Мыктыбек Арстанбек: "Халал" деп ишенип жей бербей, жарандар да азык-түлүктү текшериши керек

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүү"Халал" индустриясы. Архив
Халал индустриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мыктыбек Арстанбек алардын борбору берген сертификатка эле ишенип жей бербей, жарандар да текшерип, мекемелердин жоопкерчилигин талап кылуусу керек дейт.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстанда азык-түлүктү "адалдаштыруу" учурда кандай жүрүүдө, ал канча мөөнөткө берилет, коңшу Казакстандын "Халал" маркировкасынан баш тартып, "адал" деген түшүнүк киргизүү сунушу жана башка суроолор боюнча Мыктыбек Арстанбек Sputnik сайтынын кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Бүгүнкү күнү "халал" стандартына туура келет деген сертификатты сиздердин борбор берет. Ал кандай шартта жана канча мөөнөткө берилет?

— Биздин борбор 2012-жылдан баштап иштеп келет. Биз бекитилген эл аралык стандарттардын негизинде иш жүргүзөбүз. Тактап айтканда, алгач мекеме менен келишим түзүлөт. Анын адистерин "халал" стандарттары боюнча окутабыз, экзамен алабыз, түшүнбөгөндөрүн кайра окутабыз. Андан соң мекеменин өндүрүштүк конвейери изилденет жана анын Шариаттын талабына туура келбеген жерлери болсо, алар жоюлат. Алар биздин талаптарды толук ишке ашырса жана продукциясы толугу менен биздин талаптарга жооп бергенде гана "Бул мекеме Шариат талаптарына ылайык өндүрөт" деген күбөлүктү бир жылга беребиз. Учурда жүздөй ишканага ушундай сертификаттар берилди. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде алар биздин адистердин көзөмөлүндө болот. Кандайдар бир кошулмасын аныктоо үчүн кээде лабораторияларга кайрылабыз. Биздеги эң күчтүү жана заманбап лабораториялар менен келишимдерибиз бар. Эгер бизден сертификат алган мекеме келишимди бузуп арам кошсо, аны менен келишим токтотулат жана сертификат артка чакыртылып, элге жарыяланат. Былтыр эт саткан ирандык чоң дүкөндөн сертификатты кайта чакыртып алганбыз.

Айтмакчы, биз бул иштин баарын акчага жасайбыз. Анткени түйшүк оор. Бизди эч ким каржылабайт жана иштин көлөмүнө жараша чыгашаларыбыз да бар. Сертификат берүү канча сом болору бул ишканалардын коммерциялык сыры болуп эсептелет.

Эл бизге ишенет. Бизге ошол керек. Аллах алдындагы аманатыбызды ак жол менен актоого аракеттенебиз. Бирок, биз: "Биздин сертификатка эле ишенип жей бербеңиздер. Өзүңүздөр да текшерип, мекемелердин жоопкерчилигин талап кылыңыздар" — деп элге да кайрылып турабыз. Себеби, айдоочуга айдоочулук күбөлүк берилет жана ал айдоочулук күбөлүк эми авария болбойт деген кепилдикти бербейт. Бизде да авария болушу мүмкүн. Пендебиз. Бизди Аллах сактасын. 

Жакында эле бизден сертификат алып, алдаган мекемелерди тапкан журналисттерге сыйлык жарыяладык. 

— 1-марттан тарта коңшу Казакстан "халал" маркировкасынан баш тартып, "адал" деген жаңы маркировканы киргизгени жатышат. Мындай демилгенин көтөрүлүшүн Казакстандын Дин иштери боюнча башкармалыгы – "халал" стандарты тиешеси жок бардык жерлерге берилип жатышын жүйөө келтирүүдө. "Адал" стандарты бир гана тамак-ашка берилет экен…

— Сиздин сурооңузга бир аз көлөмдүү жооп берүүгө туура келет. Биринчиден "Халалдан" баш тартуу өтө оор күнөө. Эгер "адал" стандарты буга чейинки "халал" стандарттарын кайталай турган болсо, аны алмаштыруунун кандай муктаждыгы бар? Же бирөө жарым "халал" деген сөздү түшүнбөй жатабы? Менимче кеп башкада болсо керек.

"Халал" тиешеси жок жерлерге берилгени үчүн" деген да себеп эмес. Анткени, Шариаттын тиешеси жок бир да жер жок. Же адам жашоосунун Шариаттын тиешеси жок чөйрөсү бар бекен? Муну окумуштуумун деген адам айтпайт. Анын үстүнө муфтият деңгээлинде.

Шариат адам жашоосунун ар бир чөйрөсүнө тиешеси бар. Ажатканада отуруудан баштап, космоско чейин тиешеси жана өкүмдөрү бар. Бирок, кимдир бирөө "халал" такси же "халал" мейманкана болоорун билбеши мүмкүн. Бул башка кеп. Тактап кетели, такси да, мейманкана да Шариат негизинде тейленсе элде "халал" деп аталат. Тагыраак айтканда такси аял менен эркек кардарлардын ортосундагы тартипти кепилдөөсү, ал эми мейманкана ойноштукка жол бербөөсү керек деген Шариаттын стандарттары бар. Демек дин өкүмдөрү ар бир чөйрөгө өкүм берет.

Эми стандарт деген эмне? Ал кандайдыр бир нерсенин үлгүсү. Халал стандарттарын Шариаттын негизинде айылдын молдосу деле чыгара алат. Казакстан муфтиятынын "адал" стандарттарын биринчиден мен көрө элекмин. Аны алар иштеп чыкканда да кайсы мекеме алат? Бул чоң маселе. Анткени, Казакстандын халал индустриясы дүйнөлүк аты чыккан уюмдар жана аалымдар иштеп чыккан эл аралык стандарттар менен иштейт. Ошондуктан, алардын сертификаттарын өлкөнүн ичинде 700гө жакын ишкана, анын сыртында Швеция, Канада, Россия, Мексика, Иранга чейин кезекке туруп алышат. Ал мекеменин адистери эл аралык деңгээлдеги эксперттер. Казакстандагы "халал" индустриясы Малайзиядан кийинки эле мекеме, ал SMIIC уюмунан (Бүткүл дүйнөлүк мусулман өлкөлөрүнүн уюму) аккредитация алган. Алар Малайзиянын тең ата өнөктөшү. Россиянын, Татарстандын, Кавказдын бир катар сертификат берүүчү уюмдары ушул Казакстандын халал индустриясынан окушкан. Ал эми бул жаңы "адалды" ким иштеп чыккан, аны стандарт катары ким тааныйт жана аны ким алат? Бул да чоң суроо.

1-марттан баштап кантип "халал" стандарттарын жок кылат? Аны алган мекемелерди жабышабы же аларды биздин "адалды" алгыла деп зордошобу? Булар эл аралык деңгээлде танылган ISO (Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм), HACCP (Тобокелчиликтерди жана кооптуу жерлерди анализдоо) стандарттарынын катарындагы нормаларды кантип жоготушат? Менимче маселе конкуренцияда. Дагы кимдир бирөөлөр өз алдынча сертификат чөйрөсүнө киргиси келип жатат. Бирок, бирөөнү жамандоо, адамдарды Шариат маселелеринде чаңытып иш баштаганы туура эмес. Алардын стандарттары чыксын, аны мекемелер алсын анан мактанышса болмок. 

Айтмакчы, алар Кыргызстанга да келип, муфтият жана башкалар менен жолугушуп, биздикилерди да тукуруп кетишкен имиш. Биздикилер эмне деп жооп беришти, кудай билет. Негизинен рынок бул конкуренция жана биз аны түшүнөбүз. Бирок, конкуренция да Шариаттын негизинде жүргөнү жакшы.

— Бизге ушундай жаңы стандарт киргизүү керекпи? 

— Биз да эл аралык стандарттар менен иштейбиз. Өзүбүздүн улуттук стандарт керек деп бизди уруша бергенинен, өзүбүзчө стандарт иштеп чыксак, ошол эле бизди урушкандар "кереги жок, бизде эл аралык стандарттар бар" деп кайра албай коюшту. Демек, бизде да "ичи тызылдагандар" бар. Алар өздөрү бир жарытылуу деле иш кыла алышпайт. Бирок, коомдук пикирди чайкаганга уста.

Жаңылыктар түрмөгү
0