Кыргызстандын "Топурагы" Кипрге барат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКипрдеги Лимасол шаары. Архив
Кипрдеги Лимасол шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төлөмүш Океев атындагы улуттук киностудияда тартылган "Топурак" тасмасы фестивалдын "Эл аралык сынак" программасына киргизилди.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Кипрде өтө турган кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" аттуу тасмасы катыша турганын Кинематография департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, фестиваль үстүбүздөгү жылдын 17-23-октябрь күндөрү Кипрдин Лемасол шаарында өтөт. 

Төлөмүш Океев атындагы улуттук киностудияда тартылган "Топурак" тасмасы фестивалдын "Эл аралык сынак" программасына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0