Кыргызстандын эгемендиги сүрөттөрдө көрсөтүлөт

Жазылуу
Көргөзмөдө мамлекеттин эгемендигине байланыштуу 130дан ашуун экспонат, 24 жылдан берки чогултулган фотоматериалдар, музей фондунан алынган архивдик материалдар, макалалар тартууланат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде 28-август күнү "Кыргызстандын көз карандысыздыгы" аттуу көчмө көргөзмө ачыла турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн ачылыш аземи саат 10.00дө башталат. 

"Көргөзмөдө мамлекеттин эгемендигине байланыштуу 130дан ашуун экспонат, 24 жылдан берки чогултулган фотоматериалдар, музей фондунан алынган архивдик материалдар, макалалар тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Көргөзмө бир айга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0