Церемония вручения премии Золотой орел

Москвада"Алтын бүркүт" кино сыйлыгы тапшырылды

(жаңыланган 14:56 30.01.2015)
Башкы сыйлыкты Никита Михалковдун "Күндүн урушу"тасмасы утуп алды. Михалковдун атаандашы Андрей Звягинцев "Левиафан"аттуу тасмасы үчүн "Мыкты режиссёр" наамына татыды.

БИШКЕК, 25-янв —Sputnik. "Алтын бүркүт" кино сыйлыгын тапшыруу салтанаты жума күнү "Мосфильм"киноконцернинде өттү деп билдирет РИА Новости.

2014-жылдын "Мыкты оюн тасмасы" деп аталган баш байгени Никита Михалковдун "Күндүн урушу"аттуу тасмасы утуп алды, ал эми мыкты режиссёр деп россиялык киноакадемиячылар "Алтын глобустун" ээси, "Левиафан"драмасынын автору Андрейди Звягинцевди аташты.

Сыйлыкты алып жатып, Михалков көрүүчүлөргө жана "кандай керемет жаратып жаткандарын өзүлөрү да түшүнбөгөн укмуштай жакшы адамдар"деп атаган өз командасына ыраазылык билдирди.

"Биздин бул тасманы карай сапарыбыз отуз жети жыл уланды. Эң таң калыштуусу, тасма бүгүнкү күндө болуп жаткандарга ушунча жакын болору оюбузга да келген эмес", —деди режиссёр.

Михалков башкы наамды алууга анын татыктуу атаандаштары болгондугун белгиледи. 

Кесиптеши Станислав Говорухин "Алтын бүркүт" сыйлыгына Россиянын кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн татыктуу болду.

"Муну көп жылдык эмгегим үчүн сыйлык деп кабыл алса болор эле. Бирок бүгүн бары башкача болду", —деп белгиледи Говорухин.

"Алтын бүркүт" — Россиянын улуттук кино сыйлыгы. АлРФтин Кино искусство жана илимдер улуттук академиясы тарабынан 2002-жылдын 4-мартында негизделег. Академиянын президенти — режиссёр Владимир Наумов. Наамдар боюнча тандоону эксперттик кеңеш жүргүзөт. Сыйлык академиянын анык мүчөлөрү менен мүч-корреспонденттеринин добуш берүүжыйынтыктары боюнча ыйгарылат.

Белгилер:
сыйлык, кино, Алтын бүркүт, Станислав Говорухин, Андрей Звягинцев, Никита Михалков
Тема боюнча
АКШда "Оскар" сыйлыгынын талапкерлери аныкталды
"Курманжан Датка" киносу Оскар сыйлыгынын кыска тизмесине кирбей калды

Улуттук банк Жусуп Баласагын тууралуу ролик тартты. Видео

(жаңыланган 00:31 22.04.2021)
Кыргызстандын Улуттук банкы Facebook социалдык тармагына улуу ойчул Жусуп Баласагын тууралуу ролик жарыялады.

Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.

Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.

Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.

Белгилер:
ролик, Жусуп Баласагын, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү

(жаңыланган 18:41 21.04.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.

Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.

"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.

Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.

1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.

Белгилер:
таберик сүрөт, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Чокморовдун ден соолугун алган "Караш-Караш окуясы". Таберик сүрөт
Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
Алай районунда болгон жол кырсыгы

Алайда 6 киши менен бараткан унаа оодарылып, айдоочу мүрт кетти. Сүрөт

(жаңыланган 17:57 22.04.2021)
Кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Алай районунда Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.

Анын айтымында, кырсык 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.

Алай районунун 36 жаштагы тургуну Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып рулду башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзүп, машина оодарылып кеткен.

Анын кесепетинен автоунаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун 24, 25, 41, 54, 61 жаштагы жашоочулары жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну ар кандай жарааттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ш.Д. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилер:
Алай району, өлүм, айдоочу, жол кырсык, Ош
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ош — Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып кетти. Видео