Маданият кызматкерлерин жаш артисттер менен келишим түзүүгө милдеттендирүү каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековШествие Дедов Морозов по центру Бишкека
Шествие Дедов Морозов по центру Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрдүү факторлорго жана себептерге карабастан, жаш артисттин театрда ойноо учурунда жана концерттик аянтта кезинде болуп кетүүчү коопчулуктарга ата-энелер толук баа бербеши мүмкүн деп эсептейт депутат Сабиров.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Маданият кызматкерлерин өспүрүм артисттер менен келишим түзүүгө милдеттендирүү Жогорку Кеңеште демилгеленди.

Эмгек кодексине түзөтүү сунушун "Республика" фракциясынын лидери Максат Сабиров киргизген.

Анын айтымында, түрдүү факторлорго жана себептерге карабастан жаш артисттин театрда ойноо учурунда жана концерттик аянтта кезинде болуп кете турган коопчулктарга ата-энелер толук баа бербеши мүмкүн.

Сабиров билдиргендей, эл аралык эмгек уюму бир канча жылдан бери балдардын эмгегин кинематографияда жана театр оюндарында колдонуу боюнча өзүнүн тынчсыздануусун билдирип келет.

Эл өкүлү 14 жашка чыга элек жаш артисттер менен ата-энесинин кат түрүндөгү макулдугу менен гана келишим түзүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0