Киргизский писатель Мар Байджиев

Мар Байжиевдин пьесасы Абхазиядагы театрдын сезонун ачты

116
(жаңыланган 10:49 26.03.2015)
Белгилүү кыргыз драматургу Мар Байжиевдин пьесасы абдан популярдуу. Анын тематикасы, психологиялык мааңызы дайыма актуалдуу жана, анан калса, бизге жакын дейт спектаклдин режиссёру Сырбей Сангулия

БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Абхазиянын Ткуарчал шаарында Ш.А.Пачалиа атындагы мамлекеттик комедия театрынын быйылкы сезону кыргыз драматургу Мар Байжиевдин "Алтынчы күнү кечинде" пьесасы боюнча жаңы оюн менен башталды. Бул туурасында Абхазиянын Sputnik агенттиги спектаклдин режиссёру Сырбей Сангулияга таянуу менен билдирет.

"Белгилүү кыргыз драматургу Мар Байжиевдин пьесасы абдан популярдуу. Анын тематикасы, психологиялык мааңызы дайыма актуалдуу жана, анан калса, бизге жакын", — деди Сангулия.

Режиссердун айтымында, Мар Байжиевдин "Алтынчы күнү кечинде"  аттуу үч бөлүмдөн турган трагикомедиясында укук ченемдери менен эмес, адамдардын бирге өмүр сүрүүсүндөгү моралдык эрежелер менен жөнгө салынуучу адеп-ахлак принциптери берилет. 

Ткуарчал театрынын актеру Нури Жинджолия алардын труппасы Маданият үйүнүн сахнасы ачылышын чыдамсыздык менен күтүшкөнүн айтты. 

"Маданият үйүндө оңдоп кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканына карабай, биз үзгүлтүксүз репетиция жасап жаттык. Ар түрдүү спектаклдер менен республиканын Ткуарчал жана башка райондорун кыдырдык. Бүгүн биздин чоң жана жаңы сахналуу болгонубузга кубанычтуубуз, биз үчүн кенен-кесири ойногонго мүмкүнчүлүк пайда болду", — дейт Жинджолия.

Режиссер Сырбей Сангулиянын айтымында, театрда 15 актер эмгектенет. Алардын арасында театр ачылгандан бери иштеп келе жаткан эл артисттер да, жаңы гана актерлук чеберчиликке үйрөнүп жаткан жаш адистер да бар. 

"Биз жаңы сезонго көрүүчүлөр үчүн бир нече спектакль даярдадык. Мурдатан коюлуп жүргөн оюндар менен катар, абхаз жазуучуларынын аңгемелери боюнча коюлган жаңы спектаклдер да бар", — деп баса белгиледи Сырбей Сангулия.

Ткуарчал мамлекеттик комедия театры 1955-жылы негизделген. Биринчи бетачары улуу абхаз актеру, режиссеру, драматургу, СССРдин эл артисти Шарах Пачалианын "Чоң үйлөнүү тою" болгон. Драматург каза болгондон кийин анын аты театрга берилген.

2009-жылдан тартып Ш.А.Пачалиа атындагы мамлекеттик комедия тетарынын көркөм жетекчиси жана режиссеру болуп Абхазиянын эмгек сиңирген артисти Сырбей Сангулия эмгектенет.

Абхазия элинин 1992-93-жылдардагы ата мекендик согуш мезгилинде театрдын иши токтотулган. Андан кийин ал Самсон Чабдын "Ант" деп аталган аңгемеси менен кайра ачылган болчу. Аны эл акыны жана жазуучу Баграт Шинкуба сахналаштырган.

116
Белгилер:
Мар Байжиев, Абхазия
Тема боюнча
Куурчактар… куурчактар… Куурчак театры
Казак опера жана балет театрынын Бишкектеги гастролу аншлаг менен өттү
Куурчак театры аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдарына спектакль тартуулады
Рахат Ачылованы жерге берүү зыйнаты 7-мартта кыргыз академиялык театрда болот

Бишкекте белгиленген Россия күнү. Оюн-зоок менен өткөн майрамдан 12 сүрөт

92
  • Бишкекте Русская душа маданий фестивалы өттү
  • Бул иш-чара Россия күнүнө арналып уюштурулду
  • Майрам Орус драма театрынын алдында өттү
  • Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленди
  • Шаардыктар үчүн артисттер орус элдик ырларын жана бийлерин аткарышты
  • Ошондой эле жарманке дагы уюштурулду
  • Кол өнөрчүлөр жасаган эмгектерин алып чыгышкан
  • Айрым соодагерлер өзгөчө шөкөттөлгөн кийимдерди кийип келишкен
  • Аны менен катар оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди
  • Балдар үчүн да чоң шоу-программадагы концерт тартууланды
  • Майрамдык иш-чарага келген шаардыктардын саны арбын болду
  • Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкекте жана Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү
Бишкекте Россия күнү белгиленип, майрам элдик оюн-зоок программасы менен шаңдуу өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын алдында "Русская душа" аталышындагы фестиваль уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерти, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болду.

Ошондой эле Россия элинин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана жарманкелер ачылган.

Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленип жатканы айтылат.

92
  • Бишкекте Русская душа маданий фестивалы өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкекте "Русская душа" маданий фестивалы өттү

  • Бул иш-чара Россия күнүнө арналып уюштурулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул иш-чара Россия күнүнө арналып уюштурулду

  • Майрам Орус драма театрынын алдында өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Майрам Орус драма театрынын алдында өттү

  • Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленди

  • Шаардыктар үчүн артисттер орус элдик ырларын жана бийлерин аткарышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шаардыктар үчүн артисттер орус элдик ырларын жана бийлерин аткарышты

  • Ошондой эле жарманке дагы уюштурулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошондой эле жарманке дагы уюштурулду

  • Кол өнөрчүлөр жасаган эмгектерин алып чыгышкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кол өнөрчүлөр жасаган эмгектерин алып чыгышкан

  • Айрым соодагерлер өзгөчө шөкөттөлгөн кийимдерди кийип келишкен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айрым соодагерлер өзгөчө шөкөттөлгөн кийимдерди кийип келишкен

  • Аны менен катар оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аны менен катар оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди

  • Балдар үчүн да чоң шоу-программадагы концерт тартууланды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Балдар үчүн да чоң шоу-программадагы концерт тартууланды

  • Майрамдык иш-чарага келген шаардыктардын саны арбын болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Майрамдык иш-чарага келген шаардыктардын саны арбын болду

  • Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкекте жана Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкекте жана Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү

Белгилер:
фестиваль, концерт, майрам, Россия күнү
Тема боюнча
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт

Быйыл Кыргызстанда Россия күнү алгачкы ирет масштабдуу түрдө белгиленди. Видео

65
(жаңыланган 18:18 12.06.2021)
Бүгүн борбор калаада Россия күнү белгиленип, майрам элдик оюн-зоок программасы менен шаңдуу өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын алдында "Русская душа" аталышындагы фестиваль уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерти, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди.

Ошондой эле орус тамактарынан даам татуу, Россия элинин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана жарманкелер ачылган.

"Кыргызстан менен Россиянын тарыхы бир, достук мамилеси бекем өлкөлөр. Ошондуктан биз элдик оюн-зоок стилиндеги майрам уюштурууну чечтик. Бири-биризге руханий жактан көбүрөөк аралашуу дурус, андыктан биз Карамзиндин "Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бир гана кара күч эмес, адеп-ахлак дагы керек" деген сөзүн слоган катары алдык. Бизди бириктирип турган жан дүйнө, салт-санаа тууралуу сүйлөшкүбүз келди", — деди фестивалдын уюштуруучусу Галина Кетова.

Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленип жатканы айтылат.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкек, Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү.

65
Белгилер:
фестиваль, концерт, майрам, Россия күнү
Тема боюнча
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
АКШ президенти Жо Байден

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат

50
Мындай нерселерге мамлекет согуш алдында барат", – деп үстүртөн белгилей кетти РФ Тышкы чалгындоо кызматынын полковниги, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору Андрей Безруков теледеги талкуулардын биринде.

Кеп америкалык администрациянын чындап эле орчундуу акциясы жөнүндө. Быйыл февраль айында Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы өтө маанилүү товарлар менен жабдуу чынжырчасынан өлкөлөрдүн көз карандылыгын иликтөөнү буюрган. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Дмитрий Косыревдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.

Иликтөө Жо Байдендин Европага болгон сапарынын алдында аяктап туру. Иш сапардын алкагында ал РФ президенти Владимир Путин менен да кезигет. Женевада өтө турган бул жолугушуу АКШ багытынын дүйнөлүк аренада эбак бышып жетилген жана абдан олуттуу бурулушунун бир бөлүгү гана болмокчу. Бул тууралуу кеп алдыда болсун.

Ал эми бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын өзүнүн кеминде эле үч тармакта көз карандылыгы аныкталды. Атап айтсак, дары-дармек, жарым өткөргүчтөр жана сейрек кездешүүчү металлдар (элементтер) менен жабдуу АКШнын талуу маселелеринен. Ар биринде Кытай, башкача айтканда, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк аренада тең салмакташ бул державадан кооптуу көз карандылыгы жөнүндө сөз жүрөт.

Ал эми жакында экинчи акция старт алды. Инновациялар жана атаандаштык тууралуу мыйзам иштелип чыгып, АКШ сенатында каралды. Жакын арада күчүнө кирет. Мында баарынан оболу кеп ошол эле держава менен атаандаштык туурасында. Аталган мыйзам боюнча Американын экономикасынын Кытайдын алдында атаандаштык жөндөмүн арттырууга 250 миллиард доллар, тагыраагы, инновациялык иштелмелерди жана америкалык алдыңкы тармактарды колдоону тездетүүгө субсидия бөлүнүүдө. Анткен менен АКШ узак жылдар бою алдыңкы жана башка көптөгөн багыттарга кытайлык мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшүнө жол берилбестигин түшүндүрүп келишкен. Алар Пекиндин "Кытайда жасалган – 2025" программасын натуура атаандаштыктын үлгүсү жана кастыктын дал өзү катары жарыялашкан. Кезегинде Пекин эрежелерден четтеп, оюнду чынчылдык менен жүргүзгөн жок деп айыпташкан эле. Эми болсо Кытайдын оюнунан майнап чыгып, глобалдык масштабда утушка ээ болуп турганда АКШ кылы кыйшайбастан аны туураганга белсенди.

Эксперттер демократтар администрациясы реиндустриализация демилгесин республикачылардан мураска алганын, мында кеп ондогон жылдарга эсептелген программалар жөнүндө экенин белгилешет. Лондондогу The Guardian басылмасынын баяндамачысы бул он жылдыктын аягында Кытай экономиканын көлөмү боюнча АКШны кууп жетерин жоромолдойт. Бул менен дүйнөлүк технологиялык лидерликке ээ болот (дал ушул нерсе Пентагондун түн уйкусун бузууда – ред.). АКШ үчүн лидерликти башкага алдыруу абдан кооптуу. Бири-бирине тыгыз байланышкан бул көрүнүштөрдөгү негизги түшүнүк — "технологиялар". Жылына өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн жалпы көлөмү, албетте, маанилүү, бирок пропагандалык планда гана... Ал эми технологиялык артыкчылык жаатында бул эки ири державанын бирдей макамы бирин азапка салат, ал эми Кытайдын дүйнөлүк технологиялык лидерликке көтөрүлүшү экинчиси үчүн азаптын азабы эмеспи. Жо Байдендин Европага сапары дал ушундай маанайда даярдалган. Жогоруда аталган лондондук гезиттеги макала да ушул дипломатиялык каршы чыгуунун бүт концепциясын так сүрөттөгөн. Байден Батыш лидерлери менен Улуу Британиядагы Корнуоллдо G7 саммитинин алкагында кезикти. Андан соң НАТО жана европалык түзүмдөр менен сүйлөшөт. Эң оболу дээрлик Кытай тууралуу гана кеп козголору болжонгон. Шектене караган европалыктарды Байден бул ирет экинчи кансыз согушка чакырууга ниеткер. Бул ирет Кытай менен... Союздаштары толук түрдө Кошмо Штаттар келтирген жүйөлөргө ынанабы? Татаал собол. Эгер кайра The Guardian басылмасына таянсак, анда атын атабаган дипломат "европалыктарга Кытайдын (тигил же бул кырдаалда) кадамдары жакпашы ыктымал, бирок америкалыктар дүйнөдө күч жагынан тең келген Кытайдын өзү, анын ар кай багыттагы кадамдарынын эч бирин кыртышы сүйбөстүгүн" айтып берген.

Женевадагы саммит бул жагынан алып караганда Байдендин Европага болгон сапарынан тыш. Москва менен эки тараптуу алакалар ал үчүн экинчи планда. Болду-болбоду америкалык президент алдыдагы он жылдыкта АКШ менен Кытайдын кансыз согушу боюнча Россиянын көз карашын билип, тамырын тартып көрөт. Албетте, Москванын Пекин менен тирешке макул болорун эч ким күтпөйт. Анткен менен Россия андай болжолдуу жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн билип алуу Америкага пайдалуу.

Болбосо бири жеңилип, бири озуп бараткан эки күчтүү держава, бири экинчисине туруштук берүү далалатында. Экөө тең — экономикалык гиганттар жана технологиялык лидерлер, ошондуктан потенциалдуу пайдалуу өнөктөштөр. Бири Россияга эмнелерди гана жасабады, экинчиси андай жамандыктарга барган жок, ыңгайы келген жерден кызматташууну өрчүтүп келет. Мындайда Москванын кандай позициясын элестетүүгө болот?

50
Белгилер:
чалгындоо, Москва, Россия
Тема боюнча
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
Өз үйлөрүндөгүдөй. Түркиянын “жумшак күч” саясаты