Мастер по декоративной обработке кожи

Ошто кол өнөрчүлөргө уздук ыкмалар жана маркетингди өздөштүрүүнү үйрөтүп жатышат

89
(жаңыланган 09:38 26.02.2015)
Ошто өтүп жаткан "Мурастар жана Кайра жаралуу" форуму Италияда өтүүчү кол өнөрчүлөрдүн жармаңкелерине катыша турган көл өнөрчүлүк буюмдарын аныктайт.

Бишкек, 26-фев. — Sputnik. Ош шаарында "Мурастар жана Кайра жаралуу" деп аталган кол өнөрчүлөр менен дизайнерлерге көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган эл аралык форум башталды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Жаш уздар эки күн бою заманбап маркетинг ыкмаларын колдону менен өздөрүнүн колунан чыккан продукцияларды сатууну үйрөнүшөт. Кол өнөрчүлүктүн жана мода дүйнөсүнүн ар кыл агымдары менен таанышып, алардын мындан аркы ишине пайдасы тие турган жаңы тажрыйбаларды, кеп-кеңештерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. 

Иш-чаранын дагы бир максаты – кыргызстандык жаш дизайнерлер жана маркетинг боюнча эми гана иш баштап келе жаткандар адистер менен италиялык дизайнерлердин жолугушуусун уюштуруу, андан сырткары жаңы, жаш дизайнерлердин изденип иштеп, заманбап кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн түзүүсү үчүн тажрыйбасын арттыруу. 

Аталган форум тажрыйба алмашуу менен катар эле кол өнөрчүлөрдүн ЕХРО-2015 деп аталган жана кол өнөрчүлүк боюнча Милан шаарында өтө турган эл аралык жармаңкеге алып бара турган продукциясын аныктап, тандайт. 

Форумдун уюштуруучулары Кыргызстан менен Тажикстандын кооперативдерине мүчө кол өнөрчү кыз-келиндерди окутуп-үйрөтүү, алардын колунан чыккан продукциялардын атаандаштыкка туруштук бергендей сапатта жана түрдө жасалышына шарт түзүүгө ниеттенип жатышат.

89
Белгилер:
Ош, Кыргызстан, Тажикстан, Милан, кол өнөрчүлүк
Тема боюнча
Улуттук китепканада "Чыныгы легендага айланган этнограф" аттуу китеп көргөзмөсү болот

Кыргыздардын тунгуч блокбастери. "Буктурма" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер

22
  • Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков
  • Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган
  • Киночуларды башкарган кинорежиссёр
  • Буктурмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган
  • Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан
  •  Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул
  • Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот
  • Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган
  • Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар
  • Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров
  • Буктурма фильми Базаровдун Саманчынын жолунан кийинки ири эмгеги болгон
  • Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган
КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Геннадий Базаров 1969-жылы "Буктурма" тасмасын тарткан. Ал эмгек ата мекендик кинематографиянын тарыхында жаралган биринчи блокбастер болгон.

"Буктурма" фильминин сценарийин Хасан Булатов, Герасим Дегальцев, Асан Шершенов жазган. Тасмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы өлкөдөгү коомдук-саясий абал баяндалат. Анын режиссёру Геннадий Базаров болуп, операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган. Совет бийлиги менен басмачылардын тиреши, чек арачылардын оор иши көрсөтүлөт.

Базаровдун ал фильми кыргыз киночулары жараткан блокбастер жанрындагы биринчи эмгек болчу. Анда Игорь Ледогоров, Салават Исхаков, Владимир Балон, Афанасий Кочетков, Николай Дупак, Медел Маниязов, Леонид Ясиновский, Ашыралы Боталиев, Абдыашым Көбөгөнов, Иван Кузнецов роль жараткан.

СССРде кинокартинанын популярдуулугу артып, көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасмалардын сап башына чыгып, мамлекетке бир топ киреше алып келген.

"Кыргыз керемети" жөнүндө кызыктуу материалды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

22
  • Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков
    © Sputnik / Александр Федоров

    Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков

  • Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган

  • Киночуларды башкарган кинорежиссёр
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночуларды башкарган кинорежиссёр

  • Буктурмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Буктурмада" өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган

  • Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан

  •  Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул

  • Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот

  • Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган

  • Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар

  • Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров
    © Sputnik / Александр Федоров

    Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров

  • Буктурма фильми Базаровдун Саманчынын жолунан кийинки ири эмгеги болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Буктурма" фильми Базаровдун "Саманчынын жолунан" кийинки ири эмгеги болгон

  • Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган

Белгилер:
режиссер, Геннадий Базаров, сүрөт, тасма, кино тасма
Тема боюнча
Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү
Согушка жибербей коюшкан. Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси
Өз киндигин өзү кесип жетилген. Исхак Раззаковдун сүрөттө калган ирмемдери
Шаарга таң калган эки кемпир. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынан ирмемдер
3-жашар манасчыМанас эпосунун күнүндө

Үч жашар бала "Манас" айтып... Эпостун күнүнө арналган иш-чарадан сүрөттөр

55
(жаңыланган 17:14 04.12.2021)
Иш-чарага катышкан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзү манасчынын уулу экенине сыймыктанарын айтып, табият берген талантты багып, аны аздектеп сактоого чакырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бүгүн, 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чара белгилүү манасчылар Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналды.

  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Бүгүн, 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Ошондой эле "Манас", "Семетей", "Сейтек" жана башка эпостордун жаңы чыккан китептеринин көргөзмөсү жана сүрөт көргөзмөсү сунушталган.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар жана кеңири коомчулук катышты.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Майрамдык салтанат манасчылар катышкан концерттик программа менен коштолгон.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзү манасчынын уулу экенине сыймыктанарын айтып, табият берген талантты багып, аны аздектеп сактоого чакырды.

    Мындан сырткары, "Манас" айтсак кулак бүтөт ташка дагы, манасчылар өнөргө бай башка дагы" аталышындагы пролог да көрсөтүлгөн.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
1 / 8
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
Бүгүн, 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар жана кеңири коомчулук катышты.

Министр Жаманкулов дүйнө жүзүндө элдик оозеки чыгармалардын эң көлөмдүүсү катары таанылган даңазалуу эпостун атагы алыска кетип, улуттун сыймыгына айлангандыгы тууралуу кайрылуу жасаган.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзү манасчынын уулу экенине сыймыктанарын айтып, табият берген талантты багып, аны аздектеп сактоого чакырды.

"Улут өзүнүн өзгөчөлүгүн ушундай кайталангыс бай маданияты жана мурасы менен сыймыктана алат. Уучубуз куру эмес экенине күбө болдум. Үч жашар баладан тарта "Манас" айтканын көрүп, баарыбыз кубанып, жүрөгүбүз элжиреп турат. "Манасты" сактоого жана даңазалоого бардык аракеттерибизди бирге жумшайлы", — деди Касмамбетов.

Майрамдык салтанат манасчылар катышкан концерттик программа менен коштолгон. Ошондой эле "Манас", "Семетей", "Сейтек" жана башка эпостордун жаңы чыккан китептеринин көргөзмөсү жана сүрөт көргөзмөсү сунушталган. Мындан сырткары, "Манас" айтсак кулак бүтөт ташка дагы, манасчылар өнөргө бай башка дагы" аталышындагы пролог да көрсөтүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө манасчыларга президенттин жана министрлер кабинетинин энчилүү сааттары жана ыраазычылык каты тапшырылган.

55
Белгилер:
Азамат Жаманкулов, Манас, маданият, манасчы, иш-чара
Тема боюнча
"Манас" айтсак кулак бүтөт ташка да... Эпостун күнүнө карата иш-чара өтөт