Юнусов: "Мейкин Азия" ушундай жогорку деңгээлде өтөт деп ойлогон эмесмин

© Sputnik / Таалай ОроскуловЭл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын эң жаш катышуучусу Тажикстандан келген Шохрух Юнусов.
Эл аралык Мейкин Азия фестивалынын эң жаш катышуучусу Тажикстандан келген Шохрух Юнусов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Славян базары" фестивалынын жана Италиянын Сан-Ремосунда өткөн балдар конкурсунун лауреаты тажикстандык Шохрух Юнусов биринчи күнү өз мекенине арналган "Республика иман" чыгармасын аткарса, экинчи күнү түрк ырын ырдаган.

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын эң жаш катышуучусу Тажикстандан келген Шохрух Юнусов Sputnik агенттигинин кабарчысы менен маектешип жатып, фестиваль мынчалык жогорку деңгээлде өтөрүн күтпөгөнүн билдирди.

17 жаштагы Юнусов Канибадам шаарында жашап, каникул маалында ар кыл кароо-сынактарга барарын айтты.

"Бул жолкусунда Кыргызстанга келдим. Мага жериңер, өзгөчө меймандос элиңер менен ажайып көлдүн кооздугу абдан жакты", — дейт жаш талант.

Юнусовдун айтымында, ал фестивалдын ушундай жогорку кесипкөйлүк деңгээлде өтөрүн күткөн эмес. Биринчи күнү өнөрпоз өз мекени жөнүндө "Республика иман" чыгармасын аткарса, экинчи күнү түрк ырын ырдаган.

"Мен балдар арасында өткөрүлгөн "Славян базары" фестивалынын жана Италиянын Сан-Ремо шаарында өткөн балдар конкурсунун лауреатымын. Бул жакта улуулар арасынан жаш аткаруучу катары байге алам деп үмүттөнүп турам", — деп белгиледи ырчы.

Мектепти аяктагандан кийин Юсупов консерваториядан билим алат.

"Азырынча кайсынысына барарымды чече элекмин. Мени учурда Түркиянын Фатих колледжи жана мугалимим Атхан Халиков сабак берген Миландагы Бельканто академиясы күтүп турат", — деп ой бөлүштү фестивалдын катышуучусу.

Ырдан тышкары, Юсупов футболго, сууда сүзүүгө жана машина айдоого абдан кызыгат.

"Бирок азырынча айдоочулук күбөлүгүм жок. Ага карабай атамдан жашырынып машинасын айдайм. Биздин шаарда мынчалык машина көп эмес, милиция кызматкерлери да азыраак" — дейт күлүп.

23-июлда башталган эстрада аткаруучуларынын эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы Ысык-Көлдө "Рух-Ордо" маданий комплексинде өтүүдө. Бүгүн, 25-июлда, сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө байге тапшыруу жана ири гала-концерт менен коштолгон жабылуу аземи болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0