Замирбек Баялиев манасчылардын эл аралык фестивалында жеңүүчү болду

© Фото / Ринат МурзаевКыргыз манасчы Замирбек Баялиев. Архив
Кыргыз манасчы Замирбек Баялиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык манасчынын жеңишке жетиши кыргыз элинин маданиятынын жана "Манас" эпосунун өзгөчөлүгүн даңазалап турат.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Саха Республикасындагы (Якутия) Якутск шаарында өткөн "По зову земли Олонхо" аттуу манасчылардын биринчи эл аралык фестивалында кыргызстандык Замирбек Баялиев биринчи орунга ээ болгонун "Замандаш" ассоциациясы билдирет.

Фестиваль 17-18-июнь күндөрү Арчы үйүндө өткөн. 

"Замандаш" ассоциациясы мүчөсү Эсен Сайдыкуловдун айтымында, кыргызстандык манасчынын жеңишке жетиши кыргыз элинин маданиятынын жана "Манас" эпосунун өзгөчөлүгүн даңазалап турат.

"Бул жерге биздин манасчыны колдойлу деп келдик. Замир манасчынын биринчи орунга ээ болушу бизди аябай толкундатты, көкүрөгүбүзгө сыймык толду", — деди Сайдыкулов.

Эл аралык фестивалга Якутия, Монголия, Тыва, Хакасия, Кыргызстан, Калмыкия, Башкыртстан, Азербайжандан келген айтуучулар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0