Таласта июндун башында республикалык VII театр фестивалы өтөт

Жазылуу
Кыргызстанда өтүүчү театр фестивалында коюлган спектаклдер талкууланып, режиссерлор мастер-класстарды өткөрөт.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Июнь айынын алгачкы жумасында Таласта республикалык VII театр фестивалы өтүп, ал Кыргыз ССРинин эл артисти, ырчы Анвар Куттубаеванын 100 жылдыгына арналат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Куурчак театры аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдарына спектакль тартуулады
Фестивалдын максаты — жаңы театралдык багыттарды аныктоо, режиссердук жаңычылдыктарды табуу жана мурдатан келе жаткан театралдык традициялар менен маданий мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрүн сактап калуу. 

Бул майрамга Жалал-Абад жана Баткен облустарынан сырткары аймактык жана Бишкек шаарынан бардыгы болуп сегиз театр келет. 

Фестивалдын алкагында коюлган спектаклдер талкууланып, андан сырткары режиссерлор мастер-класстарды өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0