Акматалиев: Алыкул акындын 1915-жылы эмес, 1914-жылы туулганы такталды

© Sputnik / Расул УсеналиевКыргызский литератор, айтматовед, доктор филологических наук Абдылдажан Акматалиев
Кыргызский литератор, айтматовед, доктор филологических наук Абдылдажан Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адабиятчы Абдылдажан Акматалиев "Алыкул Осмонов энциклопедиясына" буга чейин коомго белгисиз болуп келген фактылар документтер менен тастыкталып киргизилгенин айтат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда, акын туурасында буга чейин коомчулукка белгисиз болгон маалыматтар айтылды. 

Ага Казакстан, Кытай, Түркия мамлекеттеринен да белгилүү окумуштуулар, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын профессорлору, жазуучулар, коомдук ишмерлер жана студенттер катышууда.

Филология илимдеринин доктору, профессор жана "Алыкул Осмонов энциклопедиясын" түзүүчүлөрдүн бири Абдылдажан Акматалиев белгилүү классик акын 1914-жылы туулганы архивдик материалдар менен тастыкталганын маалымдады.

"Буга чейин Алыкул Осмоновду 1915-жылы туулган деп келгенбиз. Бирок, биз энциклопедияны түзүп жатканда, архивдик материалдарды карап, акындын профсоюздук билетин, аскер билетин таап, ал жакта акындын 1914-жылы туулганын документтер менен тастыктадык", — деди ал.

Акматалиев "Алыкул Осмонов энциклопедиясы" чыгармачыл кишилерге арналып чыккан экинчи энциклопедия экенин айтып, биринчиси Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына карата "Токтогул" деген ат менен былтыр басмадан чыкканын кошумчалады.

Быйыл акындын 100 жылдыгын белгилөө боюнча өкмөттүн атайын токтому чыккан. Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун мааракесине карата бир топ маданий иш-чаралар уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0