Бишкекте корей киносунун фестивалы өтөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКинозал ичинде. Архив
Кинозал ичинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын алкагында 18-майдан 22-майга чейин "Манас" кинотеатрында түштүк кореяда тартылган кинолор бекер көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкек шаарында 18-майдан 22-майга чейин "Манас" кинотеатрында түштүк кореялык кинолордун фестивалы боло турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында биринчи жолу жаңы номинация киргизилди
Бул маданий иш чара Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Кореянын кинематографисттер кеңеши (KOFIC) менен биргеликте корей маданияты-2015 бир айлыгынын алкагында өтүүдө.

Фестивалдын алкагында "Манас" кинотеатрында түштүк кореяда тартылган кинолор бекер көрсөтүлөт.

Көрүүчүлөргө "Линия фронта" (аскерий драма, режиссер Чжанг Хун), Гангстер-шаман" (комедия, мистика, режиссер Жо Чжин Гю), "Воры" (боевик, криминал, режиссер Чхве Дон Хун) жана "Зеленые дни" (мультфильм, драма, режиссер Ан Чже Хун) тасмалары көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0