Бишкекте Түркмөнстандын маданий күндөрү башталды

© Sputnik / Виктор Панов / Медиабанкка өтүүТүркмөнстан. Архив
Түркмөнстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркмөнстандын Кыргызстандагы маданий күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы жума күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт.

БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Бүгүн Бишкекте Түркмөнстандын Кыргызстандагы маданий күндөрү башталарын КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында саат 18.00дө башталат.

Ошто бүгүн "Сулайман тоо – тынчтыктын, ынтымактын символу" майрамы өтөт
Түркмөнстандын маданий күндөрүнүн алкагында 23-май күнү саат 10.00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде түркмөн кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылат.

2015-жылдын 23-24-май күндөрү саат 16.00дөн баштап Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө түркмөн кинолору тартууланат.

Түркмөнстандын КР маданий күндөрүнүн жабылуу аземи жана эки өлкөнүн маданият жана искусство чеберлинин биргелешкен гала-концерти 24-май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. 

Аталган иш-чараларга кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0