Ким Чен Ын жөнүндөгү "Интервью" тасмасы прокатта $36 млн топтоду

© AFP / Robyn BeckАрхив: премьера фильма "Интервью" в США
Архив: премьера фильма Интервью в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын бет ачары 25-декабрда АКШнын 3 миң кинотреатрында өтөрү болжолдонгон. Бирок хакерлердин көп сандагы кол салуулары жана Sony Pictures компаниясынын дарегине коркутуулар бул пландарды өзгөртүүгө алып келген. Коопсуздук максатында тасманын бет ачары кинотеатрларда өткөрүлбөй, аны биринчи интернет аркылуу көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга кол салуу жөнүндөгү "Интервью" деп аталган жаңжалдуу тасма көрсөтүлө баштагандан тартып эки жумадага жетпеген убакытта 36 миллион доллар топтоду деп жазат РИА Новости "Рейтер" агенттигине таянуу менен.

Чуугалаңдуу тасманы интернет-ресурстары аркылуу жайылтуу Sony Pictures компаниясына 31 миллион доллар алып келди. 25-декабрдан тартып 4-январга чейин "Интервьюну" 4,3 миллион жолу акы төлөө менен көрүшкөн. 

Архив: Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: КЭДР Ким Чен Ын жөнүндөгү тасма үчүн АКШдан өч алуу опузасын билдирүүдө
Тасманы АКШнын аймагында кинотеатрларда көрсөтүү ага ээлик кылуучу компанияга дагы 5 миллион доллар алып келди. Түндүк Кореянын жаш лидерине кол салуу жөнүндөгү кинотасма 580 көз карандысыз кинотеатрда көрсөтүлдү. 

Мурдатан тасманын бет ачары 25-декабрда АКШнын 3 миң кинотреатрында өтөт деп болжолдонгон. Бирок хакерлердин көп сандагы кол салуулары жана Sony Pictures компаниясынын дарегине коркутуулар бул пландарды өзгөртүүгө алып келген. Коопсуздук максатында тасманын бет ачары кинотеатрларда өткөрүлбөй, аны биринчи интернет аркылуу көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошого карабай, Кошмо Штаттарынын айрым кинотеатрлары алгачкы пландарынан баш тартпоону чечип, кинотасманы көрсөтүшкөн. Вашингтон буга Пхеньянды күнөөлөп, ал тургай, мындай аракеттер АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат деген. Бирок КЭДР Штаттардын бул айыптоолорун четке какты. 

Жаңы жылдан тартып Sony Pictures Entertainment компаниясына хакердик кол салуулар үчүн АКШ Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөттү. Санкцияга КЭДРдин үч компаниясы, ошондой эле он чиновник, анын ичинде мурда Иранда, Сирияда, КЭРде, Россияда жана Намибияда иштеген кызматкерлер дуушар болду. Тизмеге киргизилген адамдар менен компанияларга америкалык каржы системасынан пайдаланууга, ал эми Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына алар менен биргелешкен иш-аракеттерди жана каржылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0