Тажик бий тобу. Архив

Тажикстандын чеберлери кыргызстандыктарга өз өнөрлөрүн тартуулайт

19
(жаңыланган 12:41 04.06.2015)
Бишкекте Тажикстандын маданият күндөрү өтүп, Чүй облусунун бир катар маданият үйлөрүндө майрамдык иш-чаралар болот.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-июнунан 13-июнга чейин Тажикстандын маданият күндөрү өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул маданий иш-чаранын алкагында Чүй облусунун бир катар маданият үйлөрүндө концерттик программалар өтөт.

Тажикстандын маданият күндөрүнүн ачылыш аземи 8-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. 

Ошондой эле Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 9-июндан 14-июнга чейин тажик сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери элдин назарына коюлат. Андан сырткары, 10-июндан тартып  бир жума бою Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө тажик кинолору көрсөтүлөт.

Кара-Балта шаарында жана Аламүдүн районунунун Лебединовка айылындагы маданият үйүндө тажикстандык өнөр адамдары концерттик программасын жергиликтүү тургундарга тартуулайт.

Маданият күндөрүнүн жабылышы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында гала-концерт менен аяктайт.

19
Белгилер:
маданият күндөрү, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Тажикстан
Тема боюнча
Кобяков: Беларусь Кыргызстан менен кызматташууга кызыгат
Турдубаев: Тажикстандан электр кубатын импорттоодо позициябызда бекем турабыз
КР менен Тажикстандын чек арачылары чыр болуп кетсе, курал колдонбоону чечишти
Пикирлер