"Курманжан Датка" тасмасы россиялык "Ника" сыйлыгына ат салышат

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүү"Ника" кино сыйлыгы. Архив.
Ника кино сыйлыгы. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Курманжан датка" тасмасынан сырткары "Балтиканын жана КМШ мамлекеттеринин мыкты кинотасмасы" категориясында дагы үч тасма ат салышат.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" россиялык беделдүү "Ника" кино сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул туурасында "Айтыш фильмдин" маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, январдын соңунда "Ника" Улуттук кинематографикалык сыйлыкка катыша турган тасмалардын тизмеси жарыяланган. 

"Курманжан Датка" "Балтиканын жана КМШ мамлекеттеринин мыкты кинотасмасы" категориясына талапкерлердин катарына кирген. Бул тасмадан сырткары дагы үч эмгек сунушталган", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Кыргызстандан буга чейин Эрнст Абдыжапаров менен Темир Бирназаровдун тарткан кинотасмалары сунушталган.

Аталган киносыйлык 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү – Юлий Гусман. Киносыйлыктын жеңүүчүлөрү кинематография искусствосу Академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0