Венециядагы кинофестивалда кыргызстандык режиссердун "Сейде" тасмасы көрсөтүлдү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүВенецияда өтүп жаткан эл аралык кинофестивалга келген актер. Архив
Венецияда өтүп жаткан эл аралык кинофестивалга келген актер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Осмоналиеванын тасмасы буга чейин калыстар жана маалымат каражаттары үчүн тар чөйрөдө көрсөтүлүп келсе, бүгүн үч ирет жалпы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Венецияда өтүп жаткан эл аралык кинофестивалга катышып жаткан кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын "Сейде" аттуу тасмасы бүгүн, 11-сентябрда кеңири аудиторияга тартууланып, калыстардын сынына коюлду. Бул тууралуу Кинематография департаментинин өкүлү, кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Венецияда өтө турган эл аралык кинофестивалга кыргызстандык тасма катышат
Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 2-сентябрда башталган. Кыргызстандык тасма мындай абройлуу сынакка алгачкы жолу катышып жатат. "Сейде" фильми фестивалдын "Горизонты" аттуу конкурстук программасына киргизилген.

Төлөмүшованын айтымында, Осмоналиеванын тасмасы буга чейин калыстар жана маалымат каражаттары үчүн тар чөйрөдө көрсөтүлүп келсе, бүгүн үч ирет жалпы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат.

"Ушу тапта "Сейде" тасмасынын биринчи көрсөтүүсү аяктады. Алдыда дагы эки көрсөтүү бар. Ошону менен фестивалдын жыйынтыгы чыгып, эртең жабылуу аземи болот", — деди кино таануучу.

Венецияда 72-ирет өтүп жаткан Эл аралык кинофестиваль Канны жана Берлин менен бирге дүйнөдөгү абройлуу иш-чаралардын бири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0