"Сүтактын" премьерасы Кыргызстанда 23-августта өтөт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүү"Сүтактын" премьерасы Кыргызстанда 23-августта өтөт
Сүтактын премьерасы Кыргызстанда 23-августта өтөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Чехиянын Карловы Вары шаарында өткөн "А" классындагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлүп, FEDEORA европалык киносынчылардын байгесине татыган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасынын премьерасы Бишкекте 23-августта өтө турганын Sputnik агенттигине фильмдин авторлору билдирди. 

Кыргызстандын "Топурагы" Кипрге барат
"Сүтак" – адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тасма.

Фильм "Айтыш-фильм" тарабынан "Ой Арт" студиясы менен биргеликте тартылган.

Кыргыз режиссеру Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Чехиянын Карловы Вары шаарында өткөн "А" классындагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлүп, FEDEORA европалык киносынчылардын байгесине татыган.

Тасманын эл аралык сынактарга катышуусу үчүн чакыруулар ушу кезге чейин түшүп жатат. Ага ылайык, эми "Сүтак" Израилдин Хайфа шаарында, Германиянын Висбаден жана Анапа шаарларында өтө турган кинофестивалдарда көрсөтүлөт.

"Дүйнөлүк дистрибьютер PLUTOFilmInternational менен келишим түзгөнүбүз да биз үчүн абдан чоң мааниге ээ. Эми бул уюм тасманын мындан аркы жайылтылышын жана дүйнөлүк прокат маселесин өзү колго алат", — дешти авторлор.

Дүйнөлүк дистрибьютер менен иштешүү кыргыз киносу үчүн сейрек кездешүүчү көрүнүш. Бул Кыргызстанды чет өлкөдө даңазалоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0