"Мейкин Азия" фестивалынын биринчи күнү аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдө эстрада аткаруучуларынын эл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын биринчи күнү.
Ысык-Көлдө эстрада аткаруучуларынын эл аралык Мейкин Азия фестивалынын биринчи күнү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын эрежеси боюнча биринчи күнү катышуучулар өз тилдеринде ыр аткарышты. Бүгүн улана турган иш-чарада катышуучулар дүйнөлүк хиттерден аткарышы керек.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Ысык-Көлдө эстрада аткаруучуларынын эл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын биринчи күнү аяктады. 

"Мейкин Азияда" кыргызстандык Адилет Азимов биринчи болуп чыгат
Маданий иш-чараны премьер-министр Темир Сариев ачып, фестиваль Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө салым кошорун билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июлда саат кечки сегизде башталган иш-чара түнкү 12ге чейин уланган. 

Бахрейнден келген ырчы Кыргызстанды бир көрүп эле жактырганын айтат
Сахнага биринчи болуп чүчүкулактын жыйынтыгы менен кыргызстандык ырчы, бир катар кароо-сынактардын лауреаты Адилет Азимов чыкты. Фестивалга Кыргызстандын атынан Азимовдон тышкары, Руслан Асанкан уулу, Ак-Мөөр Болотбек кызы жана Аксай Муканбет уулу катышат.

Ошондо эле алгачкы "Мейкин Азия" фестивалынын баш байгесинин ээси казакстандык Димаш Кудайберген, кыргызстандык "Тумар Арт" триосу, Белоруссиядан, Хакасиядан келген ардактуу коноктор да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Фестивалдын эрежеси боюнча биринчи күнү катышуучулар өз тилдериндеги ырларды аткарышты. Бүгүн улана турган иш-чарада катышуучулар дүйнөлүк хиттерден аткарышы керек. 

Ысык-Көлдүн "Рух Ордо" комплексинде өтүп жаткан бул маданий иш-чара 25-июлда жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи жана ири гала-концерт менен аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0