Алгачкы бий олимпиадасы Кыргызстанда өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кара-Жорго" кыргыз улуттук бийи. Архив
Кара-Жорго кыргыз улуттук бийи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бий олимпиадасын өткөрүү Эл аралык бий уюму менен макулдашылган. Анын жыйынтыгы менен 2017-жылы АКШда IDO версиясы боюнча өтө турган чемпионатка катышуу үчүн мыкты бий топтору жана соло аткаруучулар тандалып алынмакчы.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте 2015-жылдын 3-7-июнь күндөрү биринчи эл аралык олимпиада өтөрүн КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. 

Борбордук Азияда өтө турган алгачкы бий олимпиадасына Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген бий топтору жана соло аткаруучулар катыша алат. Катталуу 2015-жылдын 23-майына чейин жүрөт.

Бийчи робот чет жактын эмес өзүбүздүн, кыргызстандык окуучулардын колунан жаралды
Программага бийдин элдик, классикалык, балет, эстрада, чыгыш, спорт хореографиясы, модерн, контемпорари түрлөрү кирген. Көчө бийлерине кирген брейкинг, локинг, хип-хоп, социалдык бийлер өзүнчө багыт катары бааланмакчы. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн para dance бийи каралган. 

Сынакта ар кыл жаш курактагы бийчилер өз өнөрүн тартууламакчы. Ал эми калыстар тобунун курамы IDO калыстарынан, КР жана чет өлкөлүк адистерден жана квалификациялык семинардан өткөн калыстардан куралат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Бий олимпиадасын өткөрүү Эл аралык бий уюму (International Dance Organization, IDO) менен макулдашылган. Анын жыйынтыгы менен 2017-жылы АКШда IDO версиясы боюнча өтө турган чемпионатка катышуу үчүн мыкты бий топтору жана соло аткаруучулар тандалып алынмакчы. 

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, аталган иш-чара жаштардын бий искусствосу жана спорт жаатындагы жетишкендиктерин популяризациялоого, бий искусствосу жана спорт аркылуу улут биримдигин чыңдоого, массалык дене тарбия жана спортту көтөрүүгө багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0