Санкт-Петербургга коюла турган Болот Миңжылкиевдин бюсту даяр болду

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүОперный певец Булат Минжилкиев во время выступления
Оперный певец Булат Минжилкиев во время выступления - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мариин театрынын алдына белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин бюсту апрелдин ортосунда коюлат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен даярдалып жаткан Болот Миңжылкиевдин бюсти дээрлик даяр болуп калганын аны жасап жаткан скульптор Аскар Турумбеков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Турумбеков 60 сантиметрлик бюст колодон куюлганын айтты. Аны Өмүрбай Үсөбаев куйган.

"Бюстун көлөмү Болот Миңжылкиевдин чыныгы келбетинен 130 пайызга чоң болот. Аны колодон жакында эле куюп бүттүк. Азыр иштин 95 пайызы бүтүп калды", — деди ал.

Турумбеков бюстун алдына Талас аймагынан алдырылган кызыл гранит коюула турганынн айтып, эстеликке 250 миң сом керектелгенин кошумчалады. 

© Фото / Аскар ТурумбековБюст кыргызского оперного певца, педагога, народного артиста СССР Болота Абдуллаевича Минжилкиева. Скульпторы Аскар Турумбеков, Омурбай Усебаев
Бюст кыргызского оперного певца, педагога, народного артиста СССР Болота Абдуллаевича Минжилкиева. Скульпторы Аскар Турумбеков, Омурбай Усебаев - Sputnik Кыргызстан
Бюст кыргызского оперного певца, педагога, народного артиста СССР Болота Абдуллаевича Минжилкиева. Скульпторы Аскар Турумбеков, Омурбай Усебаев

СССРдин эл артисти, КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Миңжылкиев бюсту Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мариин театрына 17-апрелде орнотуларын скульптор Аскар Турумбеков билдирди.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 2014-жылдын аягында СССРдин эл артисти, КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Миңжылкиевдин элесин дагы бир ирет түбөлүккө калтыруу туурасындагы маселени караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0