Эгемендик күнүнө карата Бишкекке Билан, Брежнева, Лепс келет

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЫрчы Вера Брежнева. Архив
Ырчы Вера Брежнева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендик күнүнө карата уюштурула турган майрамдык концерт кечки саат 6:30дан түн ортосуна чейин Ала-Тоо аянтында өтөт.

БИШКЕК, 24-авг — Sputnik. Эгемендик майрамынын урматына уюштурулуп жаткан концертке Россиянын эстрада жылдыздары келе турганын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Майрамдык концерт 31-августта кечки саат 6:30дан тарта түн ортосуна чейин Ала-Тоо аянтында өтөт. Кыргызстандыктардын маанайын Дима Билан, Григорий Лепс, Вера Брежнева жана "Город 312" тобу көтөрөт. Россиялык эстрада жылдыздары боюнча кенен маалыматты мэрия кийинчерээк билдирмекчи.

31-августта күндүз борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар өтөт. Кыргызстандыктарды президент Алмазбек Атамбаев, шаар мэри Кубанычбек Кулматов жана өкмөт мүчөлөрү куттукташат.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта СССРдин курамынан чыгып, өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0