Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналат

Жазылуу
Осмоновдун аркасы менен Шекспир, Пушкин, Руставели, Перро, Чуковский жана Маршак кыргыз тилинде сүйлөй баштаган.

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштайт. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын өз эне тилинде окуй алышкан. 

Осмоновдун өмүр жана өлүм, согуш жана тынчтык жөнүндө, карапайым адамдар жөнүндө чыгармалары азыр да элдин сүймөнчүгүнө ээ. Биздин белгилүү он замандашыбыз Осмоновдун чыгармаларын окуп беришет. Алыкулдун ырларын биздин сайттан угуңуздар.

Долбоордун техникалык өнөктөшү "Алиппе ТВ" ААКга ыраазычылык билдиребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0