Улуттук китепканада "Чыныгы легендага айланган этнограф" аттуу китеп көргөзмөсү болот

Жазылуу
Белгилүү этнограф Амантур Акматалиевдин 80 жылдыгына карата Улуттук китепканада маданий иш-чара өтөт.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Улуттук китепканада белгилүү этнограф, публицист жана журналист Амантур Акматалиевдин 80 жылдыгына арналган "Чыныгы легендага айланган этнограф" аттуу китеп көргөзмөсү бүгүн ачылат. Бул тууралуу китепкананын маалымат кызматы билдирди.

Элдик өнөрдү, маданиятты сактоодо, этнография боюнча бай материалдарды чогултууда жана кыргыздардын кол өнөрчүлүгүн иликтөөдө анын жасаган эмгеги эбегейсиз.

Акматалиев кыргыздын үрп-адаттарын, алардын ашканасы жөнүндө кенен баяндалган "Адеп", "Мурас", "Нуска" аттуу китептери чыккан. Анын ошондой эле илимий-популярдуу жана публицистикалык "Ата-бала кесиби", "Ленин ордендүү чарбада", "Турганбай", "Кроссберд коюнун мекени" деп аталган эмгектери да жарык көргөн. 

Амантур Акматалиев элдик кол өнөрчүлүктүн муундан-муунга сакталышына, атадан балага өтүшүнө эбегейсиз эмгек жасаган. Ал элдик кол өнөрчүлүктүн катылып жаткан сырларын китеп кылып жазып, кийинки муундарга кенч катары калтырды. Анын "Кыргыздын кол өнөрчүлөрү", "Элдик оймочулук", "Жыгаччылык", "Кыргыздын улуттук кийимдери", "Зергерчилик", "Ат жабдыктары жана тери буюмдары", "Кийизчилик жана түймөчүлүк", "Баба салты, эне адеби", "Кыргыздын үй-тиричилиги" аттуу китептерин кыргыздын кол өнөрчүлүгүн сактап калууга жана аны жайылтууга болгон аракети деп айтсак болот.

Белгилүү этнограф 1934-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. Ал 68 жашында 2002-жылы каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0