БИШКЕК, 21-июнь — Sputnik. Таш-Дөбөдөгү жайлоо бала бакчасында 22-июнда Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" кинотасмасы көрсөтүлөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун маалымат кызматы билдирди.
Аталган фонд өнөктөштөр менен биргеликте бул жайда өлкө боюнча 85 жайлоо бала бакчасын ачууну пландап жатат.Океевдин "Бакайдын жайыты" деп аталган бул шедевр картинасы бардык жайлоо бала бакчаларда көрсөтүлөт. Бул акция улуу кинорежиссер Океевдин жакындап келе жаткан 80 жылдык юблейин утурлай жасалууда. Маданий иш-чарага Океев атындагы фонд, Маданият, маалымат жана турзим министрлигинен өкүлдөр, жайлоо бала бакчасы долбоорунун өнөктөштөрү катышат.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) "Мыкты режиссёр" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" маалымдады.
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.
Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка татыган.
Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.
Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.
Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.
Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.
Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.