Жусуп Баласагындын "Куттуу билими" бир нече чет тилдерине которулмакчы

Жазылуу
Ойчул, даанышман Жусуп Баласагындын юбилейине карата ал туурасында көркөм тасма тартылып, анын философиялык чыгармасы бир нече тилге которулат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата улуу ойчул, даанышмандын "Кутадгу билиг" чыгармасын жайылтуу, аны байыркы түрк тилинен азыркы кыргыз тилине жана чакан көлөмдө башка тилдерге которуу иштери жасалмакчы. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынын кабарлашты.

Жусуп Баласагындын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейи белгиленет
Жусуп Баласагын жана анын аталган чыгармасы боюнча илимий-изилдөө иштери, тарыхчылардын, түркологдордун, филологдордун, философтордун жана саясат таануучулардын эл аралык конференциялары өтөт.

Жогорку окуу жайларынын окуу пландарына, биринчи кезекте, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо боюнча окуу планына Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" китебинин идеяларына арналган темаларды иштеп чыгып киргизүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында сабактарды өткөрүү үчүн методикалык колдонмо иштеп чыгуу каралууда. 

Юбилейдин алкагында Карахандар доору жөнүндө даректүү фильм жана Жусуп Баласагын жөнүндө көркөм фильм тартуу, юбилейлик эстелик медалдарын жана тыйындарды чыгаруу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0