мектеп салына турган болду.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Бишкек шаарынын үч миңден ашуун түтүн жашаган "Калыс-Ордо" жаңы конушунда 1 500 окуучуга ылайыкталган мектептин жерпайы түптөлдү. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул иш-чарага катышкан депутат Каныбек Осмоналиев мектептин курулушу 2009-жылы башталып, 2010-жылы кайра токтоп, анын курулушунун айланасында көп талаш-тартыш болгондугун айтты. 

"ЖК бул маселеге эки жолу кайрылып, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети тиешелүү чечим чыгарып берди. Өкмөттүн элдин кызыкчылыгы үчүн маселени оң жагына чечкенине ыраазычылык билдирем", — деди Осмоналиев. 

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бул "калыс ордолуктар" үчүн чоң окуя болуп жаткандыгын, бир жылдан кийин мектептин ачылыш салтанатында эл менен кайрадан жолугууга ниеттенгендигин айтты. 

"Калыс-Ордо" конушунун жашоочусу Абдымамбет Сариев 2011-жылдын аягында мектеп үчүн бөлүнгөн жер айрым бир атка минерлердин кесепетинен сатылып кете жаздаганын, өлкө бийлигине жана тиешелүү мекемелерге кайрылуу жазып, мектепке бөлүнгөн 7 миллион сом акча каражаты кайда кеткендигине иликтөө баштап, демилгелүү топ түзгөндүгүн маалымдады. 

"Акырында ЖКнын Билим берүү илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде кайрылып, маселебиз оң жагына чечилип отурат. Биз, жергиликтүү тургундар, депутат Каныбек Осмоналиевге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз", — деди Сариев. 

  • Мероприятие по закладке капсулы в основание новой школы
    Курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектеп 1500 окуучуга эсептелинген.
    © Фото / пресс-служба мэрии Бишкека
  • Мероприятие по закладке капсулы в основание новой школы
    Иш-чарага шаар мэри Кубанычбек Кулматов, парламенттин депутаты Каныбек Осмоналиев жана Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.
    © Фото / пресс-служба мэрии Бишкека
  • Мероприятие по закладке капсулы в основание новой школы
    Жерпай түптөлдү! Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов бир жылдан кийин жаңы мектептин ачылыш аземинде жолугабыз деп үмүттөнөт.
    © Фото / пресс-служба мэрии Бишкека
  • Мероприятие по закладке капсулы в основание новой школы
    Жерпай түптөө боюнча салтанаттуу иш-чарага чогулгандар жаңы мектептин курулушуна ак жол каалап, бата беришти.
    © Фото / пресс-служба мэрии Бишкека
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека
Курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектеп 1500 окуучуга эсептелинген.

Мектептин жерпайын түптөөгө ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана мэриянын өкүлдөрү катышты.

52
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Tebian Elecfrc Apparatus Stoc Co, Кубанычбек Кулматов, Абдымамбет Сариев, Каныбек Осмоналиев, Калыс-Ордо, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги жаңы конуштарда жаңы мектептер салынат
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык. Архив

Жашына эмес, жарк эткен эмгегине карайт. Токтогул сыйлыгы тууралуу 6 факты

70
(жаңыланган 19:09 16.06.2021)
Мындан 56 жыл мурун Кыргыз ССРинде Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделген. Узак тарыхы бар сыйлык азыркыга чейин кадырлуу болуп эсептелет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги көп жылдан бери берилип келе жаткан наам тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Лауреаттар 2500 рубль алчу

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 1965-жылы 16-июнда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык негизделген. Ал кыргыз адабиятын, искусствосун өнүктүрүп, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармаларды жараткандарга берилген. Эки жылдан кийин аны биринчилерден болуп "Абийир кечирбейт", "Сүйүү жана үмүт" пьесалары үчүн драматург Токтоболот Абдумомунов, "Чабандар" жана "Ысык-Көл — кыргыз деңизи" сүрөтүн тарткан Гапар Айтиев, "Мураталы Куренкеев" китебин жазган музыка таануучу Виктор Виноградов, "Таң алдында" романы үчүн Аалы Токомбаев, театрда "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин, "Король Лирде" Лирдин ролдорун аткарган Муратбек Рыскулов алган. Анда лауреаттардын ар бири 2500 рублден акчалай сыйлык алчу.

Татыктуулар тагынган

1970-жылы "Асель" балетинде Аселдин ролун аткарган Бүбүсара Бейшеналиева, Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында коюлган "Манас" операсынын музыкасын жазган Абдылас Малдыбаев, "Семья" спектаклиндеги Мария Александровнанын, "Горе от ума" спектаклиндеги Софиянын, "Саманчынын жолу" тасмасында Толгонайдын ролун аткарган Бакен Кыдыкеева лауреат болгон.

Кийин ага дирижер Асанкан Жумакматов, кинорежиссер Төлөмүш Океев, композитор Жумамүдүн Шералиев, Мукаш Абдраев, комузчу Самара Токтакунова, сүрөтчү Семен Чуйков, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев, Абдрасул Токтомушев, Өскөн Даникеев, Насирдин Байтемиров, акындардан Жолон Мамытов, Майрамкан Абылкасымова, актерлор Даркүл Күйүкова, Жамал Сейдакматова, Сүймөнкул Чокморов, театр режиссеру Жалил Абдыкадыров, скульптор Тургунбай Садыков, опера ырчылар Токтоналы Сейталиев, Болот Миңжылкыев татыган. Союз маалында жалпы 52 чыгармачыл инсанга берилген.

 Государственная премия Кыргызской Республики имени Токтогула
© Фото / пресс-служба правительства КР
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 1965-жылы 16-июнда негизделген

Кайра жанданган сыйлык

Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы" деп кайрадан түзүлгөн. Аны поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, скульптура, архитектура, театр, радио жана телечыгармалардын авторлоруна берүү чечилген. Ошентип 1989-жылдан тарта берилбей келген сыйлык 1997-жылдан баштап кайра ыйгарылып, "Теңири Манас" романы үчүн Ашым Жакыпбеков, аткаруучу Керим Турапов менен төкмө акын Замирбек Үсөнбаев алган. 1997-жылдан бери 45 инсанга жана эки чыгармачыл жамаатка берилген. Алардын арасында композитор Муратбек Бегалиев, акын Сооронбай Жусуев, жазуучулар Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Казат Акматов, Султан Раев, акындар Эсенгул Ибраев, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, режиссер Актан Абдыкалыков, Садык Шер-Нияз, оператор Хасан Кыдыралиев, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев, ырчы Анарбек Ибраев, Саламат Садыкова, Роза Аманова, скульптор Виктор Шестопал, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Тугелов атындагы "Акмарал" мамлекеттик бий ансамбли бар.

Сыйлык ээлерин тандоо

Аталган сыйлыкка мамлекеттик орган, коомдук уюм, кесиптик кошуун, илимий мекеме, жогорку окуу жай, редакциялык жамааттар өз талапкерлерин көрсөтө алат. Жаш курагы жагынан аларга эч кандай чектөө жок, эмгек стажысы, тажрыйбасы эсептелбейт. Тандоо туруна эски эмгектер, чыгармалар, толук бүтө элек же коомчулуктун назарына сунуштала элек курулуш, скульптура, спектакль, кинофильм, концерттик программалар кабыл алынбайт. Лауреаттарды аныктоодо авторлордун эстетикалык жана тарбиялык мааниси күчтүү, коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалары эске алынат.

 Государственная премия Кыргызской Республики имени Токтогула
© Фото / пресс-служба правительства КР
Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы" деп кайрадан түзүлгөн.

Үч жылда бир берилет

Аталган сыйлык үч жылда бир жолу берилип келет. Эгер талапкер көзү тирүү кезинде сыйлыкка көрсөтүлүп, тапшырууга чейин кайтыш болуп калса деле берилет. Сыйлык ээлерин өкмөттүн алдында түзүлгөн комитет тандайт. Анын курамына адабият, музыка, театр, балет, көркөм өнөр, кинематогафия, илим тармактарында узак убакыттан бери иштеп келе жаткан 25 чыгармачыл инсан, окумуштуу кирет.

Өкмөт башчысы тапшырчу

Баатыр Эне ордени. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга салым кошкондор "Кыргыз Республикасынын адабият, көркөм өнөр жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам ыйгарылат. Буга чейин аларга өкмөт башчысы 100 миң сом, диплом, ардак белги жана лауреаттын күбөлүгүн берип келген. КРдин мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгарууну жөнгө салган документтерге ылайык, Токтогул сыйлыгы мамлекеттик сыйлык системасына кирбейт жана аны алгандарга эч кандай жеңилдик, артыкчылыктар каралган эмес. Наам буга чейин өкмөттүн карамагында болуп келген, азыркы маалда президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Өкмөттүн аталган сыйлык жөнүндөгү жобосунда "Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээсинин ардак белгиси көкүрөктүн оң жагына ордендер менен медалдардан, чет мамлекеттердин бардык ардак белгилеринен өйдө тагылат" деп жазылып турат.

70
Белгилер:
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, сыйлык, Кыргызстан
Тема боюнча
Кадыры кеткен наам-сыйлыктар. Чындап эле пайда-батасы жокпу?

Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер

85
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы мыкты фильмдерди баяндоону улантат. Бул ирет Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер сунушталат.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев 1980-жылы драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартууга киришип, ага оператор Кадыржан Кыдыралиев, сүрөтчү Алексей Макаров, композитор Таштан Эрматов көмөктөшкөн.

Кинофильмде телеканалда иштеген 40 жаштагы кабарчынын жеке жашоосундагы өйдө-төмөн учурлар, элдин жашоо турмушу көрсөтүлүп, адам өмүрүндө эмнеге умтулуп, бактылуу болуу үчүн кандай аракет, кадамдарга барууга даяр экендиги баяндалат. Фильмдин соңунда ал борбордогу жумушун таштап, айылда жалгыз жашаган атасынын жанына барып тиричилигин улантууга аракет жасайт. Тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан.

Аталган кинокартинага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макиль Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору роль жараткан. Ошондой эле хирург Мамбет Мамакеев, залкар опера ырчысы Болот Миңжылкыев, жазуучу Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков да тартылган.

КРдин эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көзү тирүү кезинде ал учурду мындайча эскерген:

"Алтын күзгө" кыргызстандык, казакстандык актёрлор катышып, башкы каарман журналисттин ролун Досхан Жолжаксынов аткарган. Төлөмүш Океев анын актёрдук чеберчилигин баалачу, тасмаларына көп чакырып турар эле. Чындыгында эле бул тасмага кыргыз элинин каймактары тартылган. Алардын арасында Болот Миңжылкыев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамбет Мамакеев да бар. Ошол маалда режиссёр Төлөмүш Океевдин атагы алыска кетип, жылдызы жанып турган кез эле. Себеби ал инсандын тарткан эмгектеринин ар бир эпизоду сүйлөп турчу", — деген Сейдакматова.

Ал эми Океевдин жакын санаалашы, сүйүктүү актёру Сүймөнкул Чокморов кайра-кайра операция болуп жүргөндүктөн бул тасмага тартылбай калган. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста болгон бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.

85
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова

  • Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
    предоставлено Александром Федоровым

    Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда

  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында

  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен

  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы

  • Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру
    предоставлено Александром Федоровым

    Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру

  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
    предоставлено Александром Федоровым

    "Алтын күздү" тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев

  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы

  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов

  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев

  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө

Белгилер:
"Алтын күз" тасмасы, сүрөт, Төлөмүш Океев, режиссер
Тема боюнча
Атасына топурак сала албай калган уулдун шору. Деградация Базаровдун көзү менен
Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады