"Курманжан датка" тасмасы эл аралык кинофестивалдын негизги сынагына катышат

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга тынчтыкты, ишенимди, толеранттуулукту даңазалаган тасмалар тандалып, иш-чара "гумандуу кино фестивалы" деген аталышка ээ.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы Казань шаарында өтө турган мусулман киносунун эл аралык кинофестивалынын негизги сынагына киргизилгенин Кинематография департаменти билдирет. 

Курманжан Датка тасмасынан бир кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан Датка" тарыхый тасмасы түрк тилине которулду
Маалыматка ылайык, мусулман киносунун фестивалы үстүбүздөгү жылдын 5-11-сентябрында Татарстандын борбору Казань шаарында өтөт. 

Сынакта 50 тасма ат салышат.

Мусулман киносунун Казань эл аралык фестивалы 2005-жылдан тарта Россия өкмөтүнүн, Татарстан президентинин колдоосу менен өткөрүлүп келет. Фестивалга тынчтыкты, ишенимди, толеранттуулукту даңазалаган тасмалар тандалып, иш-чара "гумандуу кино фестивалы" деген аталышка ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0