Октябрь айында Кувейтте Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

© ЧПП КР в Государстве КувейтКыргызстандын элчиси Жусупбек Шарипов Кувейттин маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук кеңешинин жетекчиси Али Юха менен жолугушту.
Кыргызстандын элчиси Жусупбек Шарипов Кувейттин маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук кеңешинин жетекчиси Али Юха менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Шарипов Али Юханы Кыргызстанга иш-сапар менен келип кетүүгө чакырды.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Сентябрь айында Кувейттин маданият күндөрү Кыргызстанда өтөт, ал эми Кыргызстан ушундай эле иш-чараны аталган өлкөдө октябрда өткөрмөкчү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кувейт шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кувейт Кыргызстандагы эки ири долбоорго жардам бермей болду
Кыргызстандын элчиси Жусупбек Шарипов Кувейттин маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук кеңешинин жетекчиси Али Юха менен жолугуп, маданий иш-чараларды талкуулады. 

Тараптар Кыргызстан менен Кувейттин мындан аркы ар тараптуу кызматташуусун да талкуулады. 

Элчи Шарипов Али Юханы Кыргызстанга иш-сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0