Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалына 15тен ашуун өлкөнүн өнөрпоздору катышат

Жазылуу
Этношаарчада кыргыздын улуттук каада-салты, тамак-ашы, кол өнөрчүлүгү, улуттук оюндары тартууланат. Симпозиумда айтылып, талкуулангандардын баарын чет жактан келгендер өз көзү менен көрүп, керек болсо, катышып кетүүгө мүмкүнчүлүк алышарын уюштуруучулар белгилейт.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкекте 4-6-сентябрь күндөрү "Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалы" өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Фестивалдын негиздөөчүсү Дамира Алышбаева аталган иш-чара биринчи жолу 2006-жылы өткөрүлгөнүн белгилеп, ар бир үч жылда уюштуруп туруу пландалганын белгиледи.

"Айрым себептерге байланыштуу экинчи ирет бул фестивалды 2011-жылы өткөргөнбүз. Эми быйыл да жакшы деңгээлде өткөрүү үчүн даярдык көрүлүп жатат. Учурда 15тен ашуун мамлекеттен меймандарды күтүп жатабыз", — деди Алышбаева.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда манасчылардын, чет элдик жана жергиликтүү илимпоздордун катышуусу менен илимий-практикалык симпозиум өтүп, манасчы-дастанчылардын конкурсу башталат. Ошол эле күнү Ала-Тоо аянтында "Кыргыз көчү" аттуу этношаарча ачылып, 20дан ашуун боз үй тигилет. 

"Этношаарчада кыргыздын улуттук каада-салты, тамак-ашы, кол өнөрчүлүгү, улуттук оюндары тартууланат. Симпозиумда айтылып, талкуулангандардын баарын чет жактан келгендер өз көзү менен көрүп, керек болсо, катышып кетүүгө мүмкүнчүлүк алышат", — дейт иш-чаранын уюштуруучулары.

Кечинде "Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалынын" салтанаттуу ачылышы болуп, анда "Маданий ар түрдүүлүктүн парады" аттуу театрлаштырылган оюн-зоок өтөт.

Түндүк алдына тизилген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз көчүндө" түндүк көтөрүлүп, боз үй тигилет
5-сентябрда манасчылардын конкурсу уланып, кечинде кыргыз улуттук драма театрында "Кыз Сайкал" спектакли тартууланат. 

Фестивалдын акыркы күнүндө, 6-августта иш-чаранын катышуучулары жана чет элдик меймандар Чүй облусунун жашоочулары менен жолугат. Ал эми кечинде Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында гала-концерт өтүп, мыкты манасчы, дастанчы, мыкты боз үй сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Чет элдик меймандар Кыргызстандан 7-сентябрь күнү кетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0