Крым Амстердамдан скифтердин алтынын кайтарып берүүнү талап кылууда

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүү"Золотая кладовая" Центрального музея Тавриды
Золотая кладовая Центрального музея Тавриды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нидерланддан скифтердин алтын коллекциясын кайтарып берүү иши боюнча соттук угуулар 21-январда башталат.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Крымдын төрт музейи Амстердамдын сотунда Нидерланддан скифтердин алтын коллекциясын кайтарып берүү иши боюнча өз аргументтерин берүүгө даярданып жатышат деп билдирди Тавриданын Борбордук музейинин директору Андрей Мальгин РИА Новостиге.

Кыргыз байларына таандык алтын шуру 390 миң доллар деп бааланды
Ноябрдын аягында Крымдын төрт музейи Аллард Пирсон музейине доомат билдирген арызы менен Амстердамдын сотуна кайрылганы белгилүү болду. Алар скифтердин алтын коллекциясын Нидерланддан Крымга кайтарып берүүнү талап кылууда. Экспонаттарды алууга карата өз укугун Украина тарап да билдирүүдө. 

Нидерланддан скифтердин алтын коллекциясын кайтарып берүү иши боюнча биринчи соттук угуулар 21-январда болот. 

"Биз өз көз карашыбызды негиздеп берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Украина тараптын бир гана аргументи бар. Ал скифтердин алтынын Украинанын улуттук байлыгы деп жарыялаган мамлекеттик мыйзам болуп эсептелет. Башка эч кандай аргументтери жок. Алар бул буюмдарга ээлик кылган эмес, аларды сактоо, изилдөө иштери менен да алектенген эмес… Бул алтынды өзүнүкү деп атоого Киевге караганда Крымдын себеби бир топ көп", — деп баса белгиледи Мальгин.

Ошону менен бирге 21-январда болуучу угуунун алкагында иш менен тааныштыруу тараптардын катышуусу жок өтөрүн белгиледи ал.

Ошол эле учурда Таврида музейинин башчысы "алтын маселеси" боюнча угуулардан башталып, акыркы өкүм чыгарылышы менен бүтө турган сот отуруму узакка созулушу мүмкүн деген божомолун билдирди. 

Миңден ашуун артефакттардан турган скифтердин алтын коллекциясы Амстердамдагы Аллард Пирсон археологиялык музейине көргөзмөгө февраль айынын башында, Крым Россияга кошулганга чейин алынып кеткен.

Коллекцияга беш музейдин скиф мезгилине таандык археологиялык табылгалары кирет. Аталган беш музейдин ичинен Таврида, Керч тарыхый-маданий коругу, Бакчысарай тарыхый-маданий коругу жана "Херсонес Таврический" улуттук коругу Крымга карайт. 

Украинанын Маданият министрлиги коллекциянын бардык экспонаттары Киевге кайтарылышы керек деп эсептейт. Бирок Нидерланддын музейи компетенттүү соттун чечими чыгып же тараптар өз ара макулдашмайынча экспонаттарды Украинага да, Крымга да бербей турууну чечти. Августтун аягында көргөзмө расмий жабылган, бирок коллекция кайра өз ордуна келген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0