"Биртууганчиктин" режиссеру: тасманын уландысын чет өлкөдө тартабыз

© Фото / Данияр БолотбековТасманын сценарийи боюнча Бакыт менен Аман биринчисинин атасы экинчисинин энесине үйлөнгөндөн кийин жаңы туугандардан болуп калышат.
Тасманын сценарийи боюнча Бакыт менен Аман биринчисинин атасы экинчисинин энесине үйлөнгөндөн кийин жаңы туугандардан болуп калышат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
120 жыл мурун, 1895-жылдын 13-февралында бир туугандар Луи менен Огюст Люмьерлер кыймылдуу сүрөттү тартуу үчүн жабдык — комбинацияланган кинокамерага патент алган. Ошол күндүн урматына Sputnik кабарчысы "Биртууганчик" тасмасынын режиссёру Данияр Болотбеков менен маектешти.

БИШКЕК, 13-фев — Sputnik. Январдын башында Бишкекте "Биртууганчик" деп аталган ата мекендик кинокомедиянын бетачары болуп өттү. Тасманы жаратуу жана аны тартуунун улантуу идеясы жөнүндө режиссер Данияр Болотбеков айтып берди.

— Данияр, "Биртууганчик" тасмасын тартуу кандайча оюңузга келди?

— Алгач биз бөлөк тасма тарталы деген элек. Бирок башкы ролдо эки актёр — Шайырлар жана тапкычтар клубунан (КВН) эки бала болорун биз башынан эле билгенбиз. Алардын бири кадимки эле жигит, экинчиси келесоо чалыш өңдүү болот. "Тамашоунун" балдары Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу эсибизге түшүп, аларды чакырдык. Балдар бизге сценарий боюнча өз ойлорун сунушташты. Ага ылайык, комедиянын башкы каармандары жаңы бир туугандар болот, себеби Бакыттын каарманынын атасы бир уулду аялга үйлөнүүнү чечет. Бакыт менен Жеңиш сценарийин жазышты, биз болсо ага өз оңдоолорубузду жана тамашаларды киргиздик. Ошентип тасма жаралды.

— Кинокомедиянын башкы маңызы эмнеде?

— Менин көз карашымда, бул үй-бүлөдөгү мамилелер жана үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө тасма. Айрымдарыбыз үй-бүлө баалуулуктарынын моралдык жактарын унута баштадык, себеби азыр ар бирибиз каалагандай жашап калбадыкпы: ата-энелерге жардам беришпейт, ажырашып жаткандар көп. Акыркы кезде Кыргызстанда үй-бүлө жана нике институту мурдагы маанисин жоготуп баратат. Ошон үчүн биз, эгер башкы каармандар туугандар болсо, тасма үй-бүлөлүк мааниге ээ болот деп ойлодук. Көрүүчүлөргө биздин турмушта үй-бүлөнүн мааниси канчалык чоң экенин баяндап берели дедик. Сценарийге ар бири өзүнүн бир нерсесин кошту, тасманын айрым жерлеринде менин турмушумдан окуялар да бар. 

— Тасманын ийгилигин кандай баалайсыз?

— Мен үчүн тасманын ийгилиги биз алган тажрыйба менен бааланат. Бул Асхат Табалдиев (режиссёр) экөөбүздүн экинчи тасмабыз. Биринчисин мындан туура бир жыл мурун тартканбыз, ал "До+Фа. Экинчи бөлүм" деп аталат. Биринчи көмөчүң күйүп калат дейт эмеспи. Алгачкы тасмабыз каржылык жагынан да, элге таанылышы жагынан да ийгиликтүү болгону менен, өзүбүзгө баары бир жаккан жок. Себеби ал "фильм эрежелери" боюнча жасалган эмес. Көрсө, андай эрежелер бар экен. Ошон үчүн биз экинчи тасманы башкача тартабыз деп чечтик, ал эми кайра эле мурункудай болуп калса, кино тартуунун бизге кереги бар-жогун ойлонобуз дедик. 

Биз азыр "Биртууганчик" жөнүндө жазып жатышкан комментарийлерге, рецензияларга көз жүгүртүп жатабыз. Терс баа берген комментарийлер да бар, бирок алар аз. Көпчүлүгү "бардык көргөн комедиялардын мыктысы" деп айтууда. Бул өзүмдүн дарегиме айтылган эң жылуу сөз. Элдердин тасмаңды азыркы кыргыз кинематографында жакшылардын бири деп эсептеши көңүлгө жагыдуу болот экен. 

© Фото / Данияр БолотбековПо сценарию фильма герои Бакыт и Аман становятся новоиспеченными родственниками, после того как отец Бакыта женится на матери Амана.
1/5
По сценарию фильма герои Бакыт и Аман становятся новоиспеченными родственниками, после того как отец Бакыта женится на матери Амана.
© Фото / Данияр БолотбековКадр съемок кинокомедии "Биртууганчик".
2/5
Кадр съемок кинокомедии "Биртууганчик".
© Фото / Данияр БолотбековРежиссеры фильма Асхат Табалдиев и Данияр Болотбеков.
3/5
Режиссеры фильма Асхат Табалдиев и Данияр Болотбеков.
© Фото / Данияр БолотбековРабочий процесс съемки фильма "Биртууганчик".
4/5
Рабочий процесс съемки фильма "Биртууганчик".
© Фото / Данияр БолотбековГлавные герои фильма Бакыт Осмонканов и Жениш Майрамбек уулу.
Тасманын сценарийи боюнча Бакыт менен Аман биринчисинин атасы экинчисинин энесине үйлөнгөндөн кийин жаңы туугандардан болуп калышат. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Главные герои фильма Бакыт Осмонканов и Жениш Майрамбек уулу.
1/5
По сценарию фильма герои Бакыт и Аман становятся новоиспеченными родственниками, после того как отец Бакыта женится на матери Амана.
2/5
Кадр съемок кинокомедии "Биртууганчик".
3/5
Режиссеры фильма Асхат Табалдиев и Данияр Болотбеков.
4/5
Рабочий процесс съемки фильма "Биртууганчик".
5/5
Главные герои фильма Бакыт Осмонканов и Жениш Майрамбек уулу.

— Тасманын уландысын тартасыздарбы? Эгер планыңарда болсо, ал эмне жөнүндө болот?

— Эгер биздин тасманы көрсөңүз, ал уландысы бар дегендей кыйытуу менен бүтөт. Муну тасманы тарта баштаганда эле ойлогонбуз, себеби эң башынан эле мунун келечегин көргөн болчубуз. Уландысын Кыргызстанда тартпайбыз, себеби бул жерде абдан көп кино тасма тартылды. Биз жаңы чектерге өтүшүбүз керек. Бул биз үчүн чоң тажрыйба болот, себеби чет өлкөдө тартуу кыйыныраак эмеспи. Тасма тартканды үйрөндүк деп айта албайбыз. Асхат экөөбүз өзүбүзгө өтө сын көз караштабыз.

Уландысы эмне жөнүндө болот дейсизби? Бул жашыруун сыр. Бирок кызыктуу болот.

— Акыркы жылдарда Кыргызстанда көп тасма тартылды. Кыргыз кинематографынын келечегин кандай баалайсыз?

— Кыргызстанда көп тасмалар чыгып жатканына кубанам. Демек мунун да бир мааниси, кайсы бир пайдасы бар. Сапаттуу тасмалар көбүрөөк тартылса дейм. Биздин кинематографты өнүктүрбөй жаткан көп майда-чүйдө тоскоолдуктар бар. Бирок азыр сөз башка жөнүндө…

Жаңылыктар түрмөгү
0