"Алыкул Осмонов энциклопедиясы" акындын 100 жылдыгына карата жарыкка чыкты

Жазылуу
Кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун мааракесине карата энциклопедия жарык көрдү. Энциклопедиянын бет ачары 13-мартта Улуттук илимдер академиясынын чоң залында болот.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Улуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине арналган "Алыкул Осмонов энциклопедиясы" жарык көргөнүн Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган китепке акындын өмүр баяны, чыгармачылык тарыхы, эмгектери тууралуу кеңири маалымат кирди.

Энциклопедиянын бет ачары 13-мартта Улуттук илимдер академиясынын чоң залында болот. Ага акын-жазуучулар, адабият таануучу жана акындын чыгармачылыгына кызыккандар катышат.

"Алыкул Осмонов энциклопедиясы" 500 нуска менен "Бийиктик плюс" басмаканасынан коомдук ишмерлер Чыныбай Турсунбеков менен Артыкбай Осмоновдун колдоосу менен жарык көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0