Германиялыктар Бонн шаарында боз үй менен таанышты

Жазылуу
Кыргызстандын экспозициясы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жергиликтүү басылмаларда, телеканалдарда кеңири чагылдырылган көрүнүш болду.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Германиянын Бонн шаарынын борбордук аянтында бардык жасалгасы менен кыргыз боз үйү тигилгенин ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Бонн шаарынын башкармалыгы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу дүйнө элдеринин маданиятынын эл аралык майрамы 31-майда өттү. 170тен ашуун улуттун өкүлү жашаган шаарда өткөрүлгөн майрамдын башкы максаты дүйнө элдеринин маданияты жана каада-салты менен тааныштыруу болуп саналат.

Майрамга 100дөн ашык ар кыл уюмдар, бирикмелер, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөр, улуттук маданият борборлору катышкан.

"Шаардын борбордук аянтында бардык жасалгасы менен кыргыз боз үйү тигилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин жана кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган кыргыз экспозициясында кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, КР жөнүндө маалыматтык материалдар көрсөтүлдү. Конокторго улуттук тамак-аш тартууланып, кыргызстандыктардын катышуусу менен чакан концерт коюлду.

"Кыргызстандын экспозициясы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жергиликтүү басылмаларда, теле жана радиодо кеңири чагылдырылган көрүнүш болду. Бул Түндүк Рейн Вестфалиянын Кыргызстан менен жакындан таанышуусуна өбөлгө түздү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү жашоочулар менен туристтерди Кыргызстандан алып барган барган буюм-тайымдар кайдыгер калтырган жок.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы боюнча sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>>

Жаңылыктар түрмөгү
0