Акция в честь Дня ак калпака на площади Ала-Тоо.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында ак калпак күнү белгиленүүдө

259
(жаңыланган 12:50 05.03.2015)
Ак калпак күнүн майрамдоо үчүн Ала-Тоо аянтына чогулган жүздөгөн киши ак калпактын улуулугун белгилешип, мындан кийин ак калпак менен ак элечек күнүн бирге майрамдоону сунушташты.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбордук аянтка чогулган эл кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпактын уникалдуулугун айтып, аны муундан муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүгүн белгилешти. Бул иш-чарага маданият өкүлдөрү, белгилүү ырчы, акындар, бийчилер жана шаар тургундары катышты. 

  • Акция в честь Дня ак калпака на площади Ала-Тоо.
    Ала-Тоо аянтында ак калпак күнү белгиленүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Акция в честь Дня ак калпака на площади Ала-Тоо.
    Ала-Тоо аянтында ак калпак күнү белгиленүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Акция в честь Дня ак калпака на площади Ала-Тоо.
    Ала-Тоо аянтында ак калпак күнү белгиленүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Акция в честь Дня ак калпака на площади Ала-Тоо.
    Ала-Тоо аянтында ак калпак күнү белгиленүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Акция в честь Дня ак калпака на площади Ала-Тоо.
    Ала-Тоо аянтында ак калпак күнү белгиленүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ала-Тоо аянтында ак калпак күнү белгиленүүдө

Көрөнүктүү коомдук-маданий ишмер Түгөлбай Казаков ааламдашуу доорунда өзүнүн тарыхын, үрп-адат, каада-салтын сактап калган гана эл улут катары сакталып кала турганын баса белгиледи.

"Ак калпакты бир эле күн эмес, аны дайыма даңазалап, эстеп туруу керек. Ааламдашуу доорунда руханий дүйнөсү бийик, көрөңгөсү терең гана эл сакталып калат. Мен кыргыздарды ушундай улут деп ишенем", — деди ал.

Казаков ак калпак менен ак элечек күнүн бирге өткөрүү демилгесин колдой турганын айтты.

"Ак калпакты ак элечексиз элестетүү кыйын экен. Андыктан кыргыздын эки улуу баш кийимин биргеликте даңазалап, бирге белгилейли", — деп кошумчалады ал.

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова баш кийим дайыма улук экенин айтып, келгендерге Апаз Жайнаковдун "Ала-Тоо" деген ырын аткарып берди.

Маданият, туризм жана маалымат министри Алтынбек Максүтов ак калпак менен ак элечекти ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча азыр аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

"Учурда ак калпак жана ак элечек боюнча этнографиялык изилдөөлөр жүрүп, ал тууралуу фильм тартылууда. Буюрса биз бул изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы менен улуттук баш кийимибизди ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине каттатууну көздөп жатабыз", — деди ал.

Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин коомдук активисттер көтөрүп чыккан. 2011-жылдын 5-мартынан тарта ак калпак күнү өлкөнүн бардык облус райондорунда белгиленип келет.

Ак калпак жөнүндө кеңири маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүздөр >>

259
Белгилер:
майрам, ак калпак, Ак калпак күнү, Алтынбек Максүтов, Түгөлбай Казаков, Саламат Садыкова
Тема боюнча
Калпак - кыргыздын улуттук баш кийими

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

15
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

15
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү
Кыргызстандык актёр Болот Тентимишов. Архив

Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты

916
(жаңыланган 09:38 23.06.2021)
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 28 жылдан бери сахнада жүргөн инсандын чыгармачылыгы менен жеке жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Элеттен Ленинградга кетип. Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер адамы болсо, энеси айыл чарба тармагында эмгектенген. Бала кезинен эле актёрлукка жакын өспүрүмгө ата-энеси колдоо көрсөтүп турган. Ошондуктан айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Николай Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов на сцене театра
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза Айтматова
Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген.

Күндүз жоокер, кечкисин актёр. Бирок орто жолдо түрдүү себептерден улам окуусун токтотуп Томск шаарына аскерге кеткен. Ал жактан да чыгармачылыктан алыстай албай күндүз жоокер болуп, кечкисин театрга барып иштеп жүргөн. Кызмат өтөп бүткөн соң Советтер Союзу тарап кетип, окуусун Бишкектен улантууга мажбур болгон.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов на сцене театра
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза Айтматова
КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон.

Театрга байланган жаштык, сүйүү. Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон. Ал жерде 1997-жылга чейин иштеген. Кийин КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон. Так ошол маданий жайдан өзүнүн болочоктогу жубайы, Щепкин атындагы жогорку театралдык учи́лищесинин бүтүрүүчүсүн жолуктуруп бактысын тапкан.

Актер Болот Тентимышов во время съемок фильма Ата
© Фото / Чолпонбек Маматов
Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон

Театр жана кино актёру. Актёр 2009-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында эмгектенип келет. КРдин эмгек сиңирген артисти "Ромео жана Жульеттада" Тибальт , Меркуционун, "Отеллодо" Отеллонун, "Манас жөнүндө баянда" Алманбеттин, "Король Лирде" Герцог Албанский, шут, Кент, "Ак бешиктин тилегинде" Орозкул сыяктуу ондогон образдарды жаратып, 28 жылдан бери театрда. Бул убакыт аралыгында Дания, Украина, Башкыртстандагы фестивалдарга катышып, Түркия, Россия, Румыния, Германия, Колумбия, Иран, Казакстандагы сахналарда ойногон. Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты бир нече жылдан бери өзүн кинематографияда сынап келет. Актёр "Аталардын керээзи", "Аврора", "Ата", "Кудалар", "Кентавр", "Ээнсиреген үй", "Эки баатыр" фильмдеринде роль жаратып таанылган.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду

Тамада, окутуучу... Актёр буга чейин жакшылыктарды алып барып тамада болгон жайы да бар. Андан сырткары, жаштарга жол көрсөтүп устат болуп, эл арасындагы таланттарды актёрлук өнөргө таптап, кесиптештери менен "Жаш ысымдар" фестивалын уюштурган.

Үч баланын атасы. Болот Тентимишовдун келинчеги Сайрагүл Эсенбаева актриса, экөө тең көп жылдан бери театрда иштеп келет. Жубайлар учурда үч баланын ата-энеси.

916
Белгилер:
факты, Болот Тентимишов, актер, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Курсташына 18 жашында үйлөнгөн. Актёр Азиз Мурадиллаев тууралуу 6 факты
Вагондон жүк түшүрүп бүлөсүн баккан Миңжылкыев. Опера ырчысы тууралуу 8 факты
Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан боз үйлөр. Архивдик сүрөт

Тоого кар жаайт. Бейшембиге карата аба ырайы

0
24-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы