Кыргыз жигиттери мырзанын бейнесин көрсөтүү үчүн Россияга чакырылды

Жазылуу
Калыстар тобу жигиттерди вокалдык таланты, улуттук кийимди кие билүүсү, улуттук тамак-ашты даярдашы, өз элинин үрп-адатын билиши боюнча баалайт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын Ульяновск облусунун администрациясы Кыргызстандын жигиттерин Эл аралык "Мистер Этно-2015" жаштар конкурсуна катышууга чакырып жатканын Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Оштогу мыкты кыргыз тилчи эжей Daewoo Matiz унаасы менен сыйланды
Сынак үстүбүздөгү жылдын 24-26-сентябрында Ульяновск шаарында өтөт. Талап боюнча, катышуучулар 18ден 30 жашка чейинки куракта болуп, эне тилин, улуттук музыкасын, бийин, каада-салтын жана ашканасын билиши керек.

Маалыматта айтылгандай, конкурс КМШ жана Россия элдеринин тарыхы жана маданияты менен тааныштыруу, ошондой эле бүгүнкү күндүн мырзасынын бейнесин жаратуу максатын көздөйт.

Калыстар тобу жигиттерди вокалдык таланты, жатыктыгы, улуттук кийимди кие билүүсү, улуттук тамак-ашты даярдашы, өз элинин үрп-адатын билиши боюнча баалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0