Жусуп Баласагындын айкели. Архив

Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейи белгиленет

2175
(жаңыланган 16:49 13.05.2015)
Кыргызстан Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде белгилейт. Бул жааттагы алгачкы иштерге 1 млн. сом каралды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Залкар ойчул, окумуштуу, акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейи 2015-2016-жылдары эл аралык деңгээлде белгиленет. Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев "Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө" Жарлыгына кол койду.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргызстандыктардын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн ойчулдун идеяларын жайылтуу максатында юбилейдин алкагында бир нече иш-чаралар өткөрүлөт.

Президенттин Жарлыгына ылайык, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы 2015-2016-жылдары  улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленмекчи. Бул байланыштуу даанышман, окумуштуунун юбилейин даярдап, өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт. 

Коомчулукта, биринчи кезекте жалпы билим берүү уюмдарында, жогорку окуу жайларында жана маданий мекемелерде улуттук жана эл аралык долбоорлордун, анын ичинде жарандык коом демилгечилеринин колдоосу менен кеңири маалыматтык жана агартуу иштери өткөрүлөт. 

Андан сырткары, Баласагындын "Кутадгу билиг" эмгегинин кол жазмаларын тактоо жана аны кайрадан жайылтуу, илимий жактан карап, азыркы кыргыз тилине которуу иштери колго алынмакчы. 

Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору – Баласагын шаарында туулган.

"Жусуп Баласагын – кыргыз жана башка түрк элдеринин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өзгөчө барктуу инсан. Чыгыш мусулман кайра жаралуу доорунун залкар ойчулу, Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери мамлекеттик башкаруунун теориясына жана тажрыйбасына, түрк дүйнөсүнүн руханий асыл-нарктарын жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон", — деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. 

Юбилейлик иш-чаралардын ичинен биринчи кезектегилерин жүзөгө ашыруу боюнча иштерди Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте жүргүзүү үчүн Президентине караштуу Билим берүү фондунан 1 000 000 сом Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондуна бөлүндү. 

2175
Белгилер:
юбилей, "Кутадгу билиг", Жусуп Баласагын, Алмазбек Атамбаев, Баласагын шаары
Тема боюнча
Маданият кызматкерлерин жаш артисттер менен келишим түзүүгө милдеттендирүү каралууда
Вена шаарында Кыргызстандагы саясий, маданий окуяларды чагылдырган cүрөт көргөзмөсү өттү
Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналат
Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков. Архив

Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды

25
(жаңыланган 11:27 16.01.2021)
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) "Мыкты режиссёр" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" маалымдады.

1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан кинофестиваль адатта 10-17-ноябрь күндөрү болчу. Бирок пандемияга байланыштуу ал январга жылдырылып, бул ирет онлайын форматта өткөрүлдү.

Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.

Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка татыган.

25
Белгилер:
Артыкпай Сүйүндүков, сыйлык, Индия, Кыргызстан
Тема боюнча
Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды
Сүйүндүков: "Шамбала" — 40 жылдан бери пландап келе жаткан тасмам

Созгон сайын үнү ачылып... Токон Эшпаевдин сүрөттө калган элеси

234
(жаңыланган 19:46 15.01.2021)
  • Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
  • Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
  • 1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
  • 1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
  • Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
  • 1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
  • Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
  • Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
  • Ал Ай, эжеке, Ак көйнөкчөн аппак кыз, Акманым, Ак тилек, Ардагым, Атама, Гүлдө, Кыргызстан, Жаштык, Каалаймын өмүр көктөмүн, Керме-Тоо жылдыздары, Өзгөчөм, Өмүр салтанаты, Чакырат Чаткалым, Эжеке деп аталган ырлардын автору болгон.
  • Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
  • Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
  • Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
Классик обончу, белгилүү ырчы Токон Эшпаев быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка толмок. 1970-80-жылдары белгилүү обончунун аккордеон менен аткарган ырлары азыр да эл оозунда.

Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.

Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.

Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.

Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.

Ал Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде билим алып, кадимки Рыспай Абдыкадыров менен тайпалаш эле. Студент кезинде эле 1970-жылы Иноват Камбаралиевага баш кошуп, экөө беш баланын ата-энеси болушат.

1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.

Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.

Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.

Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.

234
  • Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.

  • Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.

  • 1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.

  • 1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.

  • Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.

  • 1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.

  • Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө

  • Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.

  • Ал Ай, эжеке, Ак көйнөкчөн аппак кыз, Акманым, Ак тилек, Ардагым, Атама, Гүлдө, Кыргызстан, Жаштык, Каалаймын өмүр көктөмүн, Керме-Тоо жылдыздары, Өзгөчөм, Өмүр салтанаты, Чакырат Чаткалым, Эжеке деп аталган ырлардын автору болгон.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.

  • Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн

  • Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан

  • Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.

Белгилер:
Сүрөт, обончу, ыр, Ош, Токон Эшпаев
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Карта ойноп жаткан адам. Архив

Инимди кумар оюндарынан кантип чыгарам. Бир тууганы санаага салган аялдын каты

0
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.

Сиздерге психологдун кеңешин алуу үчүн кайрылып жатам. Менин да 35 жаштагы бир тууган иниме байланыштуу көйгөй жаралууда. Иним шаар жеринде турат. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болсо да жаман адаттын артынан түшүп алып, аялын эле эмес бизди да түйшүккө салууда. Мындан жети жыл мурун үйлөнгөндө бир туугандар чогулуп, борбордон мейманкана тибиндеги бөлмө алып бергенбиз. Азыр ошондо турушат. Андан бери эч ирденбей койду. Келинибиз тигүүчү болуп иштеп, балдарынын окуусуна, тамак-ашына, күнүмдүк жашоого акча таап жүрөт. Кийим-кечектерине биз жардам беребиз. Аялы кетип калбаса экен деп сарсанаабыз. Анткени бир тууганыбыз үйдүн кожоюну катары жумушта иштеп акча таппайт. Тактап айтканда, акыркы 3-4 жылдан бери такыр эле бекерчиликке көнүп алды. Мурда мектепте иштечү, кийин таксист болуп жүрүп кырсыкка кабылып машинасын сатты. Ошондон бери эле өзгөрдү. Кумар оюндарына кандайча, ким аркылуу кызыгып кеткени белгисиз. Айланасы ошондой болуп жатабы, айтор, жоро-жолдоштору менен үйлөргө барып мелдешип карта ойнойт экен. Футболду да акчага мелдешип ойношорун уктум. Өзүнөн сурасак ачылып айтпайт. Жакшыраак жумуш издеп жатканын айтып кутулат. Мектептен жумуш таап берсек, айлыгы аз деп көңүлдөнбөйт. Жок дегенде кароолчу болуп бир жерге орношуп алса деле жакшы болот эле. Эмне ойлоп жүргөнү белгисиз.

Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.

Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.

0
Белгилер:
жигит, кумаркана, Гүлнара Жасоолова, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты