Айтматовдун белгисиз жактарын окурмандарга айтып бере турган китеп чыкты

© Sputnik / Борис Кауфман / Медиабанкка өтүүКыргыз жазуучусу Чынгыз Торекулович Айтматов. Архив
Кыргыз жазуучусу Чынгыз Торекулович Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепке Айтматовдун Акматалиевге жазган каттарынын түп нускалары да кирген.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов туурасында дагы бир эскерүү китеби жарык көрдү. Адабият таануучу Абдылдажан Акматалиевдин "Этюды об Айтматове" деген китеби "Бийиктик плюс" басмасынан орус тилинде чыкты. 

Китептин автору Чыңгыз Айтматов менен жыйырма сегиз жылдык байланышта болгон.

"Автор Чыңгыз Айтматов менен кездешкен күндөрүн чагылдырган. Күндөлүктө Чыңгыз Айтматовдун турмуштагы жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, акыйкаттыгы жөнүндө айтылып, окурмандар үчүн анын белгисиз жактары кеңири ачылып берилет", — деп айтылат Илимдер академиясынын маалымат кызматы тараткан кабарда. 

Китепке Айтматовдун Акматалиевге жазган каттарынын түп нускалары да киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0